Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Кыргызстандан Сирияга кимдер кетишти?


Сирия -- Козголоңчулар армиясынын аскерлери Хомстун жанында, 13-март, 2013.
Сирия -- Козголоңчулар армиясынын аскерлери Хомстун жанында, 13-март, 2013.

Кыргызстандын он бештей жараны Сирияга кеткени тууралуу маалымат кыргыз коомчулугунда кызуу талкуу жаратууда.

Кызыл-Кыя шаарынын он бештей тургуну Сириядагы согушка кеткени тууралуу маалымат кыргыз парламентинде айтылып, аларды кайтаруу үчүн бир депутат Түркияга учуп кеткени маалым болду. “Азаттык” дал ушул маселени таңкы “Арай көз чарай” талкуусунда сөз кылды.

Талкууга Кыргызстандагы теологдор ассоциациясынын төрагасы, Сирияда окуп келген адис Самаган Мырзаибраимов жана дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк бөлүмүнүн башчысы Курбаналы Узаков катышты.

"Азаттык:" Курбаналы мырза, кечээ сиздин кызматкерлер Сирияга согушка кетти делген балдардын чоо-жайын териштиргени Араван, Кызыя-Кыя шаарларына кетишкен экен. Азыр кандай маалымат бар?

Курбаналы Узаков: Араван боюнча менде маалымат жок, бирок Кызыл-Кыя шаарынан 16-апрелде 7 баланын ата-энесинен бизге кат келген. Алар балдары 10-апрелде чыгып кеткен бойдон үйгө келбей, кийин дайыны Түркиядан чыкканын жазышкан. Андан ары Сирияга өткөнү жатышыптыр деп кооптонуп кайрылышты. Биз тиешелүү жетекчиликтерге кайрылдык.

"Азаттык": Алардын баары мечитке каттап, намаз окугандар деген маалымат туурабы?

Курбаналы Узаков: Арасынан Мадумаров деген бала жөнүндө гана апасы бизге маалымат берди. Кызыл-Кыянын базарында иштечү экен, кийин эле мечитке тез-тез каттап калганын байкаптыр. Калган балдардын ата-энелери уулдарынын намаз окуур же окубасын өздөрү да билишпейт экен.

"Азаттык": Самаган мырза, сиз Сирия жөнүндө жакшы билген адиссиз. Ал жакта президенттин отставкасын талап кылган саясий акция согушка айланып, эки жыл ичинде өлгөндөрдүн саны 70 миңге жетти. Сирияда саясий көз караштан сырткары диний көз караштардын да кагылышы болуп жатат окшойт?

Самаган Мырзаибраимов: Араб өлкөлөрү тууралуу кеп кылганда, диний жана саясий көз караш деп ажыратуу кыйын. Анткени ал жактагы саясатта дин башкы ролду ойнойт. Сирия боюнча айтсак, эки факторду эске алышыбыз керек. Биринчиси, тышкы күчтөрдүн таасири, экинчиси - чындыгында эле Сириядагы саясий абал. Сирияда калктын 75% сунниттер, 10% гана азыркы президент Башар Асаддын кланына кирген шииттер. Бул өлкөдө дагы 10% тегерегинде христиан арабдар бар.

"Азаттык": Кыргызстандыктар дагы кандай азгырык менен Сирияга барышы мүмкүн?

Самаган Мырзаибраимов: Азыр Сирия бийлигине каршы чыккандарга көптөгөн мамлекеттен мусулмандар кошулганы байкалат. Жакында эле Түркиянын он жараны курал-жарактар менен Сирияга кирип, сунниттерге кол кабыш кылып жүргөн жеринен кармалды. Араб өлкөлөрүнүн бийликтери андай жардамдар жок дегени менен колго түшкөндөр болууда. АКШ баштаган батыш өлкөлөрү куралчан көтөрүлүшчүлөргө колдоо көрсөтүүдө.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG