Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:35

Ашынган байлар акчасын эми кайда катат?


Эл аралык журналисттик иликтөө дүйнөдөгү 130 миңдей ашкере бай адамдын офшордук аймактарда каткан акчасын таап чыкты. Алардын арасында Орусия, Азербайжан, Казакстандык таанымал саясатчылар бар.

Офшордук аймактар – салык өтө төмөн, же жокко эсе, эсеп-кысап документтерин катуу талап кылбаган финансылык борборлор. Аларды көп учурда акчасы ашып-ташыган байлардын “бейиши” деп да атап жүрүшөт. Андай офшордук аймактар Кариб деңизи, Тынч жана Индия мухиттеринде жайгашкан аралдарда, Европанын айрым жерлеринде бар.

Миллиондогон, же миллиарддаган суммадагы акчасын ошондой аймактарда жашырган 130 миңдей адамдын тизмесин Вашингтондо жайгашкан Иликтөө журналистикасынын эл аралык консорциуму таап чыкты.

Бул долбоорго катышкан 60 өлкөдөгү журналисттер он миңдеген документтерди казып, финансылык отчеттор камтылган дагы он миңдеген график, же жалаң сандар казкатар тизилген татаал кагаздарды иликтеп чыгышты.

Консорциумдун улук редактору Майкл Хадсон офшордук аймактарда катылган акчасы бар байлар менен байланышуу аракети майнапсыз болгонун айтат.

- Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Шуваловдун аялы Британияга караштуу Виргин аралдарында компаниясын каттаткан. Ольга Шувалова менен байланышууга аракеттенип, жооп алалган жокпуз. Ал компания эмне иш кылаары белгисиз. Ошол эле аймакта Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин эки кызынын ысымына жазылган компаниялар бар экен. Компаниялар ачылган кезде алар болгону 19 жана 23 жашта болгон. Алар менен да сүйлөшүү ниетибиз ишке ашкан жок.

Орусиянын вице-премьери Шуваловдун аялына катталган компаниянын эсебинде канча каражат бар экени такталбайт, бирок москвалык эксперттер бул маалыматтан улам Шувалов кызматынан кетиши керек деп чыгышты. Анткени 2-апрел күнү Орусиянын президенти Владимир Путин бардык мамлекеттик кызматкерлерди 1-июлга чейин чет өлкөлөрдөгү банк эсептерип жаап, андагы каражаттарын салык декларациясына киргизүүгө милдеттендирген жардыкка кол койгон.

Путиндин администрация башчысы Сергей Иванов: "Чет өлкөлөрдөгү банктарда эсеби барларга аларды жабууга 3 айлык мөөнөт берилет. 1-июлга чейин декларациясын өткөрүп, баарын ачык жазышы керек", - деген эле.

Мухтар Аблязов
Мухтар Аблязов
Журналисттик иликтөөнүн жыйынтыгы Франция, Монголия жана дагы башка өлкөлөрдө ири жаңжалдарга алып келди. Монголияда 2012-жылга дейре төрт жылдай финансы министри болуп иштеген Байартсогт Сангажав офшордук аймактагы компания менен банк эсебинин айынан азыркы кызматы – Монголия парламентинин вице-спикерлигинен арыз жазып кеткени жатканын билдирди.

Иликтөөнүн натыйжасында Казакстандын мурдагы ири банкири, азыр Британияда баш калкалап жүргөн Мухтар Аблязов офшордук аймактарда бардыгы 31 компания каттатканы жарыяланды. Аблязовго Казакстанда 5 миллиард доллардай мамлекеттик каражатты мыйзамсыз жүгүрткөн деген шек боюнча кылмыш иши козголгон.

Журналисттердин эл аралык консорциуму азырынча чет мамлекеттерде байлыгын жашырган 130 миң адамдын толук тизмесин жарыялай элек. Чет өлкөлөргө акча каражаты эсепсиз агылып жаткан өлкөлөр тизмесинин башына Кытай, Гонконг, Тайван, андан кийин эле Орусия жана мурдагы советтик жумурияттар чыкканы айтылды. Тизме толугу менен жарыяланып калса, анда кыргызстандык күркүлдөрдүн да байлыгы тууралуу маалымат чыгып калабы деп күтө туралы.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG