Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Асылбекова: Лагерде кыйналгандар баш калкалоодо


Дарийка Асылбекова, Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси.
Дарийка Асылбекова, Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси.

Ош шаарынын четиндеги “Жаштык” жайкы лагеринде былтыркы июнь окуясынан жабыркады делген 20 чакты үй-бүлө жашап жатат.

Буга байланыштуу Оштогу “Ак жүрөк” моралдык-психологиялык борборунун жетекчиси Дарийка Асылбекова ой бөлүшөт.

- Ош шаарынын четиндеги “Жаштык” жайкы лагеринде июнь окуясынан жабыркаган 20 үй-бүлө жашап жатканды айтылып атат. Бул боюнча маалыматыңыз барбы?

- Бүгүнкү күнгө чейин “Жаштык” лагеринде адамдар жашап жатканы анык. Жайында ал жерде жашаган үй-бүлөлөрдүн саны 12-13 болуп калды эле. Азыр 20дан ашыптыр. Ал жерге июнь окуясына тиешеси жок деле адамдар барып жашап атат деген сөздөр айтылууда.

Чындыгында алардын көбү июнь окуясында жабыр тарткандар. Буга биздин таянып айта турган маалыматтарбыз бар. Өткөн жылы кышында аялдар балдары менен кайрылышкан. Башка жакта жашаганга шарты жоктугунан биз өзүбүздүн убактылуу жайыбызга жайгаштырып, тамак-аш, кийим-кече менен камсыз кылганбыз.

- Ош шаардык муниципалдык башкармалыгы лагерде жашагандардын бардыгы эле июнь окуясында жабыркагандар эмес деп айтып атат. Ошентсе да алар Кыргызстандын жарандары эмеспи. Суук түшүп калды. Деги эле лагерде кышкысын жашаганга болобу?

- Чындыгында бул биздин жарандар, башка жактан келгендер эмес. Турмушта абдан кыйналгандар, бирөөдөн жардам күткөн үй-бүлөлөр. Өкүнүчтүүсү ал жерде жашагандардын көбү аялдар жана балдар. Бул маселеге Кыргызстандын жараны катары мен дагы тынчсызданып атам. Алар быйыл да кышка калып кетип атышат. Балким аларга өкмөттүк уюмдар жардам берип жатышса керек, бирок жеткиликтүү болбой жатканы өкүндүрүүдө. Бир жумадан бери абдан суук болуп атат, кышкысын ал жерде жашоого такыр мүмкүнчүлүк жок.

- Июнь коогасынан кийин айрыкча балдар, аялдар дагы деле психологиялык жардамга муктаж деп айтылды эле. Азыр кандай абал?

- Азыр деле жардамга муктаж адамдар бар. Себеби бул бир-эки күндө, бир айда эстен чыгып кете турган окуя эмес. Айрыкча аялдар, балдар үчүн башка түшкон оор нерсе болду. Мындай учурда алар сөзсүз түрдө психологиялык жардамга муктаж болушат. Мисалы, 2010-жылы июнь коогасынан кийин 2317 жаран кайрылды. Алардын көбү психологиялык жардамга муктаж адамдар. Ушул жылы 728 кыз-келин кайрылды.

Себеби коогада сексуалдык зордук-зомбулукка кабылгандардын аягы эми чыгып атат. Биз мурда аныктап, тактап чыккандан кийин дагы башкалары белгилүү болуп атат. Ошол учурда өз оюн айта албай жүргөндөр эми бизге келип, ачыгын айтып жатышат.

- Ушул окуяларда чын эле аялдар менен балдар катуу психологиялык запкы жеген. Ошондон кийин балдар психологдору жок экени байкалып калды эле. Сиздер бул маселени кантип чечип атасыздар?

- Эң туура. Июнь окуясынан кийин психологиялык жагдай дегенди түшүнгөндөй болдук. Себеби элге ушул нерсе керек экенин, психологдор жетишпей турганын билдик. Буга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурбаса болбойт. Балдар менен иштей турган атайын психологдор болуш керек экен. Биздин кыз-келиндер менен иштеген, атайын окуудан өткөн психологдор иштеп атышты. Ошолор эле кайра балдар менен иштөөгө туура келди. Азырынча чоңдордун, балдардын психологу деп бөлүнгөндү көп жолуктура элекмин.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG