Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Энергетикадагы жоготууларды канткенде жойобуз?


Өткөн жылы энергетикадагы жоготуу 20% ашты. Адистер бул көрсөткүчтү 10-12% чейин түшүрүү жолдорун издеп жатышат. Айрымдар жоготууларга негизинен ортомчу, жеке компаниялар айыптуу десе, компаниялар мындай дооматка макул эмес.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Раимбек Мамыров, “Түндүкэлектр” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев жана "Биэл-Электрик” жеке менчик ишканасынын башкы директору Жекшенбек Сыдыков.

“Азаттык”:
Жоготуулардын көлөмүн кыскартуу маселеси биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Сапар мырза, сиз бул көрсөткүчтү 10-12% чейин кыскартуу мүмкүн деп айтып атасыз. Эмненин эсебинен кыскарат?

Сапар Аргынбаев: Мен “Түндүкэлектрде” иштегениме эки жылдан ашты. Мурда укук коргоочулук ишти аткарып жүргөндө деле коммерциялык жоготуу деген ачык эле уурдоо деп сезип жүрчүмүн.

Келгенде документтердин ичине кирип, эл менен, адистер менен сүйлөшүп отуруп бир чечимге келдим: жоготууну 12% түшүрсө болот. Коммерцияны практикалык түрдө жоготсо да болот. Бирок азыр реформа эмес, энергосистеманын структурасын өзгөртүш керек.

Бүгүнкү күндө бул тармактагы кызматкерлер, министрликтин өкүлдөрүнүн көңүл бурганы эле коммерциялык жоготуу болуп, бөлүштүрүүчү компанияларды айыптап жатат.

Негизги төрт маселе бар. Коммерциялык жоготуу, акчасын чыгарып алып жатканы анча деле чоң булак эмес. Эң чоң булак - электр станцияларынын өздөрүнүн түз саткан колдонуучулары бар.

Сатып алуулар, кызмат көрсөтүү, электр станциялар өздөрүнүн агрегаттарын ремонттоого көп акча чыгып кетип атат. Коммерциялык жоготуулар менен структурасын өзгөртсөк 1 млрд. сомго жакын акча түшкөнү турат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Раимбек Мамыров: Коммерциялык жана техникалык жоготуулар эмне деген – адистерге гана белгилүү нерсе. Азыр бизде анын маанисин билбей эле айтып жаткан укмуштай адистер чыгып кетти. Техникалык деген – электр энергияны жеткирүүгө байланышкан ошол линия, көмөкчордондогу жана башка жоготуулар. Ал эми коммерциялык бир гана уурулук эмес, приборлордун туура эмес иштеп жатканынан, убагында эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн албагандан болушу мүмкүн.

Коммерциялык жоготуулар боюнча жумуштар жүрүп жатат. Азыр 4 эсе азайды. Ал эми техникалык жоготууларды да акырындап азайтып жатышат. Бул маселе каражатка байланыштуу. Ал үчүн жаңы курулуштар, жаңылоо, алмаштыруу, ремонттоо сыяктуу иштер жасалышы керек. Ал эми жоготуулар 10% түшөт дегенге ишенбейм. Бул жөнөкөй жерден ойлоп таап жаткан нерсе болууда.

“Азаттык”: Экс-өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов “мамлекет энергетика тармагына чоң каражат жумшаса, анын пайдасын ортомчу компаниялар гана көрүшүүдө” деп айтты эле. Ошондон кийин электр энергиясын саткан компаниялар текшерилээри айтылган. Жеке фирмаларга доомат, сындар көп айтылат. Эмнеге энергетиканы саткан компанияларда коммерциялык жоготуу көп болот?

Жекшенбек Сыдыков: Биринчиден, Кыргызстанда иштин көзүн билбеген адамдар көбөйдү. Экинчиден, иш жылбай жатса эле күнөөлүүнү табыш керек болуп атат. Бул биринчи жолу эмес, үчүнчү ирет күнөөлөп атат.

Андан сырткары “ортомчу” деген зыян алып келуүчү деген сөз. Биз эч кимге эч кандай зыян алып келген жокпуз. Андай болсо биздин абоненттер, биз менен иштеп турган компаниялар бизге доомат айтып, келишимди үзүп, бизди иштетпей коюшмак.

Азыр жоготууларды 10-12% азайтабыз деген – миф. Жоготуулардын өсүшү жалпы экономикадан көз каранды. Бизге окшогон, экономикасы кризисте болгон өлкөлөрдүн энергетикадагы жоготуусу 24-25% түзөт. Бул боюнча Орусияда далай илимий иштер жүргүзүлгөн.

XS
SM
MD
LG