Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Чек ара кызматы Өзбекстандын билдирүүсүн төгүндөдү


Кыргызстандын УКМКнын алдындагы чек ара кызматы Ала-Букадагы окуяга байланыштуу Өзбекстандын мамлекеттик чек араны коргоо боюнча комититетинин расмий билдирүүсүн төгүндөдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Буга чейин Өзбекстандын бир катар маалымат каражаттары өлкөнүн чек ар коргоо комитетинин расмий билдирүүсүн тараткан эле. Анда өзбек чек ара кызматы Ала-Букадагы окуяны Кыргызстандын чек арачыларынын "бандиттик куралдуу кол салуусу" деп баалаган.

Мындан улам Кыргызстандын Чек ара кызматы бул билдирүүнүн чындыкка кошпой турганын билдирип, биринчи болуп өзбек чек арачылары ок чыгарганын маалымдашты.

Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, өзбек тараптын билдирүүсү окуядан соң 18-июлда эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жаңжалды биргелешип иликтеп, калыс баа берүү боюнча сүйлөшүүлөргө кайчы келет:

- Биз бандиттик куралдуу кол салуусу деген сөз өзбек чек арачыларынын аракеттерине мүнөздүү деп эсептейбиз. Анткени алар биринчилердин болуп Кыргызстандын аймагында тынч жарандарды аткылашты. Өзбек аскерлери мындай аракеттери менен эки өлкө ортосундагы жетишилген эки жана көп тараптуу келишимдерди бузду.

Буга байланыштуу Кыргызстандын чек ара кызматы Өзбекстан тарапты ар кандай жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү жасабай, жаңжалды бейтарап иликтөөгө көмөктөшүүгө чакырды.

17-июлда Ала-Бука районунун Булак-Башы айылындагы чек ара бекетинде кыргыз-өзбек чек арачылары ортосунда атышуу болгон эле. Анда Кыргызстандын чек арачы набыт болуп, бир жергиликтүү тургун жараат алган. Муну менен катар Өзбекстан бир чек арачы набыт болуп, дагы бири жараат алганын айтып чыкты.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматында атышуу эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу аймакта кыргыз жарандары менен өзбек чек арачыларынын араздашуусунан чыккан.

Учурда окуяны эки өлкөнүн чек арачылар иликтеп жатат. Ошондой эле Кыргызстандын Аскер прокуратурасы бул боюнча кылмыш ишин козгогон. (BkA)

XS
SM
MD
LG