Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Сирияга кыргызстандыктарды алып кетишүүдө


Сириянын Алеппо шаары, 22-март, 2013.
Сириянын Алеппо шаары, 22-март, 2013.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Баткен облусунан бир нече улан Сирияга аттанып кеткенин айтып чыкты.

Балдардын ата-энеси депутаттарга жардам сурап кайрылган. Кызыл-Кыя шаарынан кеткен балдардын айрымдары ата-энесине Стамбулдан телефон чалган. Ушул тапта канча улан, кимдин жетектөөсү менен кеткени тууралуу так маалымат жок.

Депутат Дастан Жумабеков "Сирияга согушканы кеттим" деген кызылкыялык бир нече баланын ата-энеси кайрылганын 17-апрелде парламент жыйынында жарыялады:

- Ата-энелери "балдарыбыз Стамбулдан телефон чалышты" дейт. “Кокус келбей калсак, шейит кеткен болобуз” деп коштошуптур. Баары мечитке барып жүргөн балдар экен. Айрымдары Орусияга иштегени кеткенин айтып чыгышса, айрымдары мечитке тапичкечен чыккан боюнча келбептир. Баары динге берилген, жаш-жаш балдар экен.

Дагы бир депутат Өмүрбек Бакиров кайрылган ата-энелердин айрымдары менен кечээ кечинде Стамбулга кеткен. Депутаттардын маалыматында, Кызыл-Кыядан 7 бала кеткен. Алардын эки-үчөөсү Стамбулда экени аныкталган.

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Мирлан Арстанбаев Стамбул шаардык прокуратурасы балдарды издеп баштаганын жана иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн күч органы маалыматтын чоо-жайын таратпай турууну өтүнгөнүн билдирди:

- Бүгүн эртең менен саат сегизде Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров менен жоголгон життердин ата-энелери келди. Биз колубузда бар маалыматтын баарын бердик. Азыр Стамбул шаардык прокуратурасы менен тыгыз иштешип жатабыз, тергөө жүрүп жатат. Биздин кызматкерлер полиция менен прокуратурага ар эки саатта чалып турат. Иликтөө биздин көзөмөлүбүздө.

Балдарын издеген ата-энелер менен бул күнү байланыша алган жокпуз. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Мухтар Миркадыров болсо шаарда азыр 20 чакты баланын кетип калганы тууралуу сөз болуп жатканын айтат:

- Мен азыр Ош шаарында жүрөт элем, 2-3 күн мурда балдары согушка кеткен 20 чакты баланын энеси ыйлап жатканын айтып бир аял чалды. Ал жакка кеткендерге кылмыш ишин ачтырып, депортация кылдыруу жолдорун сурады. Мен кылмыш жасабаган адамга андай кылуу мүмкүн эместигин түшүндүрдүм.

Стамбулда көп жылдан бери жашаган, Өзбекстандан, Кыргызстандан барган мигранттардын документин жасаганга жардам берген кыргызстандык мырза Сирияга бараткан жарандарды көрүптүр. Атын ачык айткысы келбеген бул жаран бир нече күн мурда Кыргызстандан келип, Сирияга бараткан эки-үч жигит менен таанышкан:

- Биз Стамбулда базарда иштейбиз. Ошол жердеги мечитте балдар менен таанышып калдым. Алар кыргызстандык экен. Мага жумуш таап бериңиз деп кайрылышты. Бул жакка келип күнүмдүк курсагын тойгузуу үчүн, жолуна акча табуу үчүн ушинтип кайрылгандар көп. Колубуздан келген жардамды беребиз. Андайлар мусулмандарга кыйноо болуп жатат деп, Аллахтан мактоо алыш үчүн өз ыктыяры менен согушка барышат.

Теги кыргызстандык, Түркиянын жарандыгын алган бул мырза мусулман бир тууган үчүн согушканы бараткан Өзбекстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн келген жаштар көп экенин кошумчалады. Бирок алар кимдин же кайсы уюмдун жетектөөсү менен, Сирия тууралуу кайдан угуп баратышканы тууралуу маалымат берген жок. Ушул тапта балдардын кайсы жерде экени тууралуу суроого жооп берүүдөн да качты.

Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоро Шергазиев болсо башкармалыкка окуя тууралуу маалымат келбегенин билдирди:

- Ким кайда барса өзүнүн эрки, туурабы? Ар бирин көзөмөлдөш кыйын. Мечиттен кетти, ошол жактан алып кетти деген туура эмес. Мечитте Сирияга барып жихад кылуу үчүн даават же чакыруулар болгон эмес. Даават жагынан биз көзөмөлдөй алабыз. Андай кеп болсо укмакпыз.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга да балдары жоголгон ата-энелер кайрылган. Алардын тизмеси боюнча азырынча 7 улан кеткен. Комиссиянын аналитика бөлүмүнүн башчысы Маметбек Мырзабаев кыргызстандыктар Сирияга жетип-жетпегени тууралуу маалымат жок дейт:

- Азыр эми муфтияттын күчү жетпеген мечиттерде ушундай жагдайлар болуп жатат. Айрым жерлерде Сирияга барып согушкула деп үндөп атышат. Азыр ал жарандар ким менен, кайсы уюм менен чыкканы, эң негизгиси - кайсы акчага кеткени белгисиз. Муну биздин күч органдарыбыз аныктайт деп ойлойм. Азыр алар иштеп жатат.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул окуя боюнча комментарий берген жок. Кызыл-Кыя шаарынын мэри Хабибулла Халмурзаев шаарда УКМК жана жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө турган, динге өзгөчө берилген 12 улан болгонун билдирди. Алар менен жолугушуулар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Мэрдин айтымында, азыр ошол балдардын тогузу иштегени кеткенин айтып үйүнөн чыгып кеткен.

БУУнун эсебинде, эки жылга аяк баскан Сирия жаңжалында 70 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG