Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:49

Талиптер Ооган өкмөтү менен тынчтыкты сүйлөшүүдө


Ооганстан. Полициячы көчөдө жолоочуну текшерүүдө. Кандагар шаары. 6-октябрь 2010
Ооганстан. Полициячы көчөдө жолоочуну текшерүүдө. Кандагар шаары. 6-октябрь 2010

Кабылда талиптер жана Ооган өкмөтүнүн өлкөдөгү согушту токтотуу боюнча бийик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өтүүдө. Кездешүүгө талиптердин Кветта Шурасынын мүчөлөрү биринчи ирет катышууда.

Кабылдагы сүйлөшүүгө Ооган өкмөтүнүн, талиптердин Кветта Шурасынын жана Пакистан өкмөтүнүн өкүлдөрү катышууда. Буга чейин Молдо Омор башындагы талиптер Ооганстандан бардык чет элик аскерлер чыгарылмайынча президент Хамид Карзайдын өкмөтү менен эч кандай сүйлөшүүгө барышпасын айтып жүрүшкөн. Кветта Шурасы Пакистанда жайгашкан ооган талиптеринин уюму. Аны Молдо Омар жетектейт.
Согуштун кесепетинен бозгун болгон ооган балдар. Кабыл. 5-октябрь, 2010


Кабылдагы үч жактуу жыйындын максаты - Ооганстандагы согушту токтотуу боюнча талиптер менен сүйлөшүүнүн жол-жоболорун иштеп чыгуу деп билдирди бейөкмөттүк Ооган стратегиялык борборунун башчысы, Тынчтык кеңешинин мүчөсү Абдул Хамид Мубарез: "Мен бул сүйлөшүүлөрдүн ийгилигине ишенбесем, Тынчтык кеңешине кирмек эмесмин",-деди "Азаттыкка" курган маегинде.

Ооганстандын Тынчтык кеңешинин мандаты эртең күчүнө киргендиктен, жышааналуу сүйлөшүүгө ырасмий түрдө бүгүн катышпады.

Бул Кеңеш Ооганстандагы согушту токтотуу максатында түзүлгөн. Ага өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, мужахидиндердин мурдакы командирлери, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, мурдакы талиптер, мүчөлөрү болуп, бардыгы 69 адам кирет.

Бүгүн “Вашингтон Пост” гезити ооган жана араб булактарына шилтеп, Кабылдагы сүйлөшүүгө келген талиптерин өкүлдөрүн биринчи жолу Ооган талиптеринин Пакистанда жайгашкан Кветта Шурасы толук вазийпа ыйгарып жөнөткөнүн жазды. Сүйлөшүүгө козголоңчулардын Хаккани тобу эмес. Катаал мүнөздүү бул топтун Пакистандын түндүк батышындагы өңүттөрүнө АКШнын пилотсуз учактары акыркы айларда кайта-кайта сокку урган.

Ооган полициясынын кызматкери Кабылдагы согушта туткунга алынган талип жооккерине суу ичирүүдө. 2-июнь 2010
Хакканичилер Кветта Шурасына караганда Пакистандын чалгындоо кызматына жакын деп эсептелет.

Абдул Хамид Мубарездин айтышынча, Кабылда өтүп жаткан сүйлөшүүдө Пакистан өкмөтү негизги ролду ойноодо:

- Ооганстандын эли уруштан тажады. Талиптердин жабыт жайлары Пакистанда болгондуктан, сүйлөшүүдө Пакистан өкмөтү башкы ролду аткарууда. Талиптерге Пакистандын таасири күчтүү. Пакистан Ооган жериндеги коогалаңды жөндөгөнгө жардамдашпаса, өзү да чоң балакеттен айрылбасын түшүндү деп ойлойм.

Пакистандык делегацияны Кабылга мурдакы тышкы иштер министр Афтаб Ахмад Ширпав баштап келди. Ошондой эле талиптердин мурдакы тышкы иштер министри Малави Мутавакал жана Улуттар Уюму боюнча чабарманы Абдул Хаким Мужахед бар.

Ооган өкмөтү менен талиптердин өкүлдөрү мындан мурда 2008-жылдын күзүндө Саудияда сүйлөшүү өткөргөн. Анда тараптар бири-бирине койгон талаптар жөнүндө Ооган журналисти Заргуна Мангал мындай деди:

- Ооган өкмөтү талиптерден курлдуу күрөштү жана “ал-Каида” менен байланышты токтотууну, улуттук өкмөттү таанууну талап кылган. Талиптер болсо Конституцияга айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, чет элдик аскерлерди өлкөдөн кетирүүнү талап кылган. Бул талапка, арийне, Ооган өкмөтү жана өлкөдөгү чет элдик күчтөр ынаган эмес. Азыр талиптер кандай талап коюп жатканы беймаалым. Бирок талиптердин мурдакы мартабалуу мүчөсү Арсалар Рахман ар бир талип тынчтыкты каалаганын, ошондой эле тынчтык сүйлөшүүсүнө даяр экенин мага берген интервьюда билдирди.

Соңку мезгилде АКШ бийликтери да талиптер менен сүйлөшчү саат келгенин айта башташкан жана жакын арада талиптерди ооган коомуна интеграциялоо башталышы мүмкүн экенин кулак какты кылышкан. Ал эми Ооганстандагы АКШ жана НАТО күчтөрүнүн командачысы генерал Дэвид Петреус бир апта мурда талиптердин мартабалуу өкүлдөрү президент Карзайдын өкмөтүндөгү даражалуу адамдар менен сүйлөшүүнүн жолун издеп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG