Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:19

Качкан жоокерлерге кылмыш иши козголду


8-декабрда бөлүктөн качып кеткен жоокерлер ата-энелери көндүргөндөн кийин, 9-декабрда кечке маал Аскердик прокуратуранын алдына келишкен. Бишкек, 9-декабрь.
8-декабрда бөлүктөн качып кеткен жоокерлер ата-энелери көндүргөндөн кийин, 9-декабрда кечке маал Аскердик прокуратуранын алдына келишкен. Бишкек, 9-декабрь.

Коргоо министрлигине караштуу №41069 аскер бөлүгүнөн жоокерлердин тобу менен качышынын жаңы өнүттөрү ачыкка чыга баштады.

Аталган аскер бөлүгүнөн качып кеткен жоокерлерден алты айдан соң чакырылган жоокерлердин ата-энелери качкан жоокерлер өздөрүнөн кийин чакырылгандарды аёoсуз ур-токмокко алып, бул айыбы жетекчиликке билинген соң аскер бөлүктү таштай качканын айтып чыгышты. Буга чейин Коргоо министрлиги да дал ушундай билдирүү тараткан эле. Качкан жоокерлердин жакындары муну офицерлердин басымы менен жасалган кадам катары баалашууда.


Тараптар бири-бирин айыпташууда


Коргоо министрилигин маалыматы боюнча, Бишкектеги №41069 аскер бөлүгүндө 31 жоокер кызмат өтөйт. Алардын 15и жазында чакырылгандар, калган 16 жоокердин келгенине 1 ай гана болгон. Дал ушул аскер бөлүктө 6 айдан бери кызмат өтөгөн 15 жоокер 8-декабрь түнү качып кеткен эле. Бирок 9-декабрда аскер бөлүктү таштап кеткен жоокерлер ата-энелеринин кийлигишүүсү менен кайтып келишип, башка аскер бөлүгүнө которулган. Жоокерлер аскер бөлүктүн офицерлеринен тынбай кордук көргөнүнөн улам ушундай кадамга барышканын билдиришүүдө.

Бирок 12-декабрда аталган аскер бөлүгүнө алты айдан соң чакырылган жоокерлердин ата-энелери качкан жоокерлер өздөрүнөн кийин чакырылгандарды аёосуз ур-токмокко алып, бул айыбы жетекчиликке билинген соң аскер бөлүктү таштай качканын айтып чыгышты.

Ата-энелердин бири Айнагүл Абакированын айтымында, аскерлер качып кеткен соң аскер бөлүктүн жетекчилиги аларды балдары менен жолуктурган. Жолугушууда жаш жоокерлер качкан жоокерлердин тынбай сабап, ыдык көрсөтүп келишкенин айтып беришкен:

- Баламды чечинтип көрсөм, денеси көгөрүп, мурду шишип кетиптир. Көрсө мурунга жептир. Дагы бир топ жерлериндеги көк ала тарап кеткенин айтты. Жанында орус бала турган. Василий Хохлов деген бала экен. Анын башында жарака бар экен. Аны аскер куру менен башка чабышыптыр. Мына ушундай сабоолорду уюштургандардын башында Миркулин, Мухамбет уулу, Тынычбек уулу деген 8 ай кызмат кылган балдар турат экен.

Абакированын билдиришинче, жаңы чакырылган жоокерлердин үчөөсү оор жаракат менен ооруканада жатышат. Мындан улам алар Аскер прокуратурасына арыз менен кайрылышты.


Ким кимди сабады?


Анткен менен аскер бөлүктөн качкан 15 жоокердин ата-энелери мындай дооматты четке кагууда. Качып кеткен жоокерлердин биринин апасы Анара Абдрахманова бул аракетти аскер бөлүктүн офицерлеринин айыбы ачылган соң жоопкерчиликтен качуу үчүн жасаган айласы катары баалады:

- Аскер бөлүктүн командирлери, бөлүктүн башчылары кесилип кетпеши үчүн, жумушунунан айрылып, наамдарын алдырбаш үчүн биздин балдарды “молодойлорду” сабады деп айтып чыгышууда. Бул ата-энелер жөн эле заказ менен чыгып жатат. Мисалга жаңы чакырылгандардын арасынан бир бала мындай нерсе болгон эмес деп, арыз жазуудан баш тартыптыр.

Ошол эле кезде бул ишти көзөмөлгө алып, өз алдынча иликтөө жүргүзүп жаткан “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдрасулованын маалыматына караганда, медициналык экспертизанын жыйытыгында качып кеткен аскерлердин денесиндеги жаракаттар аныкталды:

- Мен ошол 15 аскердин 11инин денесин карап чыктым. Ошол аскерлердин ийиндеринде, ооздорунун ичинде, тизелеринин ылдый жактарында токмоктун тактары бар экен. Мейли булар жаңы келгендерди урган болсо, буларды ким урду деген суроо пайда болуп жатат.

Коргоо министрлигинин тарбия иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эрнис Эламанов болсо жаш жоокерлердин ата-энелеринин жүйөөлөрүнө макул. Анын айтымында, азыркы учурда Аскер прокуратурасы тарабынан жоокерлерди сабады деген офицерлерге да, качып кеткен жоокерлерге да кылмыш иши козголду:

-Качкан аскерлер 6 ай кызмат кылгандан кийин жаш балдар түшкөндө алардан акча, тамеки талап кылып, урган. Аны аскер бөлүктүн командачылыгы билип калган соң, булар жоопкерчиликтен качалы деп үйлөрүнө кетип калышкан. Азыр Бишкек аскер гарнизондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду, эки кылмыш иши каралып жатат.

Кыргыз армиясындагы башаламандык, тартипсиздик өкүм сүрүп келатканы коомчулукта көптөн бери эле айтылып келатат. Акыркы жылдардарда эле өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндөгү уруп-согуулардан улам бир нече жоокер ажал тапкан.

Тасмада: Качкан жоокерлер кайтып келишти

15 жоокер эмнеге качты?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:09 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG