Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:14

Жерүйдүн акциясы боюнча талаш чыкты


Таластагы Жерүй кени.
Таластагы Жерүй кени.

Геология жана минералдык ресурстар агенттиги Жерүй алтын кенине ээлик кылат делген ишкананын акцияларын сатып албоого чакырды.

Айрым маалымат каражаттары Таластагы “Кут” өнүктүрүү фонду “Талас Алтын” деп аталган акционердик коом өңдүү элдик компания түзүп, анын акциялары сатыкка чыкканын кабарлаган эле. Аталган компаниянын өкүлдөрү болсо “Жерүйдүн” акцияларына болочокто ээлик кылат деп акция сатууда" деген дооматты четке кагууда.

Геология жана минералдык ресурстар агенттиги Жерүйдүн акциясына байланышкан жагдайды териштирүү боюнча укук коргоо органдарына кайрылды. Аталган агенттиктин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев жаңы түзүлгөн “Талас Алтын” өз акцияларын Жерүйдү иштетүү укугу бар экенин айтып, сатып жатканын көз боемочулук деп атады:

- Биз тартип коргоо органдарына колубуздагы эле маалыматты бердик. Биз муну көз боёмочулук деп эле ойлоп жатабыз. Анын мыйзамдуу, же мыйзамсыз экенин тийиштүү органдар чечет. Биз аларга болгон маалыматты жөнөттүк. Буларга Жерүйдүн эч кандай тиешеси жок да. Булар болсо Жерүйгө деп акча чогултуп жатыптыр. Алардын мындай кылганга акысы жок.

“Талас ынтымагы” коомдук уюму Кумтөр маселелери толук чечилмейинче, Жерүйдү иштетүүгө каршы экенин айтып түрдүү нааразылык акцияларды уюштуруп келет. Аталган кыймылдын төрагасы Серен Шейшеновдун айтымында, 23-августта облустук деңгээлде кеңешме өткөн жана анда Жерүйдүн акцияларына байланышкан маселе талкууланган.

- Ошол кеңешмеге алардын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Данил Акжолов келип маалымат-отчет берген. Ал отчетунун баш-аягы жок экен. Анда Жерүйдү жамынып алып компания ачкан туура эмес деп айтылды. Кеңешменин чечими менен Таластагы “Кут” коомдук өнүктүрүү фондунун иши мыйзамсыз, акция сатуусун токтотсун деп резолюция кабыл алынып, аны өкмөт башчыга, президенттин администрациясына, Геология агенттигине, Жогорку Кеңешке жөнөткөнбүз.

Бирок “Талас Алтын” акционердик коому "кийин Жерүй алтын кенине ээлик кылат деп өзүнүн акцияларын сатып жатат" деген дооматты четке кагууда. Акционердик коомдун өкүлү Көчөркул Сатымкулов коомчулукка туура эмес маалымат берилип жатат деп эсептейт:

- Азыр акция сатып жатабыз. Акционердик коомдун иши мыйзамдуу, каттоодон өткөнбүз. Биз ошол акционерлерди көбөйтүп алып туруп анан Жерүй болобу, же башка кен болобу, аны иштетүү үчүн лицензия алуу сынактарына катышабыз. Кыргызстандын ичинде деле эмес, сырттагы сынактарга да катышабыз. Мындай иштерге акционердик коом катышат. Анын азыр болсо бизди “булар акция сатып эле Жерүйгө ээ болуп калабыз деп атышат”, деген жалган маалымат таратып жатышат. Алардын айткандары түпкүлүгүндө туура эмес.

Азыр “Талас Алтындын” акциясынын бир даанасы жергиликтүү элге 30 тыйындан сатылып жаткан экен.

Ушул тушта Жерүй алтын кенинин өзүнүн тагдыры чечилбей турат. Былтыр жазында инвестор чыкпай алгачкы сынак үзгүлтүккө учураган. Анда кендин баасы 300 миллион доллар деп бааланган жана бир гана “Контингент финанс” аттуу британиялык компания документ жөнөткөн. Шарт боюнча кеминде эки инвестор катышууга тийиш болчу.

Кыргыз өкмөтү эми кендин баасын 100 миллион долларга түшүргөнү жатат. Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев экинчи сынак сентябрь айында жарыяланат деп ишендирген эле. Өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов кийинки сынактын мөөнөтү качан анык болору азырынча белгисиз экенин айтууда:

- Бул боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Алар дагы эле иштеп жатышат. Ал жумушчу даярдаган документти дагы бир сыйра анализдеп, тактап, кайсы жерде кемчилиги, кайсы жерде артыкчылыгы бар экенин иликтеп жатышат. Биринчи сынакта кайсы жеринен мүчүлүштүк кеткенин карап жатышат. Сынак качан жарыяланарын азыр эч ким айта албайт. Сентябрда жарыялайбыз деген план дагы деле бар.

2010-жылы бийлик алмашканга чейин Жерүйдүн 60 пайыз акциясы казакстандык “Визор групп” компаниясына таандык болгон. Жаңы бийлик инвестордук милдетти аткарган жок деген жүйө менен анын лицензиясын жокко чыгарган эле. Казакстандык компания кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берип, 400 миллион доллар доо койгон.

Жерүйдө болжол менен 100 тоннага жакын алтын бар.

Президент Алмазбек Атамбаев кендин айланасындагы ызы-чууну атайын күчтөр уюштуруп жатат деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG