Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Өкмөттүк коалициядагы кризис


Кыргызстандын парламенти (Жогорку Кеңеш) кезектеги отурумун өткөрүүдө. 2011-жылдын 10-февралы.
Кыргызстандын парламенти (Жогорку Кеңеш) кезектеги отурумун өткөрүүдө. 2011-жылдын 10-февралы.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде (парламентинде) үч партиядан турган башкаруучу коалициянын тагдыры арсар бойдон калды. "Ата Журт” фракциясы 22-мартка чейин талаптары аткарылбаса, коалициядан чыга турганын өкмөттөгү өнөктөштөрүнө алдын-ала эскертти.

Коалициядагы кризис чыңалып отуруп бүгүн (11-мартта) ачыкка чыкты.

Парламенттин кезектеги жыйыны башталбай жатып үзгүлтүккө учурады.

Төрага Акматбек Келдибеков коалициянын келечеги тууралуу бир катар депутаттар арыз менен кайрылышканын, андыктан депутаттар коалициялык жыйынга таркашарын айтып жыйынды жаап койду.

Жогорку Кеңешке премьер-министр Алмазбек Атамбаев, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов келип, жабык эшик аркасында чукул жыйын өткөрүштү.

Андан соң коалициянын жетекчиси, “республикачы” Канат Исаев менен Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков маалымат жыйын өткөрүп, коалиция таркабай турганын жарыялашты.

Бирок алардын катарында “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев болгон жок.

К.Исаевдин айтмында, коалициядан чыгабыз деген депутаттардын саны аны таркатуу үчүн жетишсиз. Андыктан коалиция мындан ары да иштей бермекчи:

- Буга чейин да коалициянын ичинде ар кандай маселелер боюнча суроолор болгон. Бүгүн да ошондой суроолор пайда болуп, сүйлөшүүлөр жүрдү. Бирок айтып кетейин, “коалиция тарайт” деген сөздөр чындыкка жатпайт.

Ошентсе да “Ата Журт” партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясынын өкүлдөрү абал башкачараак экенин айтышууда.

Алар фракция жыйынына чогулуп, 22-мартка чейин талаптары аткарылбаса башкаруучу коалициядан чыгышарын жарыялашты.

Бирок кандай конкреттүү талаптары бар экенин “Ата-Журтчулар” айтышкан жок. Тек гана “чечим чыгарууда өкмөт жетекчилиги бизди эске албай атат” деген болушту.

“Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Марат Султанов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, коалициянын таркатууга “Ата Журттагы” депутаттардын саны жетиштүү экенин билдирди.

Аталган фракциянын мүчөсү Нариман Түлеев болсо коалициядан чыгууга даяр турган депутаттардын саны 19 экенин кошумчалады.

Ошондой эле М.Султановдун айтымында, бүгүн премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов алар менен жолугушуп, мындан ары кеңешип иштөөгө сөз беришти.

Ошол себептүү “Ата Журт” 22-мартка чейин тыныгуу алып, коалициядан чыгуу маселесин күн тартибинде калтырып койду.

Ал арада КСДП фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков да коалициянын тарап кетүү коркунучу жок экенин айтууда.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков коалиция бүгүн болбосо эртең таркай турганын, кийин (жаңы парламентте) “Ак шумкар”, “Акыйкат”, “Замандаш” партиялары катышкан кеңири коалиция түзүлүү ыктымалдуулугу жогору экенин айтууда:

- Менин көз карашымда келечектеги коалиция, эгер азыркы коалиция кулай турган болсо албетте, бир топ туруктуу болот. Анткени адамдар да, саясатчылар да, мамлекет, партиялар да – биз көп нерселерди үйрөнүп атабыз. Келечекте коалиция бир топ көбүрөөк партиялардан турат. Керек болсо сырттагы, парламентке кирбеген, белгилүү, элдин ишеничине татыган партиялардын лидерлерин да коалицияга чакыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

“Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов да кеңири коалиция куруу сунушун айтууда.

Анын айтымында, азыркы үч партиядан турган коалиция баарыбир туруксуз. Андыктан өткөн шайлоодо эки пайыздык чектен өткөн айрым партияларды да тартуу аркылуу, элдик ишеним өкмөтү курулушу керек.

Айрым талдоочулардын баамында, парламенттеги кризис өкмөттүн криминалга күрөш жарыялашынан соң тереңдей баштады. Анткени “криминалга тиешеси бар” деген шектенүү менен кармалгандардын арасында “Ата Журт” партиясы менен тыгыз иштешкендер болгон.

Бирок мындай божомолду аталган партиядан шайланган депутаттар жокко чыгарышууда.

“Ата Мекен” фракциясындагылар болсо, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов коррупциялык иштерге аралашып кеткенин, Орусияда чоң бизнеси бар экенин айтып, кийинки коалицияга “Республика” партиясын кошпоо керектигин айтышат.

“Республика” партиясы өз кезегинде Ө.Бабановго карата айтылган айыптоолорду четке каккан билдирүү таратты.

Ошентип коалициянын тагдыры 22-мартка чейин калтырылды.

XS
SM
MD
LG