Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Оторбаев казак премьери менен жолукту


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Астанага жасаган иш сапарынын алкагында казак өкмөт башчысы Карим Масимов менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, эки өлкө өкмөт башчылары энергетика, соода, өнөр жай, транспорт, чек ара кызматташтыгы боюнча маселелерди талкуулады. Жолугушууда энергетика тармагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулуп, кыргыз тарап быйыл кошумча көлөмдө электр энергиясын сатып алууга кызыкдарлыгын билдирди.

Өткөн аптада Минскте өткөн КМШнын саммитинин алкагында эки өлкө башчылары Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев жолуккан. Анда быйылкы кышта Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алуунун жол-жобосун иштеп чыгуу эки өлкөнүн өкмөттөрүнө тапшырылган. Алдын-ала маалыматтар боюнча, коңшу өлкөдөн 1 миллиард кВт. саат электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Анын баасы 11 теңгенин тегерегинде, же үч сом болушу мүмкүн.(BkA)

XS
SM
MD
LG