Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Чоң-Алайда кытай унааларын өткөрбөй жатышат


Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын жыйырма чакты тургуну 6 күндөн бери жолду бууп, Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуучу машинелерди өткөрбөй жатышат.

Жергиликтүү тургундар аймактагы эки алтын кенин кытайлык инвесторлордун иштетишине нааразы болуп, кендерди иштетүү менен өрөөндүн экологиясы бузулуп жаткандыгын айтышууда.

Нааразылык акциясына чыккандардын бири Нурбек Тагаев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Жолду бууп алганыңарга канча күн болду?

Тагаев: Бүгүн толук беш сутка болду. Биз кен иштеткен Кытайдын машинелери келсе токтотуп, артка кайтарып, кен алган жерге барып төктүрүп атабыз. Алардын машинелерин заводунан эч жакка чыгарбай токтотуп койгонбуз.

Бирок Тажикстандын машинелери өтүп атат. Аларга тийишкен жокпуз, “айыл арасынан ылдамдыкты азайтып өткүлө” деп эле эскертип атабыз. Башка эч кимге зыяныбыз жок.

“Азаттык”: Негизги талабыңар кандай?

Тагаев: Негизги талабыбыз – алтын кенин иштеткендер заводун жаап, өз өлкөсүнө кетсин. Кенди бербейбиз, байлыгыбыз өзүбүздө калсын. Бирөөлөр тепселеп, биздин байлыкты ташып кетпесин. Биздин максат – бул байлык биздин урпактарга калсын.

“Азаттык”: Алты күндүн ичинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн сиздер менен жолуккандар болдубу?

Тагаев: Баары келишти. Чоң-Алайдын РИИБисинин жетекчиси, аким эки орун басары менен, прокурор келди. Биз аларга “мунун бизге зыяны бар экен, кытайлыктарды кетиргиле” десек, алар “жок, зыяны болбойт, иштей берсин, бизге инвесторлор керек” деп атышат.

Инвесторлор керек болгон күндө да алар өздөрүнүн таштандыларын жабык жерге төкпөй жатпайбы. Казган жери деле жабык эмес. Ачык эле жерден ташып өтүүдө, таш жүктөгөндөй эле. Машинелери ачык, айылдын ортосунан өтөт. 35-40 тонналык жүк менен өтүшөт.

Жол боюндагы үйлөрдүн баары жарылып бүткөн, 4 балл жер титирегендей болуп билинет. Ал аз келгенсип Кытайдын Тажикстанды карай 60-80 тонналык жүк менен машинелер өтүүдө. Курулуп аткан жаңы жолдорубуз бузулуп кеткен. Эски жолдор такыр эле отуруп калды. Бизди тепселеп кетишти.

“Азаттык”: Сиздер айтып аткан “Кайди” жана “Азия Голд интерпрайсес” ишканаларынын Кыргызстанда кен иштетүүгө лицензиялары бар экен. Бул талаштардын баары өкмөттүк деңгээлде чечилиши керекпи? Же жол бууп, муну менен маселе чечилет деп ишенесиңерби?

Тагаев: Буга чейин адамдар Бишкекке чейин барып, 3 жылдан бери бул маселе менен чуркаган адамдардын үнү эч жерге жеткен жок. Анан калк чыгып, жолду бууп атабыз.

Чоң-Алайдын чоңдору чечишкен жок. Оштон укук коргоочу келди эле, ал деле чече алган жок. Эми силерге чыгып атабыз “келгиле, көргүлө” деп. Өлкө бул боюнча эч нерсе билбейт турбайбы, завод кандай курулганын, кенди казган жерди, шартын көрсө ошондо гана ишенет.

“Азаттык”: Талаптарыңыздар аткарылбаса кандай кадамдарга барасыздар?

Тагаев: Биз азыр айылдардан чогулуп, сүйлөшүп атабыз. Ошко, Бишкекке барабыз. Президентке чейин жетебиз.
XS
SM
MD
LG