Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Өспүрүмдөр мушташынан бир өмүр кыйылды


Кыргызстандын мектептериндеги рекетчилик, балдар мушташы тууралуу коомчулукта көптөн бери маселе козголуп жатканы менен оң жыйынтык чыкпай келет.
Кыргызстандын мектептериндеги рекетчилик, балдар мушташы тууралуу коомчулукта көптөн бери маселе козголуп жатканы менен оң жыйынтык чыкпай келет.

Ысык-Көлдүн Түп районунда окуучулардын калайман мушташынан 9-класстын окуучусу мерт болду.

Тогуз-Булак айылындагы 23-орто мектептин 11-класстын беш окуучусу менен 9-класстын алты окуучусу айыл четинде мушташа кетишкен.

Мушташтан кийин тогузунчу класстын балдары айылдык фельдшер Анара Жумакеевага чуркап барышкан.

Окуяга күбө болгон айыл доктуру Жумакеева буларды айтат:

- Саат кечки 7:30 чамасында мага тогузунчу класстын балдары чуркап келди. Эки бала аябай ыйлап алган болчу. “Анара эже, жардам бериңиз, болунуз Аманчик жаман болуп атат”, - деп. Эмне болдунар эле десем “бизди 11 класстын балдары сабады” дешти. Анан айткан жерге жөнөсөм балдардын бири “биз көтөрүп келатканда Аманбек бир эки кыр-кур эткен”, - деп калды. Кокуй деп барып баланы текшерейин десем кете берген экен. Ошол жерден эле айыл башчыны, мектеп директорун, милицияны чакырттык.

Азыр айылда мушташтан өмүрү кыйылган Аманбек Байгазиевдин жүрөгү оорулуу болчу деген кеп тараптыр. Бирок айылдык дарыгер Анара Жумакеева анын дени сак болгонун айтат:

- Эч кандай оорулуу болчу эмес, мага да, райондук ооруканага да кайрылган эмес буга чейин. Элпек, жакшынакай бала болчу.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кубат Жусупбеков билдирди.

- Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Бул эми балдардын арасында болгон чатак экен. Алар күндүзү волейбол аянтын тазалап жатканда чатакташа кетип, анан кечинде жолугуп, ушул иш болгон экен. Эч кандай массалык уруш эмес, эки баланын ортосунда болгон чатак. Баланын талуу жерине чаап жиберген экен, ошондон оңоло албай кете бериптир байкуш бала...

Тогуз-Булак айылындагы мектептин директору Нурийла Жамгырчиева болсо адам өлүмүнө алып келген бул окуя кандайча болуп кеткенине түшүнбөй турганын жашырган жок:

- Биз эмне себептен болуп кеткенин билбей жатабыз. Анткени балдар бизге да, ата энесине да айтчу эмес. Бул окуя мектептен кийинки убакта болуп жаткан соң биз билбей жатабыз. Мектепте балдар тынч эле жүрүшөт. Буга чейин биздин мектепте мындай окуя болгон эмес. Мындай болот деп да ойлогон эмеспиз, балдар өздөрү да ойлобосо керек. Талуу жерине уруп койгонго...

Бөөдө ажалга кабылган Аманбек Байгазиев бир үйдүн жалгыз туягы экен...

Түп районунда буга чейин окуучу кыздардын ортосунда да калайман мушташ чыкканы, жабыр тарткан бир кыз ооруканага жатып калганы тууралуу сөз болгон. Бирок жергиликтүү коомчулук ал окуяны сыртка кеңири чыгарган эмес.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG