Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Бакиевдер чет элдик жаранга кол салууга шектелүүдө


Бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев Сузактагы Тейит айылында. Жалал-Абад областы. 15-апрель, 2010.
Бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев Сузактагы Тейит айылында. Жалал-Абад областы. 15-апрель, 2010.

Максим, Марат, Жаныш жана Курманбек Бакиевдер 2006-жылы Жерүйдү иштетүү укугуна ээ британиялык “Оксус” компаниясынын өкүлү Шон Дейлиге кол салуу уюштурган деп шектелүүдө.

Бул боюнча соттук териштирүү 27-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда башталганы турат.

Октон аман калган Шон

“Оксус голд” компаниясынын өкүлү, чет элдик жаран Шон Дейлиге 2006-жылы 7-июлда түндө ок атуучу куралдан кол салуу болуп, оор жаракат алган. Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошеванын айтымында, Шон Дейлиге кол салуу уюштурган деп ата-бала жана бир тууган Бакиевдер айыпталууда.

Максим Бакиев Лондондо, 7-декабрь, 2012.
Максим Бакиев Лондондо, 7-декабрь, 2012.

- Убагында Максим Бакиев атасы менен келишип, анан Шонго кол салуу болгон. Багы бар экен, Шон кол салуудан өлбөй калган.

Маалыматтарга караганда, 2005-жылы “Оксус голд” компаниясында Таластагы Жерүй кенин иштетүү боюнча лицензия болгон. Бирок президенттин уулу Максим Бакиев өзүнө жеке пайда табуу максатында атасы менен келишип алып, кенди иштетүү укугун үчүнчү компанияга алып берүүгө далалаттанган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Максим Бакиев өз мүдөөсүн ишке ашырууга тоскоол болгон “Оксус голд” компаниясынын өкүлү Шон Дейлинин көзүн тазалоого буйрук кылат. “Аны ишке ашырууга агалары - ошол кездеги УКМКнын төрагасынын орун басары болуп турган Жаныш Бакиев жана Марат Бакиев көмөктөшкөн” деп айтылат Жогорку Сот тараткан маалыматта.

Буга байланыштуу Жаныш жана Марат Бакиевге Кылмыш-жаза кодексинин “кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу”, “кылмышка шериктеш болуу”, Курманбек Бакиевге “кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” жана Максим Бакиевге "кылмышка шериктеш болуу” беренелери боюнча иш козголуп, сотко өткөрүлдү.

Кулов: Президентке эки вариант сунушталган

Азыркы депутат Феликс Кулов 2006-жылы премьер-министр болуп турган. Анын “Азаттыкка” билдиришинче, “Оксус голд” компаниясынан Жерүйдү иштетүү укугун Акаев мезгилинде эле Танаевдин өкмөтү алып койгон. Бирок “Оксус Голд” март ыңкылабынан кийин келген жаңы өкмөткө өз сунуштары менен чыккан.

Феликс Кулов ошол кездеги президент Курманбек Бакиевге маселени чечүүнүн эки жолу сунушталганын айтты.

- Эки вариант сунушталган. Биринчиси, Жерүйдү иштетүү үчүн “Оксуска” лицензия берүү, экинчиси - жаңы инвестор табуу болгон. Жаңы инвестор “Оксус” менен болгон бардык соттук териштирүүлөрдү өз мойнуна алат деп табылып, “Оксус” менен кызматташуудан баш тарткан чечим кабыл алынган. Анан биз “Кыргызалтынга” жаңы инвестор издегиле деп, тапшырма бергенбиз. Андан кийин жаңы инвестор келген.

Феликс Кулов Шон Дейлиге кол салууну Максим Бакиев уюштурганы боюнча ал кезде маалыматы болбогонун, бирок азыр тергөө илинчек тапса, анда шектүү жагдайлар териштирилиши керектигин кошумчалады:

- Ошол кезде мага “аны кайсы себеп менен атканын билбейбиз” деген гана маалымат беришкен. Мен ал “Оксустун” кожоюну болобу? - деп сураганда "жок, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү гана өкүл” деп айтышкан болчу. Мен бул ишти териштиргиле деп айткам. Бирок жыйынтыгы кандай болгону боюнча маалыматым жок.

Жогорку Сот тараткан маалыматта, Шон Дейлини “тергөөдө тек-жайы аныкталбаган адамдар, болжолу “Марголин” тапанчасынан аткан болсо керек” деп айтылат.

2006-жылдары Ички иштер министринин орун басары, министр кызматтарын аркалаган Өмүрбек Субаналиев кол салуу Бакиевдер тарабынан уюштурулганы боюнча так маалыматы жоктугун айтып, бирок тергөө чийки жүргөн деген баасын берди:

- Кылмыштын бети качан ачылат? Аны аткан тапанча табылып, жалданган “киллер” кармалгандан кийин кылмыштын бети ачылды десек болот. А бул жерде “белгисиз тапанча менен белгисиз адамдарды жалдаптыр” деп жазылып жүрөт. Анда кантип соттойт, мен ушуну түшүнбөй жатам. Мен муну качып кеткен президенттен, анын бир туугандарынан өч алуу эле болсо керек деп ойлоп жатам. Анткени кылмыштын бети мындай болуп ачылбайт да.

Таластагы Жерүй алтын кени, 20-август, 2012.
Таластагы Жерүй алтын кени, 20-август, 2012.
2006-2007-жылдары жазылган маалыматтарда Максим Бакиев “Оксустан” Жер үйдү иштетүү боюнча лицензияны алып, Борис Березовскийдики делген “Глобал Голд” компаниясына бергени айтылат. Шон Дейлиге кол салуу да Борис Березовский Кыргызстанга жашыруун келип кетиптир деп, 2006-жылы парламентте чоң талкуу жараткан учурга туш келет. Бирок Жерүйдү иштетүү укугун алган «Глобал Голд» көп өтпөй аны казакстандык компанияга 120 млн. долларга саткан. 2010-жылдын апрель окуясынан кийин кыргыз бийлиги Жер үйдү иштетүү лицензиясын өкмөткө кайтарып алган. Ошондон бери жергиликтүү элдин нааразылыгынан улам аны сатыкка коё албай келатат.

Бакиевдер 2010-жылы 7-апрелде элге ок атуу боюнча да айыпталып келатат. Ошондой эле мурдагы администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча да Жаныш жана Курманбек Бакиевдер сыртынан соттолгон.

XS
SM
MD
LG