Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Түркия: Эрдоган демонстрациялар өкмөттүн планын өзгөртө албасын эскертти


Стамбулдагы демонстрацияны куу таркатуу учуру. 31-май, 2013-жыл.
Стамбулдагы демонстрацияны куу таркатуу учуру. 31-май, 2013-жыл.
Нааразылык акцияларын тезинен токтотууга чакырган Режеп Тайып Эрдоган ишембидеги сөзүндө - Стамбул шаарынын борбордук Таксим аянтын кайра куруу боюнча талаштуу план ишке ашырыларын, тартип орнотуларын белгиледи:

-Мыйзамсыз уюмдардын чагымына, жергиликтүү дүкөндөр зыян тартканына, таш жана күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр менен кол салынганына карабай, полиция аларга берилген ыйгарым укуктун чегинде иштөөнү улантат.

Түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган бул сөздөрдү ишембиде, аны отставкага етүүгө чакырган жана Таксим аянтына жетүүгө аракеттенген демонстранттарга каршы полиция көздөн жаш агызуучу газ жана суу бүркүгүчтөрдү колдонгондон кийин айтты.

Анкарада да парламент имаратын карай жүрүш жасаган демонстранттар менен полиция кагылышты. Өкмөттүн Стамбулдагы жашыл аймактардын биринде курулуш жасоо планына каршы нааразылык жыйыны жума күнү да кууп таркатылганда кеминде 12 адам жарадар болгон.

Стамбулдагы акциянын Анкара жана Измир шаарларына да жайылышы коомдо премьер –министр Режеп Тайып Эрдогандын жана анын байистүү исламчыл “Адилеттүүлүк жана Өнүгүү” партиясынын башкаруусуна нааразылык кеңейгенин каңкуулоодо. (UE)

XS
SM
MD
LG