Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:09

Аскердеги мушташтан үч жоокер жаракат алды


Аскерлердин ортосундагы мушташ Бишкектин четиндеги машыгуучу жайда болгон.
Аскерлердин ортосундагы мушташ Бишкектин четиндеги машыгуучу жайда болгон.

Улуттук гвардиянын жоокерлеринин сабалышы боюнча аскер прокуратурасы иш козгоду.

30-августта уктап жаткан жеринен ур-токмокко алынган бир прапорщик, эки жоокер Беш-Күңгөйдөгү аскердик ооруканага жаткырылган.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 30-августунда Көк-Жар айылына жакын жердеги ок атып машыгуучу жайда болгон. Ал жерде Улуттук гвардиянын, Чек ара аскерлеринин ок атуучу талаалары жана Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер полигону жакын жайгашкан.


ИИМдин аскерлери Улуттук гвардиянын жоокерлерин сабап салды


Коргоо министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Асель Ожураеванын белгилешинче, 30-август күнү кечинде ИИМдин ички аскер курамында кызмат өтөп жаткан жоокерлери Улуттук гвардиянын аскерлерин сабап салышкан. Маалыматка ылайык, окуяга сырттан келген белгисиз адамдар да катышкан. Окуяда жабыркаган Улуттук гвардиянын прапорщиги Максат Итибаев жана катардагы жоокерлер Нуртемир Болотбеков жана Кумарбек Сагынбек уулу Беш-Күңгөйдөгү аскердик ооруканага жеткирилип, учурда дарыланууда. Аларга дарыгерлер мээси чайкалып, денесине залака тийген деп аныктама берген. Алардан сырткары Чек ара аскеринде кызмат өтөгөн эки жоокердин да жараат алганы айтылууда.

- Булар ИИМдин ички аскерлеринин жоокерлери тарабынан ур-токмокко кабылган. Алар менен дагы башка белгисиз адамдар болгон. Жарат алган жоокерлер ошол эле күнү Беш-Күңгөйдөгү аскердик ооруканага жаткырылган.

Бул окуяда бир жоокер каза болгону айтылып, кийинчерек бул маалымат так эмес болуп чыкты. Ал эми Улуттук гвардиядан билдиришкендей, окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, шектүү делген 8 жоокер кармалыптыр. Алардын үчөө жаратына байланыштуу ооруканага жаткырылган.

Учурда окуянын чоо-жайын Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы иликтөөдө. ИИМдин ички аскеринин өкүлү Анвар Касымов тергөө кызыкчылыктарына байланыштуу деп маалымат берүүдөн баш тартты. Ал эми Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү менен байланышуу мүмкүн болгон жок.


Мушташ эмнеден чыкты?


Улуттук гвардиянын кол башчысынын жардамчысы Талгат Саалаев ИИМдин ички аскер курамында жана Чек ара аскеринде кызмат өтөгөн жоокерлер ортосунда буга чейин чыр болгон деген маалыматтар бар экенин гана кошумчалады.

- Эми бул маалымат так деп азыр айта албайбыз. Бизде болгон маалымат боюнча, Ички аскерлер курамында кызмат өтөгөн жоокерлер буга жини келип, өч алгылары келген. Алар сырттан досторун чакырып келип, спирт ичимдик ичишкен. Андан кийин жатарга даярданып жаткан учурда ондон ашуун бала Чек ара аскеринде кызмат өтөгөн жоокерлерди сабаган. Ошондо бир аскер Улуттук гвардиянын ок атуу талаасын карай чуркаган деген маалымат бар. Ошол жактан биздин жоокерлерди да уктап жаткан жеринен сабаган. Сырттан келген белгисиз адамдар кармалып-кармалбаганы тууралуу маалымат жок. Биздин билишибизче, ИИМдин ички аскеринде жана Улуттук гвардиянын жоокерлери ортосунда чыр-чатак буга чейин болгон эмес. Эмне себептен мындай окуя болуп кеткени бизге да чоң суроо болуп атат.


Аскер прокуратурасына нааразы ата


Сабалып, учурда ооруканада жаткан Нуртемир Болотбековдун атасы Болотбек Токтокожоев баласы сакайып чыкканда коркутуулар болбос бекен деп кооптонууда. Ал ишти тергеп жаткан Бишкек шаардык гарнизонунун Аскер прокуратурасынын тергөөчүсүнүн ишине жана мамилесине нааразы:

- Адегенде ал-акыбалы начар эле болчу. Мен 1-сентябрда бардым. Баламын айтымында, уктап жаткан жеринен эле күрөк менен чаап киришиптир. Менин уулумду болсо темир таяк менен чааптыр. Он-он беш бала дейт.

- Балаңызды дарыгерлер эмне деп жатышат, кандай диагноз коюшуптур?

- Мурдун талкалап салышыптыр. Госпиталдан мурдуна гипс коюп, оңдоп-түздөшүптүр. Болгону эле аскер прокуратурасы бизге оң жооп бербей жатпайбы. Башында көрөбүз деп барышкан жок. Анан мен чыдабай тергөөчүгө чалып, кечээ эле барам дедиң эле десем, “менин ишим кокодон толтура, эмне кылсаңар ошо кылгыла, прокуратурага арыздангыла" дейт. Ошондой кантип болсун. Андай болсо ИИМден аябай үстөмдүк кылып коюшкан. Балким сен жатып алып бизди жамандадың, минттиң деп баламы кысабы деп дагы ойлонуп атам. Ким билет?

Жоокерлердин токмоктолушу биринчи окуя эмес. Буга чейин да ушуга окшогон окуялар катталып келген. Акыркыларын эске салсак, мындан бир жыл мурда Баткендеги чек ара аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн катардагы жоокер Назарбек Абдразак уулу ур-токмоктон каза тапкан. Үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкектеги № 74-12 Аскер бөлүгүндө катардагы жоокер Чубак Бакыт уулу сокур ичеги болгонуна карабай токмоктолгон.

Айрым эксперттер мындай окуянын болушу эл ичинде армиянын беделин сындырып, жаштардын аскердик кызмат кылуу демин суутуп жатат дешет.

XS
SM
MD
LG