Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

АКШ-Кытай ортосундагы хакерлер согушу


Кибер согуштун инженер жоокерлери үчүн интернетке кошулган компьютерден башка эч кандай куралдын кереги жок.
Кибер согуштун инженер жоокерлери үчүн интернетке кошулган компьютерден башка эч кандай куралдын кереги жок.

Вашингтон жана Бээжин бири-бирин кибер чабуул жасайт, маалымат уурдайт деп күнөөлөдү.

Ак Үйдүн өкүлү Жей Карней кибер чабуулга Кытайдын жогорку ырасмий адамдары, ошондой эле аскерий кызматтары катышканы АКШны тынчсыздантып келатканын билдирди. Мындай айыптоону Кытайдын тышкы иштер министрлиги негизсиз деп четке какты жана Кытайга каршы жасалган көпчүлүк чабуулдар Америкадан башат аларына токтолду.

АКШ менен Кытайдын бири-бирин интернет мейкиндигине кол салып, маалымат уурдайт, аларды иштен чыгарат деп күнөөлөшү Mandiant фирмасынын билдирүүсүн коштой орун алды. Mandiant чабуулу АКШнын маанилүү өкмөттүк мекемелерине жана компанияларына жасалган.

Түштүк Корея. Айыптоочу Улуттук айыл чарба кооперативдеринин федерациясына жасалган киберчабуул жөнүндө журналисттерге түшүндүрмө берүүдө. Сеул. 3-август 2011
Түштүк Корея. Айыптоочу Улуттук айыл чарба кооперативдеринин федерациясына жасалган киберчабуул жөнүндө журналисттерге түшүндүрмө берүүдө. Сеул. 3-август 2011
Интернет коопсуздугу боюнча адистешкен бул фирма шейшемби күнү жарыялаган көлөмдүү баяндамасында Кытай боштондук армиясынын “61398-жашыруун бөлүгү” 2006-жылдан бери 141 мекемеден эбегейсиз көлөмдөгү маалыматты уурдаганын, андан негизинен Кошмо Штаттардын субъекттери жабыркаганы көрсөтүлөт. Ошондой эле изилдөөдө Шанхайдан башат алган көпчүлүк кибер чабуулдарга “өкмөт түздөн түз колдогон” кытайлык хакерлердин тийиштиги бар экени, хакерлер көбүнчө АКШнын, аз санда Канада менен Британиянын мекемелери жана компанияларына кол салганы белгиленет. Кибер чабуулга кабылган компаниялардын ичинде The New York Times жана The Wall Street Journal гезиттери, Facebook жана Twitter социалдык түйүнү бар. Хакерлердин акыркы бутасы Apple компаниясы болгон.

Кытайдын тышкы иштер министрлиги америкалык адистешкен фирманын билдирүүсүн жалчыбаган далилдерге негизделген куру доомат деп атады. Министрликтин өкүлү Ху Лейдин билдиргенине караганда, өткөн 2012-жылы чет элдик хакерлер Кытайдагы 1400 компьютерди жана 38 миң сайтты көзөмөлдөө үчүн вирустарды жана программаларды пайдаланган. Көпчүлүк чабуулдар АКШдан жасалган. “Кытай хакерлерге каршы чечкиндүү күрөшүүдө: тийиштүү мыйзамдарды жана жоболорду кабыл алды, кибер чабуулдарды алдын алуу үчүн катаал чараларды иштеп чыктык,” – деди Ху Лей.

Киберчабуул кылмыш экенин хакерлерге эскерткен сүрөт.
Киберчабуул кылмыш экенин хакерлерге эскерткен сүрөт.
Ак Үйдүн өкүлү Жей Карней шейшемби күнкү билдирүүсүндө АКШ жетекчилиги Mandiant фирмасынын докладынан кабардар экенин айтып, анда келтирилген фактыларга эч кандай комментарий жасабады. Бирок ал АКШ бийликтери кибер чабуулдарга байланыштуу Кытай тарапка көп жолу тынчсыздануусун билдиргенин кошумчалады:

- Биз кибер уурулукка даражалуу Кытай чиновниктеринин, ошондой эле аскерий жетекчилердин көңүлүн бийик деңгээлде эчен ирет бурганбыз. Айтканды токтотпойбуз. Бул абдан олуттуу маселе.

Кибер чабуулдар же хакерлердин бөтөн компаниялардан, өкмөттүк мекемелерден коопсуздукка, же бизнеске тийиштүү купуя маалыматтарды уурдашы бүгүнкү маалымат технологиясы заманы үчүн кадыресе көрүнүш.

Президент Барак Обама бир жума мурда Кошмо Штаттардагы кырдаал боюнча жасаган жылдык кайрылуусунда федералдык кызматтарды мекемелерди, компанияларды жана эл чарбасынын маанилүү тармактарын электр таңкыстыгы, кибер чабуул сыяктуу капилеттиктерден коргоону жакшыртканга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG