Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:40

"Кыргызмунайгаздын" жамааты митингге чыкты


"Кыргызмунайгаз" ишканасынын нааразылыкка чыккан жамааты. 14-март, 2014-жыл.
"Кыргызмунайгаз" ишканасынын нааразылыкка чыккан жамааты. 14-март, 2014-жыл.

14-мартта Кочкор-Ата шаарындагы “ Кыргызмунайгаз” мамлекеттик акционердик коомунун жумушчулары ишкана жетекчилигине козголгон кылмыш ишке каршы акция өткөрүштү.

26-февралда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш кызматы “Кыргызмунайгаз” ишканасына “Кыргызпетролеум” ишканасын сатып алууда мыйзам бузган деп, Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси боюнча иш козгогон. Акцияга чыккандар мунун артында үлкөн адамдардын жеке кызыкчылыктары турат деп доомат коюшууда.

Кочкор-Атадагы “Кыргызмунайгаз” акционердик коомунун төрагасы Жеңиш Жумашевдин айтымында, ишкана Жалал-Абаддагы нефтини кайра иштетүүчү “Кыргызпетролеум” заводун 2012-жылы сатып алган. Кылмыш козгоо маселеси ошол эле кезде көтөрүлгөн. Бирок сатып алууга кеткен каражаттын он пайызы төлөнгөндөн кийин иш токтотулган. Жумашев кылмыш ишинин кайра жандануусу "буюртма болушу мүмкүн" деди:

- Акча башка жакка эмес, мамлекетке төлөндү. Жамаат “бул иш буйрутма экенин коомчулукка жеткирели. Сотко берсек, 3-4 айга созулуп, кеч болуп кетет” дешүүдө. Тергөөчүлөр болсо иш козгогон себебин түшүндүрүп бере алышпады. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок. “Кыргызпетролеумду” 2012- жылы сатып алганбыз. Андан бери бир жарым жыл өттү. Ошондо эмнеге иш козгошподу? Сотко берип, чечишип алат элек. Бир айдан кийин акционерлердин жыйыны болот. Бул жердеги башкы максат - мени кызматтан четтетүү болушу мүмкүн.

Ишкананын кесиптик кошуунунун төрагасы Акун Райымкулов козголгон кылмыш иштин артында ишканага ээлик кылуу кызыкчылыгы турат деген пикирде:

- Салыкты төлөсөң да, төлөбөсөң да, иш козгошот экен. Бул заказ, рейдерлик. Бакиевдин доорундагы Максимдин коркутуп-үркүтүп, баарын рейдерлик менен алган заманы кайталанууда.

Нааразылык акциясында кылмыш иши Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мыйзамсыз кийлигишүүсүнүн негизинде козголду деген пикирлер да айтылды. Байкоочулар 500дөн ашык киши катышты деп баа берген акция соңунда токтом кабыл алынып, анда борбордук бийликке бир топ талаптар коюлду. Алар тууралуу ишканы коргоо комитетинин төрагасы Муктар Артыкбаев маалымдады:

- 15 ардагерден, аксакалдардан түзүлгөн делегацияны президентке, өкмөткө жөнөтөлү, көйгөйдү аларга түшүндүрөлү дедик. Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасын кызматтан бошотуу сунушу айтылды. Акционерлердин жылдык жыйыны болуп өткүчө ишкананын документтерин финансы полициясына бербөө, жумушта бош турган 200-300 адам болуп, “Кыргызмунайгазды” коргоо жөнүндө токтом кабыл алынды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Айбек Осмоналиев болсо "Кыргызмунайгаздын" жамаатынын айткан дооматтарын четке кагып, финансы полициясына көрсөтмө берүүгө укугу жок экенин билдирди:

- Мен кайсы ишине кийлигишип жатканымды билбейм. Алардын жетекчисин да көрө элекмин. Иш козгогула деп айткыдай финполиция мага баш ийбейт. Таза иштесе, эмнеге коркот эле?

Финансы полициясынын облустук башкармалыгынын тергөө бөлүмүн башчысы Элдияр Айылчиев сатуу-сатып алуу операциясынын мыйзамдуулугун сот гана аныктай аларын белгиледи:

- “Кыргызмунайгаздын” юристтери бар, алар ишке катышсын. Сот органдары бар, чечимди ошолор кабыл алат.

“Кыргызмунайгаз” акционердик коомуна караштуу борбордук кампанын башчысы Кубаныч Садырбаев маселени ызы-чуусуз, сотсуз эле өкмөт структуралары, парламент аркылуу чечүү жолун колдогондордун бири:

- Бул маселе боюнча элди убара кылбай эле Ноокен районунун акими, Кочкор-Ата шаарынын мэри өкмөт башчыга кат жазса, реакция болмок. Парламент деген бар, ага кайрылышсын,- деди ал "Азаттыкка".

“Кыргызмунайгаз” мамлекеттик акционердик коомунун акцияларынын 85 пайызы мамлекетке, 5 пайызы эмгек жамаатына, калганы башка уюмдарга тиешелүү. “Кыргызмунайгаз” мамлекеттик ишканасы 50 пайызы Кыргызстанга таандык саналган мунай иштетүүчү “Кыргызпетролеум” жабык акционердик коомун 2012-жылы 4 миллион 700 миң долларга сатып алгандыгы мурда кабарланган. Ишкана жетекчилиги бул операцияга байланыштуу мамлекетке 23 миллиондон ашык сом салык төлөгөнүн айтууда.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG