Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти шайлоого!


Ошентип Кыргызстанда 60га чукул адам президент болом деп БШКга арыз таштады. Биздин жер-жерлердеги сурамжылоолор көргөзгөндөй, дагы ондогон, балким, жүздөгөн адамдар түптүз эле президент болуудан кайра тартпайт экен.

Алардын арасында колунда тумалак иши жоктордон тарта элчи жана жетекчи чекист бар. Мындай жүрүш менен кете берсек, кыргыздар президенттик марафонго чуркагандар саны боюнча Гиннестер китебине кирбес болду бекен?

Мен бул баянды жазып атканда, балким, дагы бир канча кыргыз президенттикке арыз таштаган болушу мүмкүн. Каалоочулардан арыз алчу күн 16-августта токтоорун жана кыргыздын бардык ишти кечигип бүткөрөөр салтын көңүлгө түйсөк, демек президенттикти көксөгөндөр саны 70ти чапчышы ажеп эмес. Ошондо 5 миллион калкты 70ке бөлсөк, анда 70 миң жанга бирден талапкер туура келет экен. Бул дүйнөлүк рекордко жатабы, кудай акы, билерман интернетти казып да таппадым. Гиннестин китебинде да мындай маалымат жок.

Ал эми жолдун алыстыгынан далай кыргыз келип, катталбай өкүттө калды көрүнөт. Маселен, башкалаадан 500-600 чакырым алыстагы жалалабаддыктар ичинен президенттикке чыкчулар барбы?



Арыз таштап жаткандардын басымдуу көпчүлүгү өзүн өзү жылдыргандар. Алардын бир тобун жумушсуздар түзөт. Жарышка чыккандардын рекордчусумун дейт ысыккөлдүк Өмүрбек Бөлтүрүков:

- Мен бешинчи жолу чыгып атам. 95-жылы эле Акаевди алып түшөм, кетпейт дегем, аны алып түштүк. Эми биринчи болуп эле коррупцияны талкалайм. Мечитке, чиркөөгө барган адамдардан элдик сот түзүп, аларды атабыз.

Былтыр парламенттик аламан байгеге 29 партия чыкты эле. Бул жолу президенттикке жаңы талапкердин таржымалы менен таанышкыча жапжаңылары интернет-сайтка тизилип калууда.

Өтмөктөн ары Таластан жарышка түшчүлөрү бар чыгар?



Президенттик тактыга ат койгондор арасында окумуштуулар, элчилер, спортчулар, алтурсун өздөрүн жандүйнөнүн илимпоздору атагандар жүрөт. Мамлекеттик номуру биринчи кызматка талапкер Өмүрбүбү Бегалиева нан менен эмес, руханий азык менен коомдун курсагын тойгузганда жай заман орнойт деп эсептейт:

- Кудай астында, Манастын астында, кыргыз элимдин астында милдетимди аткарыш үчүн баратам. Бал китепте ошентип жазылган, Манастын духу аркылуу Кыргызстанды башкарасың деп жазылган. Биринчи кезекте Кыргызстандын калкын, башкаруу органдарында отургандардын баарын руханий азыктандыруу керек. Адам руханий жактан ток болсо, ал мамлекеттин мүлкүн уурдап тоноого барбайт.

Гезиттерге талапкерлер жамырап чыгып, өз программаларын ортого салууда. Бири аялына моюн бербей барып жатканын айтса, дагы бири талмадан айыктыруу менен элге жакшылык кылам дейт. Эми Теңир-Тоого сапар алалы:



Жетекчи чекист Марат Иманкулов да президенттикке чыгам дегени кызык.

- Мен элдин өтүнүчү менен гана баратам, өзүмдүн жеке амбициям жок. Мыйзамдуулукту орнотобуз, тартип болот. Коррупцияны жок кылууга аракет кылабыз.

Ишемби-жекшембиде саясый саябанга, элестүү айтканда, оор артиллерия чыгат. Сөөлөттүү “Ар-Намыс” жана СДПК партиялары жолбашчыларына же мыкчегерлерине бата берип аттантат. Бишкектин көчөлөрүн кыдырган журналист Асел Шабданова сурап отурса, эң артындагы бирөө кыргызча "жөн эле бармакмын" дептир.

Кыскасы, азыркы замандын классиги жазгандай, “кош, Ала-Тоо, уулуң кетти шайлоого!” дейт окшойбуз.

Айтмакчы, дагы бир нерсе бар. Талапкерлер арасында азыркы саатка беш Өмүр бар экен – Өмүрбүбү Бегалиева, Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Эгембердиев, Өмүрбек Суваналиев жана Өмүрбек Бөлтүрүков.

Эмесе, баарына ак жол каалайлы. Бардык талапкерлер, өмүрлүү болгула!

XS
SM
MD
LG