Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

"Центерранын" акциялары арзандаган жок


Кээ бир саясатчылар Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциялары "Центерра Голддун" баалуу кагаздарынын наркын атайын төмөндөтүү үчүн жасалган буюртма иш деп чыгышты.

Тополоң учурунда акциялар арзандаганда алып, кайра аларды кымбат сатууга багытталган аракеттер деп сыпатталганы менен, Торонтодогу көрсөткүчтөр түшкөн жок.

Ысык-Көл облусундагы тополоң Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясынын акция бааларына эч таасир тийгизген жок. Акыркы үч апта ичи арзандаган соң, тескерисинче, “Центерра Голддун” баалуу үлүш кагаздарынын наркы жогорулады.

Торонто фондулук биржасындагы акыркы көрсөткүчтөргө ылайык, бир акция 34 центке кымбаттап, 4 канада доллары 91 центти түздү. Сом менен "Центерра Голддун" бир баалуу үлүш кагазы 17 сом 8 тыйынга көтөрүлүп, 232 сом 73 тыйынга барабар болду. Баса белгилей кетчү жагдай, акциялардын баасы күндө өзгөрүп турат.

Ал эми зергер буюмдарында көп колдонулган аурум, же алтындын, баасынын акыркы эки жумадагы арзандоосу токтоду. Алтындын 100 унциясына глобалдык рыноктогу баасы туруктуу жана өзгөрүүсүз 1288 АКШ доллары бойдон калууда. Алтын иштеткен компаниялардын акцияларынын кунунун жогорулашына алтындын туруктуу баасы себепкер болду.

Дүйнөлүк базарларда чийки мунай кымбаттай баштады. Акыркы үч жума ичи мунайдын баррели 2 долларга чейин арзандаган. Нью-Йорк биржасында мунайдын баасы соңку аптада 1 доллар 79 центке жогорулап, бир баррель 103 доллар 65 цент болду. Ушундан улам, бензин бааларынын көтөрүлүшү божомолдонууда.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Медетбек Керимкулов октябрда күйүүчү майдын наркы 50 тыйындан 1.50 сомго чейин кымбаттайт деп билдирди. Анын айтымында, баанын көтөрүлүшү өлкөгө алып келинген бензиндин баасынын кымбатташына жана доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу.

Кыргызстанда сентябрда күйүүчү майдын баасы эки сомго кымбаттаган. Коңшу Казакстанда дагы бензиндин баасы 5 пайыздан 7 пайызга чейин көтөрүлүшү мүмкүн деп кабарланууда.

Валюталар базарында, же форекс рыногунда, өткөн апта ичи кыргыз сомунун наркы башка валюталарга салыштырмалуу түшкөн. Бир гана Британия фунту 11 тыйынга арзандап, бир фунт – 78 сом 49 тыйынды түздү. Эң чоң өсүш сом – евро катнашында байкалды. Евробиримдиктин акча бирдиги 63 тыйынга кымбаттап, бир евро – 66 сом 32 тыйынды түздү. Ал эми эң аз өсүш сом – иена катнашында катталды. Жапониянын валютасы болгону 1 тыйынга көтөрүлүп, бир иена – 50 тыйын болду.

Дүйнөлүк форекс базарларында, "Оанда" корпорациясы маалымдагандай, акыркы жума ичинде Швейцариянын валютасы сомго карата өсүшүн улантты. Бир франк 32 тыйынга кымбаттап, 54 сом 4 тыйынды түздү. АКШ доллары 24 тыйынга өсүп, 48 сом 87 тыйындан сатылууда. Ал эми коңшу Кытайдын юаны 5 тыйынга кымбаттап, 7 сом 96 тыйынды түздү. Евро долларга салыштырмалуу өскөн жок жана бир евро – 1 доллар 35 цент бойдон кала берүүдө.

Валюталар наркы, 08.10.2013
Валюталар наркы, 08.10.2013
Глобалдык базарлардан Кыргызстанга келсек, өлкөдөгү баалуу кагаздар базарындагы соода көлөмү акыркы жумада эки эсеге төмөндөдү. Бишкектеги Кыргыз фондулук биржасынын сайтына ылайык, соңку аптада сооданын көлөмү азайып, болгону 4 млн. 128 миң сомду түзгөн.

Кыргыз инвестиция-кредит банкынын 2 млн. 28 миң сомдон ашык облигациялары сатылды. Ал эми корпоративдик сектордун ичинен, "Шоро" компаниясынын облигациялары соода көлөмү жана жүгүртүү боюнча биринчиликти алдырбай келе жатат. Акыркы жети күн ичинде "Шоронун" 631 миң сомдон ашык баалуу карыз кагаздары соодаланган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG