Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Лукашенко Орусияны сындады


Беларус менен Орусиянын чек арасы. 2014-жыл.
Беларус менен Орусиянын чек арасы. 2014-жыл.

Беларустун президенти Александр Лукашенко Орусия Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузууда жана Европанын картасын кайра чийүүгө аракет кылууда деп билдирди.

Евразия экономикалык биримдигинин Минск саммити алдында айтылган бул сөздөр, байкоочулардын баамында, таң калтырбай койбойт.

Буга чейин да өзүнүн күтүлбөгөн, адаттан тыш билдирүүлөрү менен айырмаланып келген президент Лукашенко бул жолу да катуу таң калтырды. Евроньюс каналына берген интервьюда ал Орусиянын Европанын картасын өзгөртүү аракетин катуу сындады.

Лукашенко эзелтен келаткан тарыхый дооматтарга ылайык чек араларды ары-бери жылдыруу процесси бир башталса, ошол бойдон токтобойт да монгол-татар эзүүсүнө чейин жетсе, Орусия жок болуп кетиши мүмкүн деди:

- Келгиле, Батый хандын, монгол-татарлардын эзүүсү заманына кайталы. Анда, Казакстан, Монголия жана дагы башка бирөөлөргө Орусиянын дээрлик бардык аймагын, Батыш жана Чыгыш Европанын, Беларустан башка жерлерин бериш керек. Монголдор бизге чейин жетип, бирок тийишкен эмес. Өткөн-кеткенге кайтуунун эмне кереги бар? Чек араларды кайра бычуу болбойт.

Европанын азыркы чек аралары көптөгөн эл аралык келишимдер менен бекемделген жана аларды көңүл сыртында калтырып же жокко чыгара алышпайт, – деп кошумчалады Лукашенко.

Байкоочулар Лукашенконун мындай позициясы жана Казакстандын мисалын келтириши таң калтыраарын белгилешет. Эмне дегенде эки өлкө орус президенти Владимир Путиндин тышкы саясатынын маанилүү багыты болуп эсептелген Евразия экономикалык биримдигине кошулуп, аны сүрөөнгө алган өлкөлөр.

Бейшембиде Казакстан Сенатынын жогорку палатасы биримдик түзүү жөнүндө келишимди карап, жактырды. Маалыматтарга караганда, жыйынга катышкан 44 депутаттын 43ү “макул” деп добуш беришти. Бул мыйзам долбоор 1-октябрда төмөнкү палатада каралып, бир добуштан жактырылган.

Бүгүн болсо үч өлкөнүн президенттери Минскидеги жолугушууда ратификациялык документтер менен алмашышмакчы.

Жаңы уюшма эмки жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт деп күтүлүүдө.

Бирок Орусиянын Украинадагы саясаты мурдагы советтик жумурияттарды чочулатпай койбойт. Август айында салттуу маалымат жыйынында Путиндин “казактардын өз мамлекети эч качан болгон эмес, азыркы Казакстан президент Нурсултан Назарбаев тарабынан түптөлгөн” деген сөздөрү андай чочулоолорго ого бетер жем таштады.

Жогоруда сөз болгон интервью негизинен Киев менен орусиячыл жикчилдердин жаңжалы жана Орусиянын Крымды аннексиялашы айланасында жүрдү.

Лукашенко Украинанын чыгышындагы кризисти жөнгө салуу боюнча өз планын сунуш кылган. Бирок ага оң реакция болгон жок. Интервьюда беларус мамлекет башчысы бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү, олигархтардын эмес, украин элинин каалоосуна ылайык демократиялык жана саясий жараяндарды жүргүзүү туура болмок деди:

- Биз Украина мамлекетинин бүлүнүшүн каалабайбыз. Азыр көптөр бир кездери Крым Украинага туура эмес кошулган, ал байыркы Орусиянын аймагы болчу дешет. Бул – жаңылыш позиция.

Украинанын федерализациясы тууралуу сөз кылып, Лукашенко "украин коому мамлекеттик түзүлүштүн формасын өзү тандоого тийиш. Жана бул жалпы улуттук процесс болушу керек" деди. Саясий талкуулар кайрадан туңгуюкка алып келиши мүмкүн деп эсептейт беларус президенти.

XS
SM
MD
LG