Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:28

Пакистанда Салман Тасирдин тажиясы өттү


Пенжаб провинциясынын губернатору Салман Тасирдин сөөгү Лахордо жерге берилди. Губернатордун зыйнаты өтө катуу коопсуздук чаралары каралган шартта өттү.

Пакистандагы башкаруучу Элдик партиянын таасирдүү мүчөсү Тасирди Исламабаддагы эл жык-жыйма болгон базарда өз жан сакчысы атып салган. Октон оор жарадар болгон губернатор ооруканага жетип-жетпей үзүлүп кеткен. Тасирдин өлүмү ансыз дагы олку-солку болуп турган Пакистандагы саясий туруктуулукка залакасын тийгизбей койбойт.

Салман Тасир, 28-март, 2009-жыл

Пенжаб провинциясынын губернатору Салман Тасирди акыркы сапарга узатууга үй-бүлө мүчөлөрү, дос-туугандары жана жактоочулары чогулду. Губернатор өлгөндөн кийин Пенжаб провинциясында аза күтүү жарыяланган. Лахордо Тасирдин сөөгү жерге берилгичекти миңдеген полициячылар күчөтүлгөн тартипте шаардын коопсуздугун камсыздап турду.

Премьер-министр Юсуф Гилани да аза күткөндөрдүн арасында маркумдун жаназасына катышты. Жашыл матага оролуп, үстүнө өлкөнүн желеги жабылган Тасирдин табыты анын үйүнөн көрүстөнгө чейин тик учак менен жекирилди.

Жогорку даражалуу Тасирдин киши колдуу болгону Пакистан тарыхында 2007-жылкы экс-премьер-министр Беназир Бхуттодон кийинки эле экинчи саясий өлүм катары өлкөнүн башкаруучу элитасынын үрөйүн алды.

"Аллага акаарат келтирбе!"

Пакистан коомунда ошол эле учурда Тасирдин өлтүрүлүшүн кубаттагандар дагы көп. Маселен, өлкөдөгү социалдык түйүндөр губернатодун өлүмү туура болду деген мазмундагы каттарды таратса, кээ бир дин төбөлдөрү Тасирдин жан таслим кылынышы "Алла үчүн ак иш болду" деп, элди Лахордогу аза күтүүгө катышпоого үндөдү.

Суннилердин Барелви сектасындагы "Жамаат-ал-Суннат" тобундагы беш жүздөй динаятчылар кимде ким Аллага акаарат келтирсе Тасирдин өлүмүнөн сабак алуусу керектигин жар салды.

Исламабаддын Кохсар базарында жүргөн жеринен Тасирге ок чыгарган жан сакчысы Малик Мумтаз Хуссейин Кадыр ошол жерден камакка алынды. Пакистандын ички иштер министри Рехман Малик «Ал [Салман Тасир] өз жан сакчысынын колунан өлдү. Бирок биз бул анын жеке чечимиби же анын артында бирөөлөр турабы – иликтешибиз керек», деп билдирди.

Малик Мумтаз Хуссейин Кадир Исламабадда колго түшкөндөн кийин, 2011-жылдын 5-январы

66 жаштагы Салман Тасир бийликте турган Элдик партиянын бараандуу мүчөсү болгон. Ал Пенжабдагы баш көтөрүп келаткан исламчыларга ачык каршы туруп, өлкөнүн «Аллага акараат келтирүүгө тыюу салган» мыйзамына оңдоолорду киргизүү демилгесин көтөрүп чыккан. Бул мыйзам Пакистан коомунда өтө катуу талкууга кабылып, исламчыл партиялар аны оңдоп-түзөөгө кескин каршы турууда.

Укук коргоочулар аталган мыйзам адатта, Пакистандагы башка диний азчылыктарды кысымга алуу үчүн колдонуларын айтышат.

Салмактуу саясий жана коомдук ишмер Салман Тасирдин өлүмү бийликте турган Элдик партия саясий кризиске кептелип, өнөктөштөрү федералдык коалициядан чыга качкан мезгилге туш келди.

АКШ, Евробиримдик, Улуттар уюму губернатордун өлүмүнө өз камтамасын билдирди. АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Салман Тасирдин өлүмүн «чоң жоготуу» деп, анын өлкөдө толерантуулукту жана билим берүүнү өнүктүргөн ишин жогору баалады.

Пакистанда Салман Тасирдин тажиясы өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG