Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:27

Сатылды делген ымыркайдын дайыны жок


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Бишкектеги №1 төрөтканадан жаңы төрөлгөн ымыркай сатылды деген маалымат кызуу талкууга жем таштап, кылмышка шектүү делген врач-гинеколог камакка алынды.

Белгисиз бирөөлөргө сатылды делген ымыркай башкалаадагы №1 төрөтканада, 27-августта жарык дүйнөгө келген. Кыз баланын дайыны 29-августта төрөтканадан чыккандан бери белгисиз. Бул тууралуу наристенин энеси, 21 жаштагы Жалал-Абад тургуну милицияга өзү кабарлаган.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Эрнист Осмонбаев ымыркайдын сатылышына жеке гинеколог-врач шектелип жатканын айтты. Айтымында, жаш эне төрөт алдында камакка алынган врачка көрүнүп жүргөн жана төрөтканадан анын жардамы менен чыккан.

- Бала сатылганы бир канча күнгө созулган иликтөөдөн кийин аныкталды. Бирок бала азыр кайда, кимдин колунда экени белгисиз. Ушуга байланыштуу “адам сатуу”, “документтерди жасоо жана жасалма документ пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Ымыркайды сатууга катыштыгы бар делген жеке акушер убактылуу кармоочу жайга камалды.

Тергөө кызыкчылыгы үчүн кызын жоготкон эненин да, кылмышка шектүү врачтын да аты-жөнү жашыруун калууда. Осмонбаев кошумчалагандай, ымыркайды сатууга №1 төрөткананын ак халатчандарынын катыштыгы бар-жогу азырынча белгисиз.

Деген менен аталган төрөткана жетекчилиги да, саламаттыкты сактоо департаменти да аталган факт тастыкталбаганын айтууда. Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин башкы акушер-врачы Раиса Асылбашева Бишкекте бала сатуу катталбаганын айтып ишендирүүдө.

- Биз өз алдынча териштирдик, бирок бул факт тастыкталган жок. Эми укук коргоо органдары иликтейт да калганын. Шаар боюнча бир да төрөтканада мындай окуя катталган эмес. Анан болбогон факт боюнча эмне деп айтмак элек?

Бала сатууга эмне себеп?

Башкы акушер эгер милиция айтып жаткан факт далилденсе, күнөөлүүлөр жазаланат деп убада кылды.

Кыргызстанда ымыркай сатуу же сатууга аракет кылуу фактысы биринчи жолу катталып жаткан жок. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин башчысы Дамира Ниязалиева ымыркайдын товардай сатылышын айлыктын аздыгынан көрөт.

- Азыр врачтардын айлыгы көбөйгөнү менен инфляциянын эсебинен кайра эле төмөндөп кеткен. Ошондуктан врачтар материалдык кызыкчылыктан улам ушундай жолдорго барып жатышат. Бул маселени комплекстүү түрдө чечүү керек. Бирок ымыркай сатуу коррупцияланышкан система болуп баратат. Ошондуктан аларга катуу чара көрүү керек. Адам сатуу оюнчук эмес да.

Адистер жаңы төрөлгөн наристелерди сатуу же сатып алуу муктаждыгын согончогу канабагандарга бала багып алуу мүмкүнчүлүгү жоктугу менен байланыштырышат. Анткени багаар-көрөрү жок же таштанды балдарды асырап алуу мыйзамдык базанын жоктугунан түмөн түйшүккө айланган.

Өткөн жылдын ноябрь айында №4 төрөтканадан уурдалган ымыркай биртоп ызы-чуудан кийин кайра табылса, ушул жылдын апрелинде 6 айлык ымыркайын 20 миң сомго саткан 17 жаштагы келин Таласта кармалган.

XS
SM
MD
LG