Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Орустун тилин тапкан Шабдан баатыр


Замана кандай кары, кандай керең,
Закымдап учкан сайын түбү терең, -
деп улуу акын Алыкул Осмонов жазып кеткендей, элибиздин сандаган кылымдарды камтыган байыркы тарыхында биз баркына жете баалап, ойдогудай изилдеп чыга элек нечен бир орошон инсандар, баатырлар, аты унутулуп кеткен залкарлар дале болсо көп. Шүгүрчүлүк, эгемендиктен кийинки жылдарда нечен ошондой тарыхый ишмерлердин атын кайрадан чыгарып, улуттук тарыхыбыздын кырманына коштук. Руханий жактан көп эсе байыдык жана кеңелдик.


please wait

No media source currently available

0:00 0:06:53 0:00
Түз линк



Ошону менен бирге өткөн тарыхка, бул же тигил маанилүү окуяларга, аты белгилүү инсандарга баа берүү, реалдуу портретин тартуу оңой-олтоң маселе эмес экендигин да моюнга ала жүрүшүбүз керек. Анткен себеби бул же тигил тарыхый инсандын атын атасак эле же обу жок мактап, ыксыз көбүртүп-жабыртып, же таптакыр эле жерге таптап салмай адатыбыз да жок эмес.

Ошол тарыхы жана тагдыры тууралуу дале болсо кумар кандыра жазылбаган залкар инсандардын бири айтылуу Шабдан баатыр же Шабдан Карабек уулу десек чындыктын дал үстүнөн чыгабыз го. Анткен себеби Шабдан баатырдын өмүрү өзүнчө эле бир роман, болгондо да баш көтөрбөй окуп чыга турган роман; анын тарыхый инсан катары, саясий лидер катары өмүрү жана тагдыры ал жашаган доор сыяктуу өйдө жана ылдый, карама-каршылыктарга абдан бай.

Шабдандын биографиясында чыныгы баатырлык да, көп нерсени алдын ала көрө билгендик да, ошону менен бирге орустун зордукчул колониалдык бийликтерине өтө эле жакындык, берилгендик, ыксыз компромисс да жок эмес. Башкача айтканда, чоң тарыхтын калыс таразасына салып карай келгенде Шабдан баатыр тууралуу жалаң гана оң пикир, же жалаң гана терс пикир айтуу эч бир мүмкүн эмес, себеби анын адам катары, инсан катары таржымалы ХIХ кылымдын экинчи жарымындагы улуттук тарыхыбыз кандай татаал, карама-каршылыктуу, азаптуу жана тозоктуу болсо, кудум ошондой.

Ушул эле пикирди Алымбек датка тууралуу, Полот хан тууралуу, ал гана эмес ХХ кылымдагы эң эле белгилүү деген тарыхый инсандарыбыз, саясатчыларыбыз, лидерлерибиз тууралуу сөз кылганда да айтууга болоор эле. Көрсө, тарых деген маңдайдан сылаган ата, эмчек сүтүн берген эне эмес тура; тарыхтын өзүнчө логикасы, оош-кыйышы, аттап өтүүгө мүмкүн эмес мыйзамдары бар экен.

Шабдан баатыр 1840-жылы Ысык-Көлдүн күңгөй Ак-Сууга жакын Туюк-Булуң деген жеринде туулуп, бирок өмүрү Чоң-Кеминде жана Пишпекте өтүптүр. Анын жоокер катары, лидер катары, саясатчы катары калыптанган жана жетилген учуру Кокон хандыгы бара-бара ыдырап жана талкаланып, Орусиянын опсуз зор империясы Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга да колониалдык бийлигин орното баштаган мезгилге туура келиптир. Бирок атактуу замандашы Курманжан даткадан, Калыгул олуядан, ак таңдай акын Арстанбектен айырмаланып, Шабдан башынан эле орусчул, башынан эле Кокон бийлигине душман адам болуптур. Канында сарбагыш уруусунан чыккан айтылуу Тынай бийдин, Атаке баатырдын, хан Жантайдын каны бар, илгертен кыргыздын эл бийлеген манаптарынын тукумунан чыккан ак сөөк Шабдан саясий тагдырын эң башынан эле орус администрациясы менен тыгыз байланыштырыптыр. Тээ 1786-жылы Санкт-Петербургга элчи жиберип, бир жагынан Кокон, экинчи жагынан Кытай империясы кыскан тоолук кыргыздарга орус протекторатын сураган бабасы Атаке баатырдын саясий жана стратегиялык линиясын Шабдан да өмүр бою улантып келиптир.

Сыягы Шабдан башкаларга караганда Орусиянын зор экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн, потенциалын жакшыраак билип, Кытай менен Коконго караганда Орусияны алда канча артык көргөн окшойт. Бул үчүн ал колунан келгендин баарын жасап, атактуу орус аскербашчысы М.Д. Скобелевден тартып, Түркстандын эң биринчи генерал-губернатору фон Кауфманга, генерал-лейтенант И. Колпаковскийге чейин тыгыз мамиле түзүп, ошолордун ишенимине кирип, орус колониалдык бийлиги Кыргызстанга, ал гана эмес Ташкенге, Коконго, Алай менен Ошко орношуна жеке зор салымын кошуптур. Ошол көп жылдык кызматы үчүн ондогон орус сыйлыктарын, ар түрдүү медалдарды, кымбат баалуу чепкендерди алып, эң биринчилерден болуп орус аскеринин формасын кийген кыргыздардан болуптур. Ал гана эмес дворяндык наам алганга аракетин жасап, Орусиянын алдында өтөгөн зор эмгеги үчүн ак падыша Александр үчүнчүнүн 1883-жылдагы Москвадагы такка отуруу салтанатына катышууга делегат да болуп шайланган экен.

Кыскасы, Шабдан Карабек уулу атактуу бабасы Атаке баатыр сыяктуу эле баары бир орус бийлиги Орто Азияга келээрин, келечек заман Кокондун артта калган феодалдык бийлигиники же Цинь империясыныкы эмес, Орусиянын заманы экенин алдын ала сезген жана билген деп эсептөөгө болот. Бул анын лидер катары, саясатчы катары кыргыз элинин тарыхындагы өтө маанилүү ордун жана салмагын аныктап турат.

Шабдан адам катары, инсан катары өтө көп кырдуу, өтө индивидуалдуу киши болгон экен. Бир чети атагы алыска кеткен баатыр, орустун тилин таап сүйлөшө билген дипломат, экинчи жагынан берешендиги, колу ачыктыгы жагынан чыныгы легендага айланган айкөл адам болуптур. Бир жолу астындагы атын кармата берип, үйүнө жөө келгени азыркыга чейин аңыз болуп айтылып келет. Ошону менен бирге жети атасына чейин өңчөй манаптардын тукуму болгон Шабдан орустун тилин эртерээк таап, элге-журтка колунан келген жардамын берген дипломат киши болуптур. Ошол кездеги орус администрациясынын өкүлдөрү жазгандай, баатырдын үйүнө ондогон эмес, жүздөгөн адамдар кирип-чыгып, тамак ичип, даам сызып, жардам алып, кеңеш сурап, Шабдандын Чоң-Кеминдеги жана Пишпектеги орус стилинде салынган үйлөрүндө эч качан киши аягы үзүлчү эмес экен. Себеби баатырдын негизги жашоо принциби - элден алганын элге берүү экен.

Ошентип жерге батпаган дүйнө-мүлк эмес же куржун-куржун акча эмес, аябагандай зор аброй жыйнап, кийин 1912-жылы каза болгондо Шабдан баатыр артына ат көтөргүс наамынан башка эч нерсе калтырбай өтүп кетиптир. Муну “Туркестанские ведомости” деген газетага чыккан орусча некрологдо да атайын баса белгиленип, “он умер бедняком” деп жазышканын эске сала кетели.

Маегибиздин соңунда Шабдан баатырдын кыргыз тарыхындагы негизги ролу жана мааниси эмнеде деген суроого жооп бере кетели. Анын негизги ролу - Кыргызстанды Орус империясынын курамына киргизүү жана ага мүмкүн катары жакындатуу. Аябагандай артта калган ХIХ жүз жылдыктагы Кыргызстанды, кыргыз элин орус маданиятынын гана опол тоодой энергетикасы, Европа цивилизациясынын күчтүү толкуну менен гана өйдө көтөрүүгө мүмкүн болгондугун чындыгында да кийинки тарых, айрыкча ХХ кылымдагы кыргыз тарыхы толугу менен ырастап, алаканга салгандай ачык көрсөттү го.

Ал эми Шабдан баатырдын каза болгондогу миңдеген адам катышкан ариети, кийинчерээк өткөрүлгөн атактуу ашы, Мекеге ажылыкка барганы, деле мусулманчылыкка абдан астейдил экени, Олуя-Атада аны казактын атактуу ырчысы Жамбыл кантип мактаганы, Стамбулда түрк султандары менен да карым-катнаш түзүп, Босфорго көпүрө куруу үчүн колунан чыккан жардамын бергени тууралуу баянды кийинки, экинчи макалабызда сунуш кылмакчыбыз.

XS
SM
MD
LG