Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:04

Ошко бөлүнгөн акчаны Жээнбековдор кайда жумшаган?


Ош, 14-июнь, 2010-жыл
Ош, 14-июнь, 2010-жыл

Ош милициясынын мурдагы жетекчиси Абдылда Капаров Оштун губернатору Сооронбай Жээнбековду "2010-жылы өкмөт бөлгөн 3 млн. долларды июнь окуясына жумшаган болушу мүмкүн" деп айыптоодо.

Капаров ага-ини Жээнбековдор коогалаң алдында 150дөй автомат жана 50дөй тапанчаны элге таратканын да ушуга байланыштырды. Сооронбай Жээнбеков бул айыптоону төгүндөп, Абдылда Капаровду соттон утуп алганын айтууда.

3 млн. долларга байланыштуу окуя 2013-жылы башталган. Ноябрь айында Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековду коргоо боюнча Ошто өтүп жаткан митингде Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдылда Капаров билдирүү тараткан. Анда ал “Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков 2010-жылы Бишкектен келген 3 млн. долларды жок кылып жибергенин” жарыялаган. Мындай билдирүүсүн ал кийин бир нече гезиттерге берген маегинде да ачык айткан болчу.

Автомат, тапанча, ок-дарысы менен сураганда мен бербей койгом.

- Бакиевдин бийлиги кетип, Ошто башаламандык өкүм сүрүп турган. Ошо кездеги өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотонов аймактан кабар алганы келген экен. Мен ага саясий кырдаалдын оордугун, милициянын кыйналып жатканын, Таластан жана Бишкектен жараат алып күчүбүз майышып турганын, тамак-аштан, күйүүчү май жана дары-дармектен кыйналып жатканыбызды айттым. “Ошол эле маселеби?” деп, бир капты ачып, 5 млн. сомду көрсөттү. “Азыр губернатордун кабинетинде акчаны аласыз” деди. Макул болуп, бир-эки кызматкерим менен барсам, Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдор “Капаровго акчаны эмнеге айттың?" деп Чотоновду уруша баштады. Анан мен “акчаны тартипке бересиңерби?” десем, “бул башка багытта келген” деп мени кетирип жиберишкен.

Эми Капаров 2010-жылкы кандуу окуялардын башталышына да ушул каражаттар жумшалган болушу мүмкүн деген билдирүү таратты:

- Мен айтып жаткан 5 млн. сом Ошко келген 3 миллион доллардын бир бөлүгү гана. Бул тууралуу ошо кездеги өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров “Арена” гезитине курган маегинде тастыктаган болчу. Сотторго рахмат, акча Ошко келгендиги, бирок тартипке, милицияга жумшалбаганы далилденди. Убактылуу өкмөт 3 млн. долларды Жээнбековдун үй-бүлөсүнө бердиби? Албетте жок. Анда кан төгүүгө жумшалдыбы? Бул суроонун башы ачык бойдон калууда. Балким Оштогу июнь коогалаңында кан төгүүгө жумшалган акча мына ошол 3 млн. доллар болуп жүрбөсүн.

Абдылда Капаров
Абдылда Капаров

​Капаров мындай пикирин өзүнүн дагы башка жүйөлөрү менен бекемдейт. Капаров "2010-жылкы кандуу окуянын алдында ага-ини Сооронбай жана Асылбек Жээнбеков калкка курал тараткан" деди:

- Жээнбековдор 2010-жылдагы Ош коогалаңы башталган учурда менден бир нече ирет курал-жарак сурашкан. Автомат, тапанча, ок-дарысы менен сураганда мен бербей койгом. Мен милициянын куралын бирөөгө берип жибергидей жинди эмесмин. Мен бербей койсом булар башка жактан курал-жарак таап, элге таратышыптыр. 150дөн ашык автомат жана 20дан ашык тапанчаны ок-дарысы менен таратып жаткан жеринен мен барып алып коеюн десем жашырып коюшкан. Коогалаңда каза болгон миңдеген адамдардын өлүмүнө мына ошол куралдардын тиешеси бар же жок экендигине азыркы күнгө чейин юридикалык баа бериле элек. Булар ал автоматтар менен кыргыз элин атканбы, башкасын атканбы, же Кара-Кулжасына барып алып кийик атышканбы - мунун баарын тергеп, такташ керек.

Асылбек Жээнбеков, Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, 7-апрель, 2012-жыл
Асылбек Жээнбеков, Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, 7-апрель, 2012-жыл

Ал ушундай эле билдирүүсүн Бишкекте өткөн оппозициянын курултайында да айтканы бар. Аны кийин депутат Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңештин трибунасында жарыя кылып, Асылбек Жээнбеков муну доомат деп четке каккан.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков да бул маалыматтардын баарын төгүндөп жатат:

- “150-170 автомат, 20-50 тапанча таркаткан” деген бул абдан чоң айыптоо. Бул боюнча күч органдары тез арада иликтеп чыгып, маалымат беришсин. Эгер чындап бирөө таркаткан болсо алар далилдесин, болбосо муну жок жерден ойлоп таап, куру доомат жаап аткан Абдылда Капаровду жоопкерчиликке тартсын. Эмне үчүн бирөө айтып коюп, жаманатты кылып коюп жүрө бериши керек? Ал жалган айтса жоо бериши керек да. Мунун баары бизди, Жээнбековдорду каралоо үчүн жасалып жаткан иштер. Булар КСДПны шайлоодон жеңүү үчүн, парламентке келтирбөө үчүн жасалып жаткан аракет. Абдылда Капаровдун, Равшан Жээнбековдун артында турган адамдар бар, ошолор бул кара пиардын баарын атайылап уюштуруп жатышат. Мен да, Асылбек Жээнбеков да эч кандай, эч жакка курал таркаткан эмеспиз. Бул таптакыр жалган сөз.

Соттон сотко өткөн айыптоолор

“3 миллион доллар” боюнча Сооронбай Жээнбеков Абдылда Капаровду сотко берип эки инстанциядан утуп алган. Кадыр-баркына доо кетиргендиги үчүн ал 1 млн. сом компенсация сурап, аны жетимдер үйүнө которуп коюуну өтүнгөн. Облустук сот Капаровду 50 миң сом айыпка жыккан. Бирок алардын талашы Жогорку Сотто да уланышы мүмкүн.

Бул жолку курал-жарак боюнча коюлуп жаткан айыптоо үчүн да Жээнбековдор Абдылда Капаровду дагы сотко бергени жатышат.

- Капаров “демократия, демократия” деп эле оозуна келгенин айтып, жөн эле жалаа жаап атат. Муну эми сотко берсең, ал бир аз айыпка жыгып коет экен, андан ары эч нерсе кыла албайт экенсиң. Ошол 50 миң сомду да Өзгөндүн Мырза-Аке айылындагы жетим балдар үйүнө которуп кой деген элек, анысын да бербей качып жүрөт. “Чотонов милицияга алып келген акчаны Жээнбековдор алып жок кылып жиберген" деген сөзүн сотто деле далилдей алган жок. Ал ММКга бирди айтып, сотко киргенде башка нерсени айтып жатат. Чотонов өзү да сотко түшүнүк кат жазып, 2010-жыл эмес, башка мезгилде да бизге 5 млн. сом бербегенин айтты. Шаардык сот да, облустук сот да Капаровдун айтканы жалган деп чечим кабыл алды. Мындан сырткары Башкы прокуратурадан, Жогорку Кеңештен текшерип, эч нерсе жок экендигин айтып кетишти. Эми болсо “курал-жарак таркаткан” деп атат. Мен да, иним Асылбек Жээнбеков да Абдылда Капаровду сотко беребиз.

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Ошто тартипти көзөмөлдөө үчүн 5 млн. сом каражат бөлүнгөнүн айтып чыккан Убактылуу өкмөттүн укук коргоо боюнча куратору Азимбек Бекназаров анда башка каражаттар жөнүндө маалымат жоктугун “Азаттыкка” берген маегинде айтты:

- Ошол кезде облустарда тартипти калыбына келтирүү үчүн каражат бөлүнгөн. Каржыны тейлеген Темир Сариев керектүү сумманы облустарга жөнөтүп аткан. Ошондо Ош облусуна 5 млн. сом, Жалал-Абад облусуна 5 млн. сом бөлдүртүп бергем. Апрелдин башталышында банктар иштебей калган. Жеке өзүм акчаны алып, Исмаил Исаков аркылуу Ошко 5 млн. сом берип жибергем. Исаков менен Дүйшөн Чотонов чогуу Оштун губернатору Сооронбай Жээнбековго ошол акчаны тапшырган. Жалал-Абадга болсо жардамчым Самсалы Четимбаев алып барып, губернатор Бектур Асановго тапшырган. Алар каякка жумшады, кандай жумшады - бүт баары боюнча өкмөткө отчет беришкен. Бирок Капаров айткан 3 млн. доллар жөнүндө эч нерсе билбейт экем. Мен аны четке да кага албайм, берилген деп да айта албайм, анткени мен жеке өзүм ал акчаны көргөн эмесмин.

Милициянын полковниги Абдылда Капаров 2010-жылдын апрель айынан июнь айына чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган. 13-июнда Сооронбай Жээнбеков менен келишпестиктен улам кызматынан четтетилген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG