Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Кумтөрдү улутташтыруу убайымы


Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Чыныбай Турсунбеков
Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Чыныбай Турсунбеков

Парламенттеги коалициялык кеңеш Кумтөр боюнча премьер-министрдин сунушун колдоду. Бирок улутташтыруу маселесинин айынан бир чечимге келген жок.

Коалициялык кеңеш 17-апрелдеги жыйында бир чечим даярдап, аны кийинки аптада парламенттин жалпы жыйынына алып чыгышы керек болчу.

“Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов кеңештин чечиминде улутташтыруу боюнча позиция так көрсөтүлүп, бул демилгеден толук баш тартары айтылышы керек деп чыкты:

- Биз мындай чечимге үчөөбүз тең кол коюшубуз керек. "Биз улутташтырууга каршы" деп так жазышыбыз керек. Биз кошумча варианттарды катып отурбашыбыз керек. Кеп Кумтөр долбоорунун, биздин эле эмес, бардык акциялардын коопсуздугу тууралуу сөз болуп жатат. Биз улутташтырууга барбайбыз деп ачык айтышыбыз абзел. Эгер азыркы аракеттер майнап бербей турган болсо, бул анда башка маселе болот.

Куловдун Кумтөрдү улутташтыруудан толук баш тартуу сунушун Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков да колдоду:

- Эл бизге ишенип, ушул жакка алып келгенден кийин бул маселеге чекит койбойлубу. Позициябызды так, даана айтпайлыбы. Биз “Центерраны”, Аткинсонду коркута алган жокпуз. Өзүбүздүн элибизди гана түйшүккө салып жатабыз. Өкмөттүн башчысы улутташтыруу болбойт деп жатат. Биз Жоомарт Оторбаевге ишенип, өкмөт башчы кылып шайлагандан кийин анын жүйөлөрүнө да ишенели. "Ал да керек, бул да керек" деп талтайып туруп алсак, эч нерсе чече албайбыз. Бул жерде кандайдыр бир оюн болуп жатат. Келгиле, бир чечимге келип, аягына чыгалы. Эл да тынчысын.

Кумтөрдү улутташтырууну коалициялык көпчүлүктүн үчүнчү мүчөсү – “Ата Мекен” фракциясы жактап келет. Атүгүл атайын мыйзам долбоор даярдап, коомчулуктун талкуусуна койгон, өкмөткө, парламентке жөнөткөн. Аталган фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев улутташтырууну үчүнчү вариант катары калтырып, жокко чыгарбоо керектигин айтууда:

- Биз Жоомарт Оторбаевдин вариантын колдойлу эле деп жатабыз. Коалициялык кеңештин чечимине улутташтырууга каршыбыз, же каршы эмеспиз деп жазуунун кереги жок. Жөн гана "премьердин сунушун колдойбуз" дешибиз керек. Биз өзүбүздө ынтымак болбосо, бүгүн эле улутташтырып жибере албайбыз, башка варианттарды да аракет кылып көрө берели. Бирок улутташтыруу дагы бир вариант болуп тура берсин деп жатабыз.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Натыйжада "атамекенчилерге" Кумтөрду улутташтыруу боюнча позициясын дагы бир жолу тактап келүүгө бир жума мөөнөт берилди.

Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча премьердин сунушун 9-апрелде талкуулаган. Анда Жоомарт Оторбаев үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү азыркы шартта мүмкүн эместигин айтып, “Центерра Голд” компаниясынын башкаруу системасына аралашуу жолу менен абалды оңдоону сунуштаган. Тактап айтканда, “Центерранын” директорлор кеңешинин курамын өзгөртүүнү, Кыргызстандын атынан чет өлкөлүк жети жаранды сунуштаган. Премьердин бул сунушу кескин сын жаратып, анын отставкасын талап кылгандар да чыккан.

XS
SM
MD
LG