Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Ажыга жөө кеткендерден дайын жок


"Азаттыктын" архивиндеги бул сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.
"Азаттыктын" архивиндеги бул сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.

Август айынын башында Кыргызстандан ажылыкка жөө жөнөп кеткен он кишинин дайыны чыкпай жатканын жакындары айтып чыгышты.

Бул он киши Кыргызстандан чыгып кеткен бойдон кабар болгон эмес. Алар кайсы өлкөлөрдү басып өткөнү, кайсы жерге жеткени тууралуу да маалымат жок. Алар ажылык визасы жана жетиштүү каражаты жок эле Мекеге зыяратка кетип калышкан.

Кеткенден бери кабар жок

Өзүн Эркин деп тааныштырган Бишкектин тургуну бир тууган жездеси август айынын башында ажылыкка жөө кетип, ошондон бери кабары жоктугун билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл, Нарын облустарынан жана Бишкек шаарынан чогулган он адам август айынын башында Мекеге жөө аттанып, Казакстан тарапка чыгып кетишкен.

- Орозонун акыркы күнү чыгып кетишкен. Бишкектен жөө чыгып, Чалдовар тарапка сапар алышкан. Он адам болобуз дешкен, көбү көлдүк балдар болчу. Менин жездем өзү Нарындан болот. Азырга чейин биринен да дайын болгон жок. Же ажыга барышканы, же каякта жүрүшкөнү белгисиз. Кабарлары жок, же телефон да чалышкан жок.

Эркиндин айтымында, Мекеге жөө аттанган он адамдын визалары жана акчалай каражаттары да болгон эмес, бирок алар Кудайга тобокел кылып жөнөй беришкен.

- Буларга виза да, уруксат да беришкен эмес, бирок кетип калышкан. Мен жөнөөр алдында аларга жолуккам. Көлдүк балдар Ысык-Көлдөн бери жөө келдик деп айтышкан болчу. Алар Мекеге ажы болуп келебиз деген максатта кетишкен. Негизи акчалары жок болгон да, ошон үчүн “жөө эле барып келебиз” деген чечим чыгарып жөнөшкөн болчу. Элчиликке киришсе да виза беришпептир. Колдорунда паспорттору болгон, бирок акчалары өтө аз болчу. Канча акчаңар бар деп сурасам, аз эле дешкен. Ортодо балким, 10-15 миң сомдой эле акчалары болсо керек.

Күйөөсүн күткөн келин

Эгер ажылыкка жөө кеткендер Сауд Арабияга жетери анык болгон күндө деле, бир катар мамлекеттердин визасы талап кылынмак. Анткени, постсоветтик мамлекеттерди эске албаганда да Түркия, Иран, Сирия, Кувейт жана башка мамлекеттерди кесип өтүүгө туура келет.

Ажыга кеткен күйөөсүн күтүп, бирок кабар алалбай жатканын Бишкек шаарынын дагы бир тургуну “Азаттыкка” билдирди. Атын атагысы келбеген жаш келиндин билдиришинче, анын өмүр шериги Кыргызстанда кырк күнгө жана төрт айлык мөөнөткө дааватка чыгып жүргөн жана “Таблиги жамаат” диний уюмунун жолдоочусу болгон. Аны менен кеткендердин баары дааватчылар болчу дейт, бешиктеги баласы менен күйөөсүн күн санап күтүп жаткан келин:

- Булар кетердин алдында Бишкектеги борбордук мечитке барышкан. Ал жерден “жөө барбагыла, болбойт” деп каршы чыгышкан экен. Кеткендерине төрт ай болду, эч бир кабар жок. Менин да 8 айлык балам бар, ошону менен эч кайда чыга албай жатам. Келип калса керек деп эле күтүп, кимге кайрылышты деле билбейм. Алтоо көлдүк болот. Аларды жакшы деле тааныбайм. Бирөөсүн тааныйм, аты Абдулла болчу. Бирок булар өздөрүнүн кыргызча аттарын сүннөт ат кылып, башкача айтканда мусулманча кылып өзгөртүп алышкан. Менин күйөөмдү ошол адамдар жүр дегенинен улам кеткен. Негизи ажылык жолдомо алып, эмдиги жылы деле барса болот эле...

Көрдүк деген киши жок

Жогоруда айтылгандай, Мекеге жөө сапар алгандардын алтоо Ысык-Көл облусунан. Дубандын казысы Алмаз ажы Сагындыковдун айтымында, алар же бир казыяттан, же бир муфтияттан уруксат алган эмес. Быйыл ажыга барып келгендерден сураштырып, бирок алардын кабарын биле албадык дейт Сагындыков.

- Булар өздөрү эле демилге көтөрүп, дааватка чыгып жүргөндөй эле кетип калышкан. Алардын Мекеге жеткен-жетпегени, кайсы жерде жүргөнү боюнча бүгүнкү күнгө чейин бизде маалымат жок. Алардын арасында мен тааныган дагы адамдар да бар болчу. Ажыга барып келгендерден биз да сураштырып жатабыз, баары болбосо да, бир-экөө жолукмак да. Эч ким аларды көргөн жокпуз деп жатат.

Ысык-Көлдөн кеткендердин арасында жогорку билимдүүлөрү, мурда аскер адамы болгондору да бар болгонун айткан Сагындыков алар дааватчы болушканын ырастады. Бирок алар дааватчылардын, башкача айтканда “Таблиги жамаат” уюмунун эрежелерин четке кагып, карманбай, ашынып кеткендер дейт облустун казысы.

- Жөө кеткендердин баары дааваттын ичиндеги тартипке баш ийбегендер. Алар муфтияттын да, казыяттын да уруксатын алышкан эмес. Алар камылга көрүп, алдын-ала даярданышпай, “бизге бир гана Кудай жардам берет” деп аша чапкандар. Дааваттын тартибин толук аткарбай, үй-бүлөсүн жакшы карабай, чектен чыгып кеткендер болуп жатат. Арасында жогорку билимдүүлөрү, аскер адамдары болгону жана жөнөкөйлөрү да бар болчу.

Муфтият эмне дейт?

Быйыл Сауд Арабия Кыргызстанга үч миң алты жүз ажылык жолдомо бөлгөн. Бирок ажылык сапарга учак менен гана баруу талабы бар. Муфтияттын алдындагы ажылык штабынын башчысы, муфтийдин даават, үгүт иштери боюнча орун басары Максатбек Токтомушевдин айтымында, муфтият аркылуу кеткендердин баары бири калбай Кыргызстанга кайтып келди.

- Муфтияттан канча адам барган болсо анын баары кайтып келди. Бизде самолет менен гана барганга укуктуу, ал түгүл автобус менен да барганга болбойт. Буга өкмөт тарабынан тыюу салынган. Биз жөө барган адамдарды көргөн жокпуз, алар муфтият аркылуу барган жок.

Ажыга кимдер барат?

Аалымдардын айтымында, Ислам дининде Кудайга бекем тобокел кылуу мактоого аларлык иш. Бирок куру тобокелчилик да дурус эмес деп саналат. Ал эми ажылык мүмкүнчүлүгү жеткен, каражаты бар адамдарга гана парз болуп эсептелет.

Ислам аалымы, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов азыркы заманда ажылыкка баруунун эрежелерин, шарият талап кылган шарттарын айтып берди:

- Ажылыктан кайтып келгенге чейин үй-бүлөсү кайсы бир нерсеге муктаж болуп калбагандай шартта болуш керек. Анан жөнөгөн адамдын барып келгенге, ошол жакта жашаганга жеткидей каражаты болуш керек. Ошондой эле жолдун шарттары да бар. Мисалы, жол тынч болушу кажет жана согуш сыяктуу жаңжалдар, адам өмүрүнө зыяны болбошу зарыл. Анан азыркы замандагы шартка ылайык, колунда ажылык визасы бар болушу керек. Ажылыкка ушундай шарттар менен барылат. Анан тыйыны жок болуп, жолдо кайыр сурап кете беребиз деген туура эмес. Алды менен камданып, жол киресин төлөгөндөн кийин гана жөнөө кажет. Күн мурунтан себептерин камдабастан туруп, куру же көр такыбалык кылган туура эмес.

Расмий мамлекеттик органдар Мекеге жөө кетти деген он адам тууралуу эч бир кайрылуу түшпөгөнүн, эгер кимдир бирөө аларды издөө үчүн кайрылса, сөзсүз аракеттер көрүлөрүн маалымдады.
XS
SM
MD
LG