Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Энергетика: ортомчуларга лицензия берилбейт


Кыргыз өкмөтү электр энергиясын саткан ортомчу компаниялардын лицензияларын кайтарып алууда.

Учурда Кыргызстандагы 21 ортомчу компаниянын үчөө лицензияларынан ажырады, дагы үчөөнүн иши убактылуу токтотулуп, текшерилип жатат.

Өкмөт бул аракетин компаниялардын мамлекет эсебинен пайдага туйтунуп жатканы менен түшүндүрүүдө. Ортомчу фирмалардын өкүлдөрү өкмөт мыйзам бузуу жолу менен ишкердикке бут тосуп жатат деп билдирип жатышат.

Электр энергиясын саткан ортомчу компаниялардын лицензияларын текшерүү демилгесин ушул жылдын май айында өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов көтөрүп чыккан. Премьер-министр ортомчу компаниялар мамлекетке зыян келтирип жатат деп, текшерип чыгып, пайдакечтерден лицензияны кайтарып алууну Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен УКМКнын алдындагы антикоррупциялык кызматка сунуштаган.

Ал эми өткөн аптанын этегиндеги өкмөттүн жыйынында Бабанов ишти жөндөй албай, создуктуруп жатат деп, министрликтин Отун-энергетика комплексин көзөмөлдөө департаментинин башчысы Айгүл Султанкулованы кызматтан алууну буйруду. Султанкулова ооруканада жаткандыктан премьердин буйругуна байланышкан маселе азыр чечиле электигин министрликтен кабарлашты.

Министрликтин лицензия берүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Тимур Орозалиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ортомчу компаниялардын ишмердигине байланышкан маселе болсо ирети менен жөнгө салынып жатат:

- Учурда өлкөдө иштеп жаткан 21 компаниянын баары текшерилди. Анын ичинен талапка жооп бербеген үчөөнүн лицензиясы чакыртылып алынып, дагы үчөөнүн иши токтотулду. Учурда УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызмат менен бирдикте жумушчу комиссия түзүлүп, текшерүү жүрүп жатат. Бир компанияга кылмыш иши козголду. Текшерүү бүткөн соң башка компаниялар боюнча да чечим кабыл алынат.

Орозалиевдин айтымында, мындан ары ортомчу ишканаларга лицензия берилбейт.
Ортомчу компаниялар акча кетирбей эле даяр токту сатып, пайда көрүп жатышат.

Негизинен ортомчу компаниялар Электр станциялар ишканасынан электр энергиясын дүңүнөн сатып алып, айрым жерлерде элге жана ири ишканаларга кайра сатат жана бөлүштүрөт. Алар мамлекеттик бөлүштүрүү компаниясына атаандаш болуп, мамлекет өндүргөн токту базар шарттарына жараша алып-сатууну уюштуруу үчүн түзүлгөн. Бирок бул компаниялардын көпчүлүгү алып-сатарлык менен күн көрүп жатат деген доомат коюлуп жатат.

Түндүк электр ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев ортомчу компаниялар пайда табуунун очогуна айланганын, алардын көбү Энергетика министрлигинде мурда иштеп кеткен аткаминерлерге, алардын жакындарына таандык экенин белгиледи:

- Булар биз мамлекеттик бөлүштүрүү компанияларга атаандаштык түзөбүз, алардай техникалык жоготууларга жол бербейбиз деп түзүлгөнү менен, 300-400 миллион сомго жакын каражатты өздөрү жеп алышканы тууралуу сөз болуп жатат. Мындан улам далдалчы фирмаларды базардан чыгарып, мамлекеттик бөлүштүрүү компанияларын күчтөндүрүү зарыл.

Ага жараша азыр электр тогу менен бардык кардарларды мамлекеттин ээлигиндеги ишканалар өздөрү камсыздаш керек деген маселе көтөрүлүүдө.

Дооматка жүйө табылат

Анткен менен ортомчу фирмалардын өкүлдөрү дебитордук карыздардын жана жоготуулардын ашкере көбөйүп кетпей, бир калыпта сакталып турушунда ортомчу компаниялардын салымы чоң деп жатышат.

Маселен, бул тармакта иш алып барган ЭСМ-СИ ишканасынын жетекчиси Бийназар Бердикеевдин айтымында, мамлекеттик бөлүштүрүү компаниялар өз ишин жөндөй албай, анан иши жакшы жүрүшүп жаткан жеке компанияларга бут тосуп жатат:

- Биз мыйзамдын негизинде лицензия алганбыз. Анын шартын аткарып жатабыз, мамлекеттин тарифтик саясатынан чыкпайбыз. Бизге бир дагы абонент арызданбайт. Себеби биз менен жарык өчпөйт, баары жайында. Анан мамлекеттин оозун караган 4 бөлүштүрүү компаниясы өз ишин жөндөй албай, иши жакшы жүрүшүп жаткан бизге бут тосуп жатышат.

Энергетика министрлигинин маалыматында, ортомчу фирмалар электр кубаты менен калктын 1 пайыздан ашыгырагын эле жабдыйт. Негизги ишти бөлүштүрүүчү мамлекеттик төрт ири компания аткарат. Бирок алар карыздарды чогултуу, техникалык жоготууларга бөгөт коюу жагынан менчик компаниялардын алдына чыга алышпайт.

Өкмөттүн алдындагы техника-экологиялык инспекциянын жетекчи орун басары, энергетика жаатындагы белгилүү адис Райымбек Мамыровдун ынанымында, менчик компанияларды жоюп жибергенге караганда атаандаштыкты күчөтүү жемиштүү болот:

- Таза атаандаштык болуш үчүн бирдей шарт болуш керек. Болбосо, мамлекеттик компаниялар электр энергияны бир аз арзан сатып алганы менен трансформаторлорду оңдоп-түзөөнү мойнуна алышат. Ал эми ортомчу компаниялар ага акча кетирбей эле даяр токту сатып, пайда көрүп жатышат.

Өкмөт болсо электр энергиясын саткан ортомчу компанияларды биротоло жоюуга кызыкдар. Ага жараша лицензиясынан кол жууган менчик компаниялардын кардарлары мамлекеттик бөлүштүрүү компаниялардын карамагына өткөрүлө баштайт деген божомолдор айтылууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG