Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:50

З.Акбагышева: Мигранттардын 11 пайызы гана ВИЧ жөнүндө билет


Мигранттардын абалы, алардын саламаттыгы жана көйгөйлөрү тууралуу миграция жаатында бир катар долбоорлорду ишке ашырып келаткан Аялдар конгрессинин лидери Замира Акбагышева “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- 2003-жылдан бери 240 миң кыргызстандык эмгек мигранты Орусиянын жарандыгын алган экен. Бул тууралуу өткөн аптада парламент трибунасында айтылды. Бул көрүнүшкө сиздин пикириңиз кандай?

Замира Акбагышева: Кыргызстандын калкы араң эле 5 миллион адам болгондон кийин бул албетте жалпы Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө терс таасир берет. Ошондуктан башка мамлекеттерге биздин жарандар кетпеш үчүн Кыргызстанда алар үчүн жакшы социалдык шарттарды түзүп, жумуш ордун көбөйтүү керек.

- Азыр бизде андай мүмкүнчүлүк барбы?

Замира Акбагышева: Андай мүмкүнчүлүк азыраак болуп атат окшойт. Бирок мамлекет болгондон кийин биз азыр ушул суроолорду чечпесек, бул жалпы Кыргызстандын коопсуздугуна терс таасир берип атпайбы.

- Мисалы, Кыргызстандын тиешелүү министрлиги кош жарандык сакталат, мындан эч кандай чочулоонун кажети жок деп айтып атат. Ошол эле мезгилде Орусия кош жарандык жөнүндөгү документке кол койгон жок, туурабы?

Замира Акбагышева: Биз мигранттар менен иштеп атабыз. Кош жарандуулук деп айтылганы, жазылганы менен андай жок. Себеби биздин кыргыздар ал жактан атуулдук алууда. Ал эми бизге келгенде алар каттоого туралбайт, дарыгерлерге баралбайт экен. Ошондуктан бул жерде эч кандай кош жарандуулук жок.

- Ооруканада догдурларга көрүнүү маселесин айтып атасыз. Сиздер СПИДдин ВИЧ илдети боюнча дагы бир өзөктүү маселени көтөрүп жүрөсүздөр.

Замира Акбагышева: Сизге чоң рахмат, эң туура суроо берип атасыз. Бул жерде жашап аткан атуулдарыбыз “бизге мигранттар ВИЧ/СПИДди жуктуруп атат” деп кайрылышууда. Ошондуктан эмне кылыш керек? Бизден Орусияга барган атуулдар ал жактан атайын тесттен өтүп, анализ тапшырып, справка берет экен. Ал эми бизге келгенде алар кадимкидей эле атуулдарыбыздай болуп эч качан чек арадан справка көрсөтпөйт.

Ушундан улам Кыргызстан аялдар конгресси элдин талабы менен мигранттардын арасында алдын-алуу иштерин жүргүзүү иретинде жаңы долбоор баштап атабыз. Биз социалдык изилдөө жүргүзсөк, мигранттардын арасында араң эле 11 пайызы ВИЧ/СПИД жөнүндө билет экен. Ал эми ВИЧ/СПИДге дуушар болбош үчүн эмне кылыш керек, кантип өзүн өзү, ден соолугун сакташ керек, нравалык, ыймандуулук жактан кандай болуш керек - буларды билишпейт экен.

- Сиздерде ушул мигранттардан кыргызстандык жай жарандарга оору жукканы тууралуу маалымат барбы?

Замира Акбагышева: Андай фактыларды биз конкреттүү түрдө айтууга мүмкүнчүлүгүбүз да, укугубуз да жок. Бирок бул элден түшүп аткан, бизге коюлган талап болуп атат. Ошондуктан биз азыр элдин арасында алдын-алуу иштерин жүргүзүшүбүз керек. Экинчиден, “Азаттыктын” жана башка журналисттерге кайрылып, атайын сынак өткөрүп атабыз.

- Рахмат сизге.

"Азаттыктын" архивинен: Мигранттардын азап менен табылган акчасы

Дүйнөлүк экономикалык кризис үй-бүлөсүнөн узак бозгунда иштөөгө аргасыз болгон миллиондогон мигранттарды дагы кыйын абалга салды. (ZMA)

Мигранттардын азап менен табылган акчасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG