Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:35

Президент Садыр Жапаров Москвада Жеңиш парадына катышты


Садыр Жапаров Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн лидерлери менен. Москва, Орусия. 9-май, 2024-жыл.
Садыр Жапаров Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн лидерлери менен. Москва, Орусия. 9-май, 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадга катышты.

Кызыл аянттагы башкы аскердик парадга 9 миңден ашуун адам, 70 даана аскер техникасы жана авиация катышты. Жөө колоннанын курамына салттуу түрлөрү боюнча бөлүнгөн полктор, батальондор жана роталар кирди.

Парадга Орусиянын президенти Владимир Путин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Иш-чарага ошондой эле Кубанын президенти Мигель Диас-Канель, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит жана Гвинея-Бисаунун президенти Сисоку Эмбало чакырылган.

Жеңиш парады аяктагандан кийин мамлекет башчылар Орусиянын президенти Владимир Путин менен биргеликте Александр бакчасындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышты.

8-майда Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Москва шаарында өткөн мааракелик отурумуна катышып, Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) жетишкендиктери жана кемчиликтери тууралуу кенен билдирүү жасаган.

Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда тутанып, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган. Ага ошол маалдагы 74 мамлекеттин 62си, дүйнөнүн 80% калкы катышкан. Согуштан жалпы 70 миллиондой адам кырылган.

9-май – Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү болуп саналган Улуу Ата мекендик согуштун бүткөн күнү. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 1941-жылы 22-июнда башталып, 1945-жыл 9-майда СССР жеңишке жеткен.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын 1-мартына карата маалыматына ылайык, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери калды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG