Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

“Боко Харам” уюму ИМ тобуна кошулганы кабарланды


"Боко Харамдын" мүчөлөрү. Нигерия.
"Боко Харамдын" мүчөлөрү. Нигерия.

ИМ тобу “Боко Харамдын” мүчөлөрү ант берип жаткан аудио маалыматты жарыялады. Анда уюм көзөмөл кылган африкалык мусулмандар ИМ тобуна баш ийгени айтылган. “Боко Харам” Халифат курууну көздөгөн ИМ тобуна кошулганын Твиттердеги баракчасына ишемби күнү жазган болчу. Азырынча бул маалымат көз карандысыз булактардан тактала элек.

Бул аралыкта Иракта аскерлер Тикритти дээрлик ээлегени айтылууда. Маалыматтарга ылайык, аскерлер менен катар артиллерия, учак, тикчумалар жандаган шиит согушкерлери Тикриттин түндүк, түштүк, батыш оодандарын алууга жетишти.

Шиит согушкерлеринин кол башчысы Моен ал-Кадхими СNN телеканалына 11 күндөн берки чабуулда шаардын 75 пайыздан ашыгы өкмөттүн көзөмөлүнө өткөндүгүн билдирди. Ал шаардын калган аймагы "Ислам мамлекети" тобунун 150 согушкеринин колунда турат деди.

XS
SM
MD
LG