Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:02

Үн режиссёрду өлтүргөн адам табылбай жатат


"Тумар" үналгысынын киши колдуу болуп каза тапкан режиссёру Жаныбек Айдаралиевдин жакындары өлтүргөн адамды тезинен табуу талабын коюшту.

Алар 21-ноябрда Башкы прокуратура жана Бишкек шаардык прокуратурасынын имаратынын алдына нааразычылык акциясын өткөрүштү. Башкы прокуратура кылмышкердин изделип жатканын билдирүү менен чектелүүдө.

Жаныбек Айдаралиевдин жакындары ал сабалган 17-октябрдан бери бир айдан ашуун убакыт өтсө да, кылмышкердин табылбай жатканына нааразы болууда.

Маркумдун жесири Айжан Кулибаева жолдошун өлтүргөн адамдын өздүгү аныкталганына карабастан аны кармоого келгенде тартип коргоо органдарынын чалагайымдык кылып жатканы түшүнүксүз дейт:

Жаныбек Айдаралиев
Жаныбек Айдаралиев
- Биз Жаныбекти өлтүргөн адамдын кармалышын жана сотко өткөрүлүшүн гана суранып жатабыз. Адамды өлтүргөн адам жазасыз жүрбөшү керек. Ошон үчүн бизде мамлекет болсо керек. Дал ушул үчүн тартип коргоо органдары, прокуратура бар да. Эгер бир кылмышкерди кармай албаса, анда алардын мамлекетке кереги эмне?

Буга чейин Биринчи Май райондук милициясы "Жаныбек Айдаралиевди сабады" деген шек менен Ысык-Көл облусунда туулган 28 жаштагы Максат Эралиевге издөө жарыялаган. Бирок ал аракеттен азырынча эч кандай майнап чыкпай келүүдө. ИИМдин маалымат кызматы издөө жүрүп жатканын билдирүү менен чектелүүдө.

Кылмышкер кайда?

Деген менен каза болгон үн режиссёрдун кесиптеши, "Миң кыял" радиосунун кызматкери Тынчтыкбек Кожобековдун айтымында, издөөдөгү Максат Эралиевди Бишкекте жүргөнүн көрүп-билгендер көп эле болууда:

- Бүгүн Жаныбектин каза болгонуна 34 күн болду. Андан бери Жаныбекти өлтүргөн адам боюнча "Дизел" сайтындагы форумда өтө чоң талкуулар болуп жатат. Ошол жерде көпчүлүгү "тааныйбыз, өткөндө Бишкектеги "Кремль" түнкү клубунун ачылышында жүрдү" деп айтып жатышат. Аялы, кесиптештери, ага-тууганы ал адамдын кайда экенин, кайда иштээрин билели деп жүрөбүз. Мындан бир жыйынтык чыгышы керек. Мындан жыйынтык чыкпаса кантип жашайсың? Же бирөө келип, бир муштап өлтүрүп койсо боло береби?

Ал ортодо кылмыш ишине көзөмөлдүк кылып жаткан Бишкек шаардык прокурорунун орун басары Азиз Алиев шектүүнүн туура эмес ысым менен изделип жатканын жар салды. Анын айтымында, Биринчи Май РИИБси тарабынан издөөгө жарыяланган 1983-жылы туулган Максат Эралиев бир жыл мурда фамилиясын жана туулган жылын алмаштырган.

- Ал бир жыл мурда фамилиясын жана туулган жылын өзгөрткөн экен. Анын азыркы аты Аскарбеков Максат Аскарбекович жана мурда туулган жылы 1983-жылы деп көрсөтүлсө, азыр 1984-жыл деп өзгөртүптүр. 17-ноябрда Жаныбек Айдаралиевдин каза болгонуна байланыштуу шектүүгө тагылган айып өзгөртүлүп, ага Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тактап айтканда, "бейбаштыктын негизинде адамды атайлап өлтүрүү" деп козголду. Баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок. Азыркы учурда менин көзөмөлүм алдында оперативдүү издөө иштери уланууда.

Айдаралиевдин жакындары бул ишке кайсы бир жогорку кызматтагы адамдардын тиешеси болушу мүмкүн деп болжошууда. Тынчтыкбек Кожобековдун айтымында, милиция кызматкерлеринин толук маалымат бербей жатышы да ушундан улам болушу мүмкүн:
Адамды өлтүргөн адам жазасыз жүрбөшү керек. Дал ушул үчүн тартип коргоо органдары, прокуратура бар да. Эгер бир кылмышкерди кармай албаса, анда алардын мамлекетке кереги эмне?

- Сабаган жигит кайсы бир депутаттын жардамчысы деп айтып жатышат. Эгерде бир чоңдун баласы ушундай абалда болгондо ИИМ так маалыматты, анын кайда иштээри тууралуу маалыматты эчак эле таап коймок.

Буга чейин интернет форумдарда кылмышка депутат Улан Чолпонбаевдин жан сакчысынын катышы бар деген божомолдор айтылып жаткан. Бирок муну депутат четке каккан билдирүү тараткан эле.

Жаныбек Айдаралиев 16-октябрь күнү катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Ал өзү иштеген түнкү клубдун чыга беришинде таксинин айдоочусуна белгисиз бирөө кол көтөрүп жатканын көрүп, айдоочуга болуша кетет. Бирок аягында тиги адам өзүнө асылып, башына, денесине оор залака келтирген.

Жаныбек мээсине жасалган операциядан кийин эс-учуна келе албай жатып 9-ноябрда көз жумган.

Тасмада: Маркум Айдаралиевдин жакындары митингге чыкты

"Тумар" үналгысынын үн режиссеру Жаныбек Айдаралиевдин өлүмүнө күнөөлүү адамдын жазаланышын талап кылып, Башкы прокуратуранын алдында 30дай адам митинг өткөрдү.

Маркум Айдаралиевдин жакындары митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:23 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG