Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:26

"Уулумдун ордуна кызды карматышты"


Араванда ымыркайлардын алмашып калганы боюнча райондук прокуратура иш козгоду.

Райондук төрөтканада көз жарган Нуржан Бекмаматова уулу белгисиз себептер менен кызга алмаштырылып калганын айтууда. Нуржан бул ишке дарыгерлердин тиешеси бар деп шектенүүдө. Ал эми райондук оорукана наристенин ДНКсын чет өлкөдөн текшерилип келгенден кийин гана бул иш бир жаңсыл болорун билдирүүдө.

21 жашка жаңы эле толгон келин Нуржан Бекмаматова биринчи жолу көз жарды. Кесепеттей болуп биринчи жолкусунда эле төрөгөн уулу минтип кызга алмашып кетип отурат:

- Төрөгөндө "кызбы, уулбу?" деп сурасам "уул" деп айтышкан. Кайненем келгенде ага да ошентип сүйүнчүлөшүп, сүйүнчүсүн алышкан. Мен төрөгөнүмдөн кийин бир сутка ордумдан тура албай, өзүмдү билбей жаттым. Карап, баламдын астын алмаштырган жокмун. Анан 2 күндөн кийин эле мага документтерди, баары жокту «уул» деп толтурушуп, колума кызды берип коюшту.

Келинден кабар алганы келгендер бүт баары кубанышып, ымыркайга Нурислам деп ысым да койо салышкан экен. Бирок уул бала кантип кыз балага айланып калганына түшүнүшпөй баштары маң. Бул ишке төрөтканадагы дарыгерлердин тиешеси бар экендигин айтат жаш эне:

- Төрөткөн аялдан баштап, кагаздарды жазган аялдарга чейин бардыгы мен уул төрөгөнүмдү айтып атышат. Күбөлүктү да "уул" деп аласың деп айтып атышкан. Дарыгерлердин бардыгы эле билет муну. Бирок арасынан бирөө жарым кылган болушу мүмкүн.

Нуржанды төрөткөн мээрбандардын бири Афтоп Ахунова да төрөлгөн ымыркай уул экенин өз көзү менен көргөн:

- Дарыгер төрөткөн. Мен жардам берип, ороп, эненин курсагына жаткыргам. Уул төрөлгөн болчу. Эки сааттан кийин кийинтип, медайымга тапшырдым. Кийинтип жатканда деле уул экенин көргөм. Анан кантип 3 суткадан кийин кызга айланып калганына түшүнбөйм.

Окуя болду делген 5-июль күнү төрөтканада 6 наристе төрөлгөн. Эгер алмашып кеткен болсо, ошол наристелердин бирөө жарымы менен алмашып кетиши мүмкүн. Аны аныктоо үчүн эне менен ымыркайдын каны текшерилмекчи.

Араван райондук ооруканасынын башкы дарыгери Усманжан Мамажанов "Азаттыкка" мындай деди:

- Алмаштырып койгон деген сөзгө азырынча бир нерсе деп айта албайм. Бул боюнча азыр комиссия түзүлүп, иликтеп жатат. Биологиялык жактан азыр алдын ала божомолдор Ошто чыгарылат, бирок негизиги чыныгы маалымат Алматыдан, Астанадан же Орусиядан келиш керек. ДНКны ошол жактан тактайбыз. Кошумча изилдөөлөрдүн баарын жүргүзөбүз.

Бул иш боюнча райондук прокуратура кылмыш ишин козгоп, төрөткана кызматкерлерин суракка алууда. Бирок баланын ДНКсын текшерүү бир топ убакытты алат. Ага чейин жаш эне багып жаткан наристеге өз баласындай мээрим төгүп бапестеп жатат. Эгер өзүнүн баласы табылып калса, муну да асырап алууга даяр.

Райондук төрөтканада жылына 2000ден ашык бала төрөлөт. Бирок мындай окуя бул жайда биринчи жолу болуп жатат деп ишендиришет дарыгерлер.


Төрөтканада чыккан чатак
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG