Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:12

Аксыда мал уурулары колго түштү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Аксы районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Абдрашид Керимбеков билдирди. 14-15-январда Аксы районундагы Ак-Дөбө, Мукурук, Күлүк-Дөбө айылдарынын үч тургуну мал уурулукка шектүү деп кармалган. Иликтөөнүн жүрүшүндө бул жарандар өз айылдарынан мал уурдап, аны коңшу Өзбекстандын Айбек аттуу жаранына сатышкандыгы аныкталды. Уурдалган малды алар түнкүсүн чек арадагы Мамай айылы аркылуу өткөрүп берип турушкан.

2010-жылдын ноябрь-декабрь айларында Аксыда Ак-Дөбө, Мукурук, Күлүк-Дөбө айылдарынан 52 уй,жылкы уурдалган. Азыр алардын алтоо табылып, ээлерине кайтарылып берилди. (AzK)

XS
SM
MD
LG