Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Ооганстанга коңшу өлкөлөр апийимди керектөөдө дүйнө алдында


Ооганстан. Кабылдагы салтанатта ооган жараны апийимге бензин куйуп өрттөөдө. 27-июнь, 2007-жыл.
Ооганстан. Кабылдагы салтанатта ооган жараны апийимге бензин куйуп өрттөөдө. 27-июнь, 2007-жыл.

Ооганстанда дүйнөлүк базарга чыгарылган апийим менен героиндин дээрлик 90 проценти өндүрүлгөнүн БУУнун Маң заттары жана кылмыштуулук боюнча агенттигинин изилдөөсү ырастайт.

Бул изилдөөгө караганда, ооган апийиминин 60 проценти Иран, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстанда керектелет. Береги төрт өлкөдө бир жылда 600 тоннадан көбүрөөк апийим пайдаланылат. Бул орточо дүйнөлүк көрсөткүчтөн эки эседей көп. Дүйнөдөгү апийим чеккен 4 миллион баңгинин көбү Азия өлкөлөрүндө жашайт.

Ооганстан. Нашабаңги Кабылдагы дарылоо борборунда. 14-январь 2010

Улуттар Уюмунун изилдөөчүсү Тед Леггеттин айтышынча:

- Өткөөл жолундагы өлкөлөрдүн Ортолук Америка же жакынга чейинки Батыш Африка сыяктуу жарды региондорунда күч органдары көбүнчө алсыз, чабал болот. Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүндө да ошондой. Бул алардын аймагын маң заттарын сактоого, ташыганга оңтойлуу кылат. Маң заттарын көп керектеген өнүгүү жолундагы өлкөлөрдөгү мыйзам сакталбаган аймактары да аткезчилердин сүйгөн жайына айланган.

Леггеттин сөзүнчө, маңчылык жергиликтүү мүнөзгө ээ болсо да эл аралык проблемалар менен тыкыс байланышкан:

- Маң заттары боюнча доклад Балкан аркылуу жыл сайын героиндин 80 тоннасы ташылганы менен бул региондо баңгичилик жана ага байланышкан зобун-зордуктардын деңгээли бийик эмес экенин көрсөттү. Бирок Борбор Азияда маң аткезчилиги өткөн жолдордо баңгичлик кеңири жайылганын көрөбүз.

Доклад көрсөткөндөй, дүйнөдө керектелген апийимдин 40 процентке жакыны Ооганстанга эшиктеш Иранга туура келет. Бирок Иранда героин колдонуучулар аз жана 2009-жылы 391 миң адам болгон. Алардын саны Пакистанда 500 миң адам. Былтыр

Пакистандык аскерлер Ооган аткезчилерден алынган гашиштерди текшерип жатышат.

Ооганстанда героинге байлангандардын саны 2008-жылдагыдан 2,5 эседен көпкө көбөйүп, 50 миңден 135 миңге чыккан. Бул көрсөткүч боюнча Кытай дүйнөдө абсолюттук чемпион. Өлкөдө 2,2 миллиондой адам героинге көз каранды. Мурда Кытайга героин Мянмадан келсе, акыркы жылдары Ооганстандан да келчү болгон.

Европа менен Россия дүйнөдө өндүрүлгөн героиндин жарымына жакынын керектейт. Экинчи чоң базар Европада кокаинди керектөө ылдам өсүп барат жана 2008-жылы 124 тонна кокаин керектелген. Европа өлкөлөрүнүн ичинен кокаинди колдонуу боюнча көч башында Британия, Испания, Италия, Германия жана Франциянын кардарлары турат.

Леггеттин түшүндүрүшүнчө, апийим базары улуттук жана эл аралык коопсуздукка олуттуу таасир этип турат:

- Маң заттарын өндүрүү социалдык жактан бейстабилдүү жана көбүн эсе эрегишчилер баш көтөргөн аймактарда кеңири жайылганы байкалат. Дүйнөдө эң көп героин Ооганстанда өндүрүлүп жатпайбы. Кокаин өндүрүүдө Колумбия биринчи орунда. Бул эки өлкөдө козголоңчулар чоң улуттук проблема. Себеби, алардын территориясынын олуттуу бөлүгүн өкмөт контролдобойт жана ошол аймактарда маң заттары өндүрүлөт.

Ирандык балдар Тегерандын сая бактарынын биринде наша баңгилерди карап турушат.16-июнь 2010

Ооганстандан сырткы базарга ташылган героиндин 25 проценттейи же 70 тоннага жакыны Борбор Азия аркылуу Россияга жеткирилет. Анын жылдык орточо наркы 350-400 миллион долларга бааланат. Докладда айтылганга караганда, Россияга жеткенде гериондин баасы 30 эсеге өсөт.

Түндүк Америка дүйнөдө керектелген кокаиндин 40 процентин керектейт. Маалыматтар боюнча, 2008-жылы Түндүк Америкага 196 тонна кокаин пайдаланган. Баса Британия менен Испания кокаинди керектөөдө АКШдан да озуп кеткен.

Коом үчүн наркотикти ийне сайып алган “проблемалуу деп аталган баңгилер” чоң түйшүк. Маңсыз жашай албай калган мындай баңгилер медициналык дарылоого муктаж жана бюджетке ашыкча жүк.

Мыйзамсыз маң соодасы саясый стабилдүүлүк үчүн өтө опурталдуу. Биринчиден, козголоңчулар менен мыйзамсыз куралдуу топтор маң өндүрүшчүлөрүнөн жана наркосоодадан салык алып турат. Экинчиден, маң соодасы жайылган өлкөлөрдө аткезичлер өкмөткө жогорку деңгээлдеги коррупцияланган чиновниктер аркылуу кысым көрсөтүп, зарыл учурда локалдык коога-тополоңдорду уюштурган учурлар арбын.

Наркозаттарды контролдоонун тарыхы көрсөткөндөй, улуттук өкмөттөр менен тийиштүү эл аралык мекемелер чогуу аракеттенмейин, глобалдык деңгээлде ийгиликке жетүү мүмкүн эмес. Каражатка тартыш жарды өлкөлөр жалгыздап кубаттуу эл аралык маң аткезчилерин токтото албасы жана алардын таасирин чектей албасы да тарыхтан маалым.

XS
SM
MD
LG