Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Египеттеги шайлоону исламчылардын талапкери жеңди


Мохамед Мурсинин Тахрир аянтындагы колдоочулары, 24-июн, 2012-жыл
Мохамед Мурсинин Тахрир аянтындагы колдоочулары, 24-июн, 2012-жыл

Египеттин жаңы президенти болуп “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мохамед Мурси жарыяланды.

Египеттин Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, экинчи айлампада Мохамед Мурси атаандашы – Хосни Мубарактын акыркы өкмөтүн жетектеген генерал Ахмед Шафикти жеңди. Мурси добуштардын 51,7% алса , Шафикке 48,3% добуш беришкен.

"Талапкерлер алган добуштардын саны төмөнкүдөй: Доктор Ахмед Шафик Заки 12 миллион 347 миң 380 же 48,27 процент, доктор Мохамед Мурси Иса ал-Аят – 13 миллион 230 миң добуш алды", - деп жарыялады шайлоо комиссиясынын төрагасы Фарук Султан.

Каирдеги айтылуу Тахрир аянтына чогулган Мурсинин миңдеген тарапкери кабарды кол чабуулар, салют атуу менен кабыл алышты.

17-июнь күнкү шайлоо Египетти экиге бөлгөндөй болду. Айрымдары Шафиктин бийликке кайтышы менен Мубарак тушундагыдай режим орнойт деп чочулашса, башкалары ислмачылардын башкаруусун каалабаганын айтышат.

Шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 51,8 проценти катышты.


Мохамед Мурси (солдо) жана Ахмед Шафик
Мохамед Мурси (солдо) жана Ахмед Шафик
Мурси мындан 16 ай мурун элдик толкундоолордун натыйжасында бийликтен кулатылган Хосни Мубарактын ордун басмакчы.

Жеңилип калган талапкер - Шафиктен азырынча комментарий түшө элек. Буга чейин ал шайлоонун жыйынтыгын урматтаарын айтып келген.

Кесиби боюнча инженер, 60 жаштагы Мурси жаңы өкмөткө башка саясий күчтөрдүн өкүлдөрүн чакыраарын убада кылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 17-июнь күнкү шайлоонун жыйынтыгын бейшембиде шардана кылмак, бирок айрым бурмалоо фактыларын териштирүү үчүн убакыт талап кылынаарын айтып, жарыясын бир нече күнгө кийинкиге жылдырган.

“Мусулман агайындар” кыймылынын колдоочулары расмий жыйынтыкты Тахрир аянтында күндөп-түндөп күтүштү.

Расмий маалымат белгилүү боло электе эле эки талапкер тең өздөрүн жеңүүчү деп жарыялап жиберишкен.


Египеттин мамлекеттик телеканалы кабарлаганына караганда, башкаруудагы Аскердик кеңештин төрагасы маршал Хусейн Тантави Мурсини жеңиши менен куттуктады. Мубарак кулатылгандан кийин түзүлгөн Кеңеш акыркы күндөрү өзүнүн мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигин күчөтүү жана президенттин ыйгарымдарын чектөө багытында бир нече мыйзам кабыл алган. Тахрир аянтындагы эл генералдардын бийлигине каршы ураандарды кыйкырып жатышты.

Жума башында Кеңештин жогорку даражалуу өкүлү генерал Мохаммад ал-Асар бийликти жаңы шайланган президентке ай соңунда өткөрүп берээрине ишендирип, ал “чоң салтанат” менен коштолоорун билдирген.

Египеттеги шайлоонун жыйынтыгын Газа тилкесинде да кубануу менен кабыл алышты. Газаны “Мусулман агайындарынын” жергиликтүү канаты – исламчыл “Хамас” тобу башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG