Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Пакистан: Христиан коомчулугу министрдин өлтүрүлүшүн айыптады


Пакистандагы христиандар азчылыктар министринин киши колдуу болушунан кийин көчөлөргө чыгышты, Хидерабад шаары, 3-март 2011-жыл
Пакистандагы христиандар азчылыктар министринин киши колдуу болушунан кийин көчөлөргө чыгышты, Хидерабад шаары, 3-март 2011-жыл

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Пакистандын диний азчылыктар министрин өлтүрүүнү толеранттуулук жана адамдардын бири бирин урматоо принциптерине каршы сокку деп сыпаттады. Христиан (тарса) министр Шахбаз Бхатти 2-мартта Исламабадда атып өлтүрүлгөн.

Пакистан кабинетиндеги жападан жалгыз христиан министрге кол салууну Батыш өлкөлөрү жана христиан коомчулугунун лидерлери айыпташты.

БУУнун адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Нави Пиллай Шахбаз Бхаттинин өлтүрүлүшүн “кайгылуу окуя” деп атап, Исламабад өкмөтүн жаратканга акаарат келтирүү жөнүндөгү мыйзамды реформалоого үндөдү. Маркум министр сөз болгон мыйзамга каршы турумду ээлегендиктен, буга чейин бир топ коркутуп-үркүтүүлөргө туш болгон.

Ватикан бул кыянатчылык Пакистанда диний эркиндиктерди жана христиандардын укуктарын кечиктирилбестен коргоо керектигин көрсөтөт деп билдирди.

АКШ президенти Барак Обама Бхаттинин өлтүрүлүшүн айыптап, министр өз оюн эркин билдирүү, өзү тандаган динди тутуу өңдүү адамдардын универсалдуу укуктарын коргоо үчүн жанын аяган жок деди.
Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон: “бул – бир адамга гана эмес, толеранттуулуктун баалуулуктары, бардык диндердин өкүлдөрүн бирдей урматтоо принциптерине каршы кол салуу болду. Пакистандын негиздөөчүсү Мухаммад Али Жиннах дал ошол принциптерди жактап келген”,-деди.

Бхаттини 2-мартта үйүнөн өкмөттүн жыйынына бараткан жеринен атып кетишкен. Күбөлөрдүн бири көргөндөрүн мындайча сүрөттөп берди: “15-20 секундадай тынбай ок жаадырып жатышты. Биз ал жерден качууга шаштык. Кайтып келгенден кийин Бхаттинин ок жегенин көрдүк. Кол салгандарды, алар машине же велосипед минип келгенби, көргөн жокпуз. Анан айдоочусу, ал жараат алган болушу керек, Бхаттини ооруканага тезинен алып кетти”.

Бир аздан кийин министр ооруканадан көз жумганы кабарланды. Полиция тергөө жүргүзүп жатат. Исламабад шаарынын полиция башчысы Бхатти исламчыл экстремисттерден эскертүү алып келгенинен кабардар экенин айтты. Бирок ал кол салуу учурунда жан сакчысыз болчу деди.

Өкмөт айыптады, талиптер жоопкерчилик алды

Бхатти - жаратканга акаарат келтирүү жөнүндөгү мыйзамга каршы оюн билдиргендиги үчүн киши колдуу болуп өлгөн экинчи расмий адам.
4-январда Панжаб чөлкөмүнүн губернатору Салман Тасирди жан сакчысы атып салган.

Өткөн айда америкалык гезиттердин бирине курган маегинде Бхатти талиптер аны коркутушканын айтып, Тасирдин каза болушунан кийин жан сакчы мени куткарып калат деп ойлобойм, кудай колдойт деп ишенем деген эле.

Министрдин жакын адамдарынын бири ал ок өткөрбөгөн машине сураганын, бирок анын өтүнүчү аткарылбаганын айтат. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти Пакистандагы талип согушкерлери өздөрүнө алышты.

Бхатти отурган унаа.

Бхатти өлтүрүлгөн күнү Пакистандын бир нече шаарында христиандар кылмышкерлерди кармоону талап кылып, көчөлөргө чыгышты. Алар “биздин укуктарыбызды эми ким коргойт? Бизге ким жардам берет?”,-деп жатышты.

Премьер-министр Юсуф Реза Гилани маркумдун жакындарына көңүл айтып, мындай иш-аракеттер өкмөттүн терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүн токтотой албайт, күнөөлүүлөр жазаланат деп белгиледи.

Жаратканга акаарат келтирүү деген мыйзамга ылайык, ислам же Мухамед Пайгамбар жөнүндө терс сөздөрдү айтуу кылмышка барабар деп эсептелет жана күнөөлүүлөр өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Бирок активисттер мындай так эмес аныктама мыйзамды кыянаттык менен пайдаланууга алып келүүдө деп ырасташат. Укук коргоочулар жана либералдуу пакистандыктардын көз карашында жобо диний азчылыктарды дискриминациялайт.

Христиандар Пакистанда калктын 2 пайыздайын түзүшөт.

XS
SM
MD
LG