Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:33

Аблязовго кыргыз паспорту жасалган


Олигарх, казак оппозиционери жана БТА банктын экс-президенти Мухтар Аблязов.
Олигарх, казак оппозиционери жана БТА банктын экс-президенти Мухтар Аблязов.

Казакстандык банкир жана оппозиционер, бозгундагы Мухтар Аблязовдун сүрөтү чапталган паспорт Нурдин Осмонов деген ат менен мыйзамсыз жасалган.

Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Маалыматка караганда Осмонов Нурдин ысымдуу адамга Аблязовдун сүрөтү чапталган паспорт өткөн жылдын 27-декабрында даярдалган.

Олигарх, казак президенти Нурсултан Назарбаевдин элдешкис каршылашы саналган Мухтар Аблязовду казак бийликтери 5 млрд. доллар кымырып алган деп айыптап келет.

Буга чейин кыргыз паспорттору чет өлкөлүк уюшма кылмыш топторунан жана террористтик уюмдардын мүчөлөрүнөн табылган фактылар да кездешкен.

Нурдин Осмоновго айланган Аблязов

Расмий маалыматка караганда 1965-жылы туулган Осмонов Нурдин Бекбоевичтин наамына паспорт алуу үчүн документтер Чүй облусунун Аламүдүн райондук паспорт бөлүмүнөн даярдалып, жасатууга былтыр 12-декабрда тапшырылган. Ал эми паспорттун өзү 27-декабрда жасалып бүткөн.

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты каттоо департаментинин жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиевдин айтымында, тапшырылган документтердеги сүрөт менен Мухтар Аблязовдун сүрөтү чыны менен окшош.

- Аблязовдун сүрөтүн биз интернеттен карап чыктык. Паспорт алуу үчүн берилген документтердеги сүрөт менен Аблязовдун сүрөтү окшош экен. Эми сүрөт чын эле ошонуку экенин аныктап чыгуу - тергөө органдарынын иши.

Дүйшөн Сатыбалдиев бул мыйзамсыз паспорт берүү фактысы Мамлекеттик каттоо кызматындагы пландык текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталгандыгын кошумчалады.

Мухтар Аблязовдун сүрөтү тиркелген Нурдин Осмоновдун атына паспорт алуу үчүн документтерди мыйзамсыз жол менен даярдаганын Аламүдүн райондук паспорт бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нуржамал Үсөнова мойнуна алган. Ага ортомчулук кылган орус улутундагы 70 жаштардагы аял экени да аныкталган.

Кызматкер Нуржамал Үсөнованын башка дагы эки адамга мыйзамсыз паспорт берүүгө катышы бар деп, учурда жумуштан бошотулду дейт Калкты каттоо департаментинин жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиев.

- “Документтерди мен жасагам, анча-мынча кыйынчылыктар болду эле” деп, бул фактыны мойнуна алды. Документтер жасалма мөөрлөр менен даярдалган. Бул ишке ортомчулук кылган адам да аныкталды. Аныкталган материалдардын баарын топтоп, УКМКга өткөрүп бердик.

Ал эми даяр паспорт болсо ортомчулук кылган адамга берилген жана ал Мухтар Аблязовдун колуна тийип-тийбегени белгисиз.

Паспортту кайсы орган бергени жөндүү?

Кыргызстанда паспорт берүү ишин акыркы жылдары Мамлекеттик каттоо кызматы жүргүзүүдө. Бирок жогорудагы факт паспортту кайрадан Ички иштер министрлиги берсин деген талкууга жем таштады. Андай демилге менен чыккандардын пикиринде, эгер мурдагыдай Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет паспорт алып жаткан ар бир жаранды текшерүүгө алса, бул сыяктуу алешемдиктер болмок эмес.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков муну тоталитардык системанын саркындысы деп эсептейт.

- Мисалы, эгер мен кылмышкер болбосом, эмне үчүн ИИМ менен УКМК мени текшериши керек? Алар алдын-ала кылмышкерлердин тизмесин Мамлекеттик каттоо кызматына берип коюшу керек. Ошол тизмедеги адамдарга Мамлекеттик каттоо кызматы паспорт жасабаганга милдеттүү. Эгерде ИИМ менен УКМК кайсы бир адамды кылмышкерлердин тизмесинде деп бербесе, анда аны текшерүүгө эч кимдин укугу жок. Ал эми Аблязовго паспорт берилип жатканда катачылык кайсы мекемеден кеткенин так аныктап чыгышыбыз керек. Анан ушул фактыдан кийин эле Кыргызстандын 5 млн. калкынын баарын паспорт алып жатканда ИИМ менен УКМК сөзсүз текшериш керек дегендер эски, тоталитардык көз карашты колдогон адамдар. Бул деген коррупция жана жарандарды паспорт алууда жөндөн-жөн кыйноо болуп калат.

Алма Шалабаева кызы менен
Алма Шалабаева кызы менен
Белгилей кетүүчү жагдай, бир ай мурда Казакстандын батышындагы Атырау шаардык соту качкын банкир жана миллиардер Мухтар Аблязовдун үй-бүлөсүнө чет өлкөгө чыгуу үчүн мыйзамсыз документ жасап берген бир нече адамды 9 жылга чейин соттогон болчу.

Мындан тышкары ушул айдын башында эле Италиянын күч органдары Рим шаарынын четиндеги вилланы капилет басып, Мухтар Аблязовдун аялы Алма Шалабаеваны жана тестиер кызын кармашкан. Кийин аларды Италия бийликтери Казакстанга өткөрүп берген болчу. Маалыматтарга караганда, аларда Борбордук Африка Республикасынын жасалма паспорту болгон үчүн кармалган. Бирок Аблязовдун үй-бүлөсүнүн айтымында, казак өкмөтү Аблязовдун аялы менен кызын барымтага алуу менен аларды качкын миллиардерге алмаштырууну көздөйт.

Президент Нурсултан Назарбаевдин элдешкис сынчысы Аблязов 2009-жылы Казакстандан Евробиримдикке чыгып кеткен. Азыр Европанын кайсы өлкөсүндө жүргөнү белгисиз.

Банкир-миллиардер Мухтар Аблязов Казакстанда бир катар жогорку кызматтарда иштеген. Маселен, 1998-99-жылдары энергетика, өндүрүш жана соода министри болуп эмгектенген. Казак бийликтери аны БТА банкынын 5 млрд. долларын кымырып алган деп күнөөлөп келатат. Былтыр декабрда казак бийликтери Аблязов каржылайт деген бир нече оппозициячыл медиа каражаттарын жапкан.
XS
SM
MD
LG