Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Мартин Лютер Кингдин кыялына элүү жыл


Америкалык жарандык активист, Мартин Лютер Кингдин “Менин кыялым” деген тарыхый сөзүн сүйлөгөнүнө бүгүн туура 50 жыл толууда. Бул датаны утурлай АКШда жүргүзүлгөн сурамжылоо ага тартылгандардын дээрлик жарымы расалык теңдикке жетишүү үчүн алдыда али көп нерсе жасалыш керектигин көргөздү.

Жарандык эркиндиктин символуна айланган Мартин Лютер Кинг “Менин кыялым” деген айтылуу сөзүн 1963-жылдын 28-августунда Вашингтондогу Линкольн мемориалынын тепкичтеринен 250 миңдей адамдын алдында сүйлөгөн эле:

- Мен бүгүн силерге кошулганыма кубанып турам. Тарыхка бул эркиндик үчүн биздин өлкөнүн тарыхындагы эң улуу демонстрация катары кирет. Азыр демократиянын убадасын чындыкка айланта турган мезгил келди. Сегрегациянын караңгы жана чөлдүү өрөөнүнөн расалык адилеттүүлүктүн күнөстүү жолуна түшүүгө убакыт жетти. Азыр биздин элди расалык адилетсиздиктин майда кумдарынан бир туугандыктын табигый аскасына көтөрө турган учур. Азыр адилеттүүлүктү Жараткандын балдарынын баары үчүн чындыкка айлантууга мезгил келди.

Мартин Лютер Кинг сөзүндө президент Линкольн эмансипация же кулчулукту жойгон декларацияга кол койгондон жүз жыл өткөндөн кийин да АКШда ал “негрлер” деп атаган калк эркин эместигин, жакырчылыктын чеңгелинде жана өз жеринде сүргүндөгүдөй күн көрүп жаткандыгын эске салуу менен нааразылык жаратмандык менен билдирилүүсү жана анын арты кыянатчылыкка айланып кетпеши зарылдыгын белгилеген.

Андан ары сөзүнүн “Менин кыялым” деген легендарлуу бөлүгүнө келип:

- Мен биздин эл бир күнү өз ураанынын нукура маанисин кабыл алып, аны менен жашайт деп кыялданам. Биз бул чындык көзгө даана эле көрүнүп турат деп ойлойбуз. Адамдардын баары бирдей жаралган. Мен Жоржиянын кызыл дөңдөрүндө мурдагы кулдардын балдары, мурдагы кул элөөчүлөрдүн балдары менен бир үстөлдө чогуу олтура турган күн келет деп кыялданам. Мен төрт балам бир күнү адамдар терисинин түрү, мүнөзү боюнча бааланбай турган өлкөдө жашайт деп кыялданам. Мен бүгүн кыялданам.

"Менин бир кыялым..."
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:32 0:00

Мартин Лютер Кингдин бул сөздөрүнүн жана мындан элүү жыл мурдагы кыймылдын маани - маңызы бүгүн канчалык?

Элианор Холмис Нортон - АКШнын жарандык укуктар кыймылынын мурдагы активисти, азыр Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын добуш берүү укугуна ээ эмес делегаты. Нортон айым “Америка добушу” радиосунун кабарчысы менен маегинде:

- Кыймыл азыр да актуалдуу бойдон калып жатат. Анткени ал ошол күндүн муктаждыгын канааттандыруу, афро-америкалыктардын калган америкалыктар менен теңдикке жетишүүсү үчүн өрчүгөн да. Биз азыр буга жакындап калдык. Доктор Мартин Лютер Кингдин жана жарандык укуктар кыймылынын ишинин натыйжасынан да алыс кеттик, бирок жарандык укуктар кыймылынын америкалыктар арасында азыр да резонанска ээ болуп жатышынын жүйөсү биз жеткен эмес, али жетишибиз керек болгон аралыкка байланыштуу.

Конгрессмен Жон Льюс да жарандык укуктар кыймылынын мүчөсү жана 1963-жылдын 28-августунда Линкольн мемориалында сөз алгандардан бүгүн көзү тирүү калгандардын акыркысы:

- Ал Линкольн мемориалынын мрамор тепкичтерин учурдун трибунасына айланткан. Менде анын “бүгүн мен кыялданам, ал кыял Америка кыялына терең тамырлаш” деген сөздөрү эсимде. Бул баарын камтыган сөз болгон. Анда биз баарыбыз камтылганбыз. Ал жөн эле нааразылык билдирүү, жарандык укуктар үчүн жүрүш эмес, баарынын укуктары үчүн жүрүш болгон.

Эндрю Янг - мурдагы конгрессмен, дипломат, Вашингтондогу жүрүштөрдүн катышуучусу. Ал жарым кылым мурдагы сөздүн жана кыймылдын маанисин эскерип:

- Адам терисинин түсүнүн мааниси барган сайын жоголуп бара жатат. Бирок ал экономикалык жана маданий дискриминацияга өтүп кетти. Менимче, азыр раса анчалык маанилүү эмес, бирок адилетсиздик өкүм сүрүүдө.

Мартин Лютер Кингдин сөзүнүн элүү жылдыгын утурлай Вашингтондогу Пью иликтөө борбору өз сурамжылосунун жыйынтыгын жарыялады.

Анда келтирилген маалыматтарга караганда, америкалыктардын жарымынан азырагы же 45% өлкө расалык теңдик жагынан олуттуу прогресске жетишти деп эсептешсе, 49% алдыда али “көп нерсе” жасалышы абзел деп санашат.

Пью борборунун сурамжылоосу боюнча көрсөткүч актар менен ындыкараларды алганда өзгөрүптүр.

Маселен сурамжылоого тартылган актардан расалык теңдик жагынан олуттуу прогресс жасалды деген пикирди 48% карманса, ындыкаралар арасында бул көрсөткүч 32%. Ал эми алдыда али “көп нерсе” жасалуусу керек деген ойдо актардын 44%, ындыкаралардын 79% турат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG