Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:22

Күркөдө күн өткөргөн "өтүкчү"


Замир Бөлөкбаев
Замир Бөлөкбаев

Турмушта эмнелер гана болбойт? Бүгүн кеп кыла турчу каарманыбыз Замирбек “жашоомдо жаңылсам да, чөгүп кетпей, жакшылыкка умтулам”, - деп жашап келет. Жашаган үйү да, иштеген иши да 6 чарчы метр күркө.

55 жашка чыкканда чүрпөлүү болгон Замир Бөлөкбаев биз барган маалда кезектеги кардарын тейлеп жаткан экен.

Иш орду үйү да. Наристе үшүп калбасын деп каалганы ачпайт: Нарында азыртадан эле ызгаар күч.

Замир аке 10 жылдан бери күркөдө күн өткөрүп келет. Тартынып барып, акыры кантип өз тамынан айрылып, бул турмушка туш болгонунан кеп салды:

- Атам ПЕСте иштеп жүрүп каза тапкан, анан өгөй эненин колунда калгам. Атам каза болгондон кийин бейбаштык менен соттолуп кеттим. Соттолуп чыксам менин үйүмдү колумду койуп сатып жиберген экен. Анан соттошуп чеч дегенинен соттошсом, сот караган да жок. Сот деле тартып берип койду.

Адеп үйсүз калганда көчөдө түнөп, селсаяк да болуп кете жаздаган. Кийин эркин жыйнап, жашоосун оңдоону чечет.

Эптеп тыйынын жөнжай коротпой чогултуп, ушул күркөнү 1000 сомго сатып алып, анан жан багыш үчүн өмүрү кармап көрбөгөн өтүк ултарууну үйрөнөт.

Күркөнүн бир бурчунда ишке керек шаймандар, экинчи бурчунда үй оокаттары, эскилиги жеткен керебет турат.

Бул үй деп аталган күркөдө жубайы, ымыркай чүрпөсү болуп үчөө жашайт. Күн суукта каалганы ачып-жапкандан наристеси үшүп калбасын деп кардар менен терезеден сүйлөшөт:

- Бул будканы 1000 сомго сатып алгам. Эми эшик ачылганда балага суук тийип атпайбы. Мына, эшик жана жашаган жер, же коридор жок. Бул тумбочка, тамак жасап жейм, канистр менен суу алып келем. Кичинекей телевизорду бая күнү бирөө берген, көрүп тур деп, анан радио, эски диван андан бөлөк эч нерсе жок. Анан жумушка керектүү материалдар, тери, обойка, кайчы, мотор бар. Ушулар менен иштейм, айрылганды жамап берем.

Каарманыбыз үйлөнгөнүнө 3 жыл болгон экен. Жубайы менен деле ушул күркөдө баш кошкон. Быйыл чүрпөлүү болуп сүйүнүп отурат.

Жубайы сүйлөгүсү келген жок. Замирбек болсо балам чоңойгуча тамга жетсем экен деп бардык күчүн үрөп турган чагы:

- Мэрге кирдим, "турак жайым жок эле, бирдеме кылып, бир вагон таап бербейсиңерби" десем дагы бир шылтоону айтып койду. Анан губернаторго кирдим, ал да шылтоо айтты: "жер ал, анан жардам берем" деп. Колуктум менен ушул жакта жашап жүрүп эле таанышып, кудайдын буйругу экен жашап калдык, мына балалуу болдум. Кээ бирлер түшүнөт, кээ бирлер жаман көрөт. Эң башкысы көчөдө тентип калган жокмун да. Эми аракет кылайын деген менен, менин күнүмдүк нанымды эч ким таап бере албайт. Эми бул жактан баланы да караш керек.

Өтүк ултаруу мезгили дал кышка маал башталат, жайкысын жумуш көп болбойт экен. Бир бут кийимди 50 сомдон 200 сомго чейин тигет. Айрымдарына бекер деле ултарат экен:

- Эми күнүгө көнүп калган бул жердеги кишилер келет. Мына, кышында сезон болот, анан жазында баткакта. Жайында чанда-чанда эле келет. Бут кийимдерин нааразы болбогондой кылып тигип берем. Азыр кээ бирөөнүн колунда бар, кээ бирөөндө жок. Шартына жараша арзандатып тигип берем.

Чынында мындай жашоо эптеп өлбөстүн күнүн көрүү дечи. Бирок өтүкчү Замирбек маңдай тери менен эмгек кылып, жан багып жатканынан кыйынчылыктарга кайыл.

Меникиндей жашоону душманга да каалабайм, бирок көчөдө “бомж” болуп калбай, анча-мынчадан өйдө жашайм, – деп каниет кылат.

Бир чети ымыркайды куштун уясындай жерде кармап оорутуп албайбы деп кабатыр болсоң, бир чети көчөдө тентип калбай, кайра жашоого бет алган эрктүүлүгүнө ыраазы болосуң.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG