Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:03

Лорд: Жаңы өкмөт менен кызматташабыз


Лорд Клэнвильям, Мартин Грэхем жана "Азаттыктын" журналисти Бакыт Асанов, 23.04.2014
Лорд Клэнвильям, Мартин Грэхем жана "Азаттыктын" журналисти Бакыт Асанов, 23.04.2014

“Центерра Голд” компаниясынын бир катар акционерлери ишкананын учурдагы башкаруучуларын алмаштырууну колдойт. Бул тууралуу кызматтан кеткен премьер-министр Жоомарт Оторбаевге кат жолдогон британ ишкерлери Лорд Клэнвильям менен Мартин Грэхем “Азаттыкка” маегинде билдирди. Алар “Центерра Голддун” көпчүлүк акциясына ээ болуп, компаниянын менеджментин алмаштырууга даяр экенин айтышат.

"Азаттык": Кумтөр кенин иштетүү боюнча премьер-министр Жоомарт Оторбаевге кат жолдоп, сунуш жөнөттүңөр эле. Бирок кечээ Оторбаев парламентте отставкага кетерин жарыялады. Бул жаңылыкты кандай кабыл алдыңыздар?

Л.Клэнвильям: Премьердин отставкасы тууралуу жаңылык биз үчүн күтүүсүз болду. Чындыгында эле биз Оторбаев мырзага кат менен кайрылганбыз. Ал киши бизди 22-апрелде кабыл алган. Кумтөрдүн айланасындагы маселелер боюнча сүйлөшүп талкуулаганбыз. Ал эми бизге болсо “Центерра Голддун” директорлор кеңешинин курамына кирүү тууралуу сунуш менен аталган компаниянын миноритардык акционерлери кайрылган. Биз кыргыз өкмөтү жана “Центерра Голддун” ортосундагы мамилени эске алып, Кумтөрдөгү абалды көрүп, кыргыз өкмөтүнө кызматташуу тууралуу кат жолдодук. Кыргыз өкмөтү бизге колдоо жана ишеним көрсөтсө, кендин жана ишкананын ортосундагы жаралган кырдаалды жөнгө салалы деген планыбыз бар.

Биз “Центерранын” миноритардык, көз карандысыз акционерлери кайрылганы үчүн келип отурабыз. Жаңы өкмөт менен да бул сунушту ишке ашырууга даярбыз.
Мартин Грэхем

"Азаттык": Эми Оторбаев мырза кызматтан кеткен соң сунуш ишке ашпай калат деген чочулоо жокпу? Кийинки өкмөт менен аны ишке ашырууга даярсыздарбы?

М.Грэхем: Биз бүгүн Жоомарт Оторбаевдин отставкасы тууралуу уктук. Бирок ал премьер-министрдин милдетин аткаруучу катары иштеп турат экен. Жогоруда белгиленгендей, бизге “Центерранын” миноритардык, көз карандысыз акционерлери кайрылганы үчүн келип отурабыз. Ал эми жаңы өкмөт менен бул сунушту ишке ашырууга даярбыз.

"Азаттык": Сиздер тууралуу Кыргызстанда учкай гана маалымат айтылып, коомчулукта ар кандай сөздөр тарап жатат. Дегеле Британияда эмне менен алектенесиздер? Кумтөргө кандайча кызыгып калдыңыздар жана кат жолдоого эмне негиз болду?

Л.Клэнвильям: Өзүм тууралуу айтсам, тоо кен иштетүү тармагында бай тажрыйбам бар. Орусиядагы Polyus Gold алтын компаниясынын директорлор кеңешине сегиз жыл мүчө болгом. Ал алтындын запасынын көлөмү боюнча дүйнөдөгү үчүнчү ири компания. Ал эми алтын өндүрүү боюнча дүйнөдө 10-орунду ээлейт. Ошондуктан Кумтөр сыяктуу ири кендерде иштеп, бай тажрыйба топтогом деп айтсам болот. Мындан сырткары Eurasia Drilling Company мунай компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсүмүн. Дүйнөлүк фондулук биржаларда да активдүү иш алып барам. Кыргызстанга экинчи жолу келишим. Биринчи жолу 2009-жылы мото жүрүш жасап келип кеткем.

М.Грэхем: Мен банк жана инвестиция боюнча адисимин. Лондондо капитал жана акцияларды башкаруу жаатында иштеп келем. Лондон фондулук биржасында экинчи орунда турган адисмин деп сыймыктануу менен айта алам. Биз ар кыл эл аралык компаниялардын акцияларын фондулук биржага чыгарып, сатууга консультация берип келебиз. Мындан сырткары корпоративдик башкаруу боюнча адис болгондуктан, Кумтөрдүн айланасындагы абады көрүп, бул кенди башкаруу боюнча Кыргызстанга жардам берүүнү кааладым.

"Жаңы өкмөт менен кызматташууга даярбыз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:29 0:00


"Азаттык": Кыргызстан менен бирге “Центерра Голддун” 51% мажоритардык акциясына ээ болуп, компаниянын менеджментин алмаштырууну сунуштадыңыздар. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 33% гана акциясы бар. Көпчүлүктү түзүү үчүн дагы 18% акция керек. Сиздерде “Центерранын” миноритардык акциялары барбы? Эгер жок болсо кандай жол менен ээ болуу планыңар бар?​

Л.Клэнвильям: Жогоруда айткандай, бул жакка келүүбүзгө бизге “Центерранын” миноритардык, көз карандысыз акционерлери кайрылганы себеп болду. Алар Кыргызстан сыяктуу эле “Центерра Голддун” учурдагы менеджментинин ишине нааразы. Ошондуктан, биз дагы кошумча колдоо жана добуш алуу үчүн Кыргызстанга келип отурабыз. Ушундан кийин гана кыргыз өкмөтүнө кат жолдодук. Кумтөрдүн алтыны акционерлердин да, кыргызстандыктардын да пайдасына иштесин деген тилегибиз бар. Анткени кыргыз тараптын “Центерра Голддун” учурдагы менеджментинине ичи чыкпаганын билебиз.

М.Грэхем: Канадада бул компаниянын директорлор кеңеши жакшы иштебей жатат деген дооматтар көп. Аны бир катар акционерлер айтып жатат. Ал эми 18% акция боюнча - ошончо акцияга ээ болобуз деген ишеним бар. Анткени биз бул жакка келердин алдында миноритардык акционерлер менен бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Алар дагы компанияны көз карандысыз менеджмент башкаруусуна кызыкдар.

"Азаттык": Эгер мындай план ишке ашса, Кыргызстан менен биргеликте Кумтөрдү кандай негизде иштетүүнү пландап жатасыздар? Кыргызстан үчүн пайдалуу келишим болот деп кепилдик бере аласыздарбы?

Л.Клэнвильям: Кыргыз өкмөтү менен тил табышабыз деп үмүттөнөм. Анткени бул биздин негизги максаттардын бири болуп саналат.

М.Грэхем: Биз Кыргызстанга жаңы план, жаңы көз караш менен келдик. Бирок биз директорлор кеңешине бекигенге чейин кандайдыр бир билдирүүлөрдү жасоону туура эмес деп ойлойбуз. Анткени, бул үчүн атайын стратегия даярдап чыгуу зарыл.

“Центерра Голддун” учурдагы башкаруучулары абдан начар иштеп, компаниянын иши кыйын абалда турат. Кыргызстандын негизги байлыгы - Кумтөр кенинин абалы начар, абдан начар десек да болот.
Лорд Клэнвильям

"Азаттык": Сунушуңар ишке ашарына ишенесиздерби? Себеби, сиз сунуш жолдогондон тарта көп нерсе өзгөрдү. Сиздер ишенген Оторбаев мырза кызматтан кетти, коомчулукта көп талкуу жаралды.

Л.Клэнвильям: Мен бул жаатта кандайдыр бир жыйынтыкка жетишебиз деп ишенем. Анткени, “Центерра Голддун” учурдагы башкаруучулары абдан начар иштеп, компаниянын иши кыйын абалда. Кыргызстандын негизги байлыгы - Кумтөр кенинин абалы абдан начар десек болот. Ошондуктан, биз абалды оңдоого жардам берип, бул компания эки тарапка тең пайда алып келчүдөй шарт түзө алабыз деген ишенимдебиз.

"Азаттык": Сиздер сүйлөшүп жаткан Оторбаев мырза кызматтан кетпедиби? Жаңы премьер-министр силердин талапкерлигиңерди тандабай коюшу мүмкүн да?

Л.Клэнвильям: Албетте, мындай болушу мүмкүн. Эгер андай болсо биз директорлор кеңешине мүчө болбойбуз жана абалга таасир эте албайбыз. Ал эми Кумтөр кыргыз элинин кенчи деп атасак болот. Ал Кыргызстанга пайда алып келиши үчүн аны башкарган компания дагы ишинде бир катар өзгөртүүлөрдү жасашы керек. Ошол эле учурда Жоомарт Оторбаев отставкага кеткен күндө да элге пайдасы тийет деп үмүттөнөм.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG