Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Кумтөрдө да, депутаттарда да танапис...


Кыргыз парламентинин жыйыны.
Кыргыз парламентинин жыйыны.

Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча өкмөттүн “Центерра голд инк” менен жетишкен меморандум боюнча чечим кабыл алууну кийинки жумаларга калтырды.

Эки күн жүргөн талкууда меморандумда каралган жаңыдан түзүлө турган "Кумтөр" биргелешкен ишканасында үлүштөрдүн 50 пайыздан бөлүнүшүнө каршы депутаттар басымдуулук кылды. Ошол эле мезгилде сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн өкмөткө дагы убакыт берүү сунушталды.


Мурдагы келишимдерди жокко чыгаруу талабы


Жогорку Кеңеште эки күндөн бери Кумтөр боюнча талкууда депутаттар жалпысынан “Центерра голд инк” менен кыргыз өкмөтү жетишкен меморандумду сынга алышты. Алар канадалыктар Кыргызстанды буга чейин да алдап келген, дагы да алдап жатат деген пикирде болушту. Мына ошого жараша парламент тарабынан даярдалган токтом долбоорунда меморандумду жараксыз деп табуу сунушталды. Бирок депутаттар токтом долбоорун кабыл алууну кийинки жумаларга калтырды. Бул “Республика” фракциясынын лидери Назарали Ариповдун сунушу менен кабыл алынды.

Талкуунун жыйынтыгы жана депутаттардын сунуштары менен даярдалган токтом долбоорундагы негизги пункттар тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев буларды билдирди:

- Биринчиси - өкмөттүн меморандуму Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбейт деп, аны жактырбоо. 10-декабрга карай 2009-жылкы жана 2003-жылкы келишимдерди жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун киргизүү.

Бул токтом долбооруна депутаттар эми Курман айттан кийинки жыйындарында добуш бере турган болушту.


Өкмөт сүйлөшүүнү улантууга даяр


Канадалыктар менен сүйлөшүү жүргүзүп, азыркы меморандумга жетишкен өкмөттүн реакциясына келе турган болсок, алар меморандумду чечкиндүү коргоп чыккан жок. Маселен, юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов өкмөт парламент кабыл алган чечимди аткарат деп чыкты:

- 2003-2004-жылы реструктуризация болуп жатканда ошол кездеги Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасы бир эмес, эки токтом кабыл алган. Ошол эки токтомду тең өкмөт аткарбастан, Кумтөр боюнча реструктуризацияга барган. Азыр сиздер кабыл алган чечимди өкмөт антип четке кага албайт. Бул маселе боюнча сиздер кандай чечим кабыл алсаңыздар, өкмөт аны аткарууга милдеттүү жана аны Конституция өкмөттөн талап кылат.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев меморандумду колдоого чакырган менен “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даярдыгын, ага катышууга фракция лидерлерин чакырды:

- Ар бир фракциядан лидерлер кирип, өкмөт жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөргө жардам берип, мындан ары да жакшырта турган болсо, бул кыргыз элинини байлыгы.

Фракциялар ичинен “Ата-Журт” фракциясы чукул жыйын өткөрүп, Кумтөр боюнча бардык келишимдерден чыгууну өкмөттөн талап кылды. “Ата Мекен” фракциясы да меморандумду кескин сынга алды. Бирок өкмөт сүйлөшүүлөрдү улантыш керек деген пикирди жактырды. Бирок ошол мезгилде 2003-жылкы жана 2009-жылкы келишимди бузуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап келсин деген позицияда болууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG