Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:06

"Интернет сүйүү": Сириядан баш кошобуз


"Ислам мамлекетинин" катарына Кыргызстандан отуздай аял кошулуп кеткен. Иллюстрациялык сүрөт.
"Ислам мамлекетинин" катарына Кыргызстандан отуздай аял кошулуп кеткен. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Куляб шаарынын тургуну Манзура интернеттеги Одноклассники тармагы аркылуу Сирияда экстремисттердин катарында согушуп жүргөн жигит менен таанышып, аз жерден ал жакка кетип кала жаздаган.

20 жаштагы Манзура интернеттеги Одноклассники социалдык тармагынан Фирузи Мужохид аттуу ысым менен катталган жигит менен жарым жылдай мурда таанышкан. Экөөнүн кат алышуусу көп өтпөй виртуалдык сүйүүгө айланат. Жигит Манзурага “бейиштей болгон өлкөдөмүн” деп, кайда жүргөнүн жашырган.

Жигит "сени чакыртып алам, билет сатып алууга керек" деп Манзурадан паспорттук маалыматтарды да алган.

Кийин Манзура жигитинин чыныгы аты Умар, ал Дүйшөмбүдөн экенин билген.

- Ал мага балдай таттуу сөздөрдү айтчу, балким артынан барууга макул да болмокмун. Бирок мен социалдык тармакка бир нече убакыт кирбей калсам, ал Дүйшөмбүдөн 21 жаштагы башка кызды чакыртып кетиптир, - деген Манзура "ашыгынын" Сириядагы “Ислам мамлекети” радикалдык уюмунун туусун кармап түшкөн сүрөтүн көрсөттү.

Тажикстандын түштүгүндөгү Куляб районунда жашаган Манзура анын бир кездеги виртуалдык жигити интернет аркылуу башка кызды азгырып жүрүшү мүмкүндүгүн четке какпайт.

- Ал мага "мына, сен келбей койгон үчүн башка кызды чакыртып алдым. Эгер экинчи аял болууга макул болсоң келе бер" деди. Мен баш тарттым.

Соңку маалыматтарга ылайык, “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна Кулябдан он адам үй-бүлөсү менен кошулуп кеткен.

Жакында эле Ховалинг айылынын тургуну, 24 жаштагы Ширинмох аттуу кыздын атасы Ражабали Исломов “Азаттык” радиосунун тажик кызматына кызы Сириядагы жигитине кетип калганын, анын алдында башы телефондон чыкпай калганын айтып берген.

Тажикстанда Одноклассники, Фейсбук социалдык тармактарын негизинен жаштар арбын колдонот.

Кулябдык Мухаммади Исмоилдин баамында, жергиликтүү интернет кафелерде жаштар Одноклассники тармагына көбүнчө өз түгөйүн табуу үчүн катталышат.

Интернет аркылуу Сириядагы экстремисттердин катарында согушуп жүргөн жердештеринин тилине кирип, ал жакка аттанып кеткен кыздардын саны Түндүк Кавказда да өсүүдө.

20-апрелде Нальчикте Чеченстандын Урус-Мартынов айылынын тургуну, 18 жаштагы Петимат Ойсаева Түркияга учар алдында кармалды.

“Кавказ түйүнү” агенттиги жазгандай, Петиматтын Түркия аркылуу Сирияга өтүп кетери ички иштер органдарына алдын ала маалым болгон. Учурда бул окуя боюнча тергөө жүрүп жатат.

Апрель айынын башында ушул эле Нальчикте дагы бир 18 жаштагы москвалык кыз кармалган. Ал Кабардин-Балкар жумуриятындагы WhatsApp аркылуу мусулманча никеге турган жигитине келгенин, андан ары экөө Сирияга жихадга бет алууну көздөшкөнүн коопсуздук күчтөрүнө айтып берген.

Учурда Түндүк Кавказда аялдарды Сирия жана Ирактагы согуш майданына жөнөтүүгө көмөк көрсөткөн каналдар иликтенүүдө.

Ирак жана Сириядагы “Ислам мамлекети” радикал уюмунун катарында канча аял бар экени боюнча азырынча так маалымат жок.

“Стратегиялык диалог институту” иликтөө борборунун декабрь айында жарыяланган баянында Батыш Европадан 550 аял кеткени жазылган.

Казакстандын бийлиги да өткөн жыл аягында “Ислам мамлекети” радикал уюмунун катарында согушуп жүргөн үч жүз казакстандыктын жарымы кыз-келиндер экенин белгилеген.

Ал эми Кыргызстандан отуздай аял кеткенин өлкөнүн вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиев 20-апрелде билдирген.

София университетинин саясий илимдеринин доктору Татьяна Дроздина "Ислам мамлекетинин" чакырыгына баш ийип, "жихад-ал-никах", башкача айтканда, “махабат жихадына” баргандар согушкерлерге күйөөгө тиет же "жихадчылардын" жоокердик духун көтөрүү үчүн алардын жыныстык муктаждыктарын канааттандырган аялдарга айланышат деп чечмелеген.

XS
SM
MD
LG