Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

Режиссёрду урган адамды таппай жатышат


Киши колдуу болгон “Тумар” үналгысынын үн режиссёру Жаныбек Айдаралиевге кол салган адамды табуу талабын койгон митинг 11-ноябрда Бишкекте өттү.

Интернеттеги социалдык тармактардын жигердүү колдонуучулары, бир катар журналисттер жана бул ишке кайдыгер карабаган жарандар бийликтин бул окуяга көңүл буруусун талап кылышты.

Митингдин катышуучулары “Жаныбек Айдаралиевди өлтүргөн адам табылыш керек”, “Биз адилеттүү жаза үчүн”, “Коркунучсуз жашоо үчүн” деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп, шам жагып турушту.

Алардын басымдуу бөлүгү Жаныбек Айдаралиевдин кесиптештери, маалымат каражаттарына тиешеси бар адамдар эле.

Бул окуя шаардагы коопсуздук деңгээлин көрсөтүп турат деди интернеттин активдүү колдонуучусу Елена Воронина:

- Эгер Жаныбек токмок жеп жатканда жанындагы башка үчөө карап турбай, ажыратып калганда биз бүгүн чогулмак эмеспиз. Коомчулук кайдыгерлиги өсүүдө. Сени бирөө ур-токмокко алып, өлтүрүп жатса деле адамдар жаныңдан өтүп кете беришет. Биздин коом ушундай болуп калды. Ошондуктан биз бүгүн чогулганыбыздын башкы себеби бийликтегилердин көңүлүн жарандардын коопсуздугуна буруу.

Журналисттерге, маалымат тармагына тиешелүү адамдарга кол салууларга бийликтин кайдыгер мамилеси көпчүлүктү кабатыр кылып жаткан өңдөнөт.

Жаныбек Айдаралиевди өлтүргөн адамдын кармалбай жатышы анын мисалы деп эсептейт медиа-эксперт Назира Раимкулова:

- Бийлик журналисттерге, дегеле маалымат каражаттарында иштеген инсандарга көз карашын өзгөртсө жакшы болот эле. Маалыматтын артында жалаң гана адам эмгеги жатат, ошону баалашпайт.

Айдаралиевге кол салган адам азырынча кармала элек. "Бул жөн жеринен эмес", - дейт журналист Эркин Алымбеков. Анын оюнча, бул окуяга башка күчтөрдүн да кийлигишүүсү болуп жаткан сыягы бар.

- Мен чынбы-калппы билбейм, угушума караганда тартип коргоо органдары кылмышкер каякта экенин билишет. Бирок белгилүү себептер менен кармай алышпайт. Анткени анын кылмыш дүйнөсүнүн дөө-шаалары менен байланышы бар. Интернеттен өзүңөр деле окугандырсыңар, ал бир депутаттын жардамчысы экенин. Балким аны өтүп кеткен дата менен жумуштан чыгарып салышкан. Азыр эркиндикте жүргөн кылмышкерге жана бардык жазаланбагандарга айткым келет: биз эми бул окуяны жөн калтырбайбыз жана биз алардан коркпойбуз.

Жаныбек Айдаралиев
Жаныбек Айдаралиев
Ал ортодо ар кайсы интернет форумдарда бул окуя кызуу талкууну жаратты. Анда кылмышка депутат Улан Чолпонбаевдин жан сакчысынын катышы бар деген ырастоолор кеңири орун алууда. Бирок кечээ күнү эл өкүлүнүн жардамчысы бул сөздөрдү четке какты.

Митингчилерге чыккан депутаттар Ширин Айтматова менен Дастан Бекешов да бул жөнүндө эч кандай маалыматы жок экенин билдиришти. Бирок Жаныбек Айдаралиевге байланыштуу кылмыш ишин сөзсүз көзөмөлгө алууга депутат Дастан Бекешов сөз берди.

- Бул ишти тийиштүү органдар сөзсүз аягына чыгарат деген ишеничтемин. Биз да өз көзөмөлүбүзгө алабыз.

Жаныбек Айдаралиев 16-октябрь күнү катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Ал өзү иштеген түнкү клубдун чыга беришинде таксинин айдоочусуна белгисиз бирөө кол көтөрүп жатканын көрүп, айдоочуга болуша кетет. Бирок аягында тиги адам өзүнө асылып, башына, денесине оор залака келтирген.

Жаныбек мээсине жасалган операциядан кийин эс-учуна келе албай 9-ноябрда көз жумду. Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кылмышкер изделип жатканын билдирүү менен чектелүүдө.

XS
SM
MD
LG