Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Ошто кош бойлуу 22 аялдан ВИЧ вирусу табылды


Оштогу СПИД борбору жыл башынан бери Ош шаарынын өзүндө эле кош бойлуу 22 аялдан ВИЧ илдети табылганын маалымдады. Аталган борбордун ырасташынча, бойкат аялдар бул дартты жыныстык жол аркылуу жуктуруп алышкан.

Учурда жергиликтүү саламаттыкты сактоо адистери илдетке чалдыккан энелерден төрөлгөн ымыркайларга ВИЧ дартын жуктурбоо аракетин көрүшүүдө. Адистер соңку кезде Ош аймагында ВИЧ илдети көбүнесе энелер менен ымыркайлардан табылып жатканына тынчсызданууларын билдиришип, бул дарттын жайылышына миграция агымы да башкы себеп болуп жатканын белгилешүүдө.

Жыйырма эки аялдын ВИЧ вирусун жуктуруп алган окуя - бул Ош шаарынын өзүндө эле катталган факты. СПИДке каршы күрөшүү жаатында иш алып барган бейөкмөт уюмдар бул сан облус боюнча дагы бир кыйла көбүрөөк болушу мүмкүн экендигин айтып жатышат.
ВИЧ илдети менен катталгандардын саны Кыргызстанда 2671 адамга жеткен. Анын ичинен 1880и эркектер, 635и аялдар.


Оштогу СПИД борборунун башкы дарыгери Элмира Нарматова учурда ВИЧке кабылган 22 аял дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын, алар илдеттин энеден балага өтүп кетүүсүнүн алдын-алуу аракеттерин көрүп жатышканын айтты:

- Аялдардын бардыгы диспансердик каттоого алынды. Боюнда барлар үчүн төрөттүн алдын-ала бир катар иш-чараларды жүргүзүп жатышат. Эгер ошол иш-чаралар өз убагында жүргүзүлсө, дени сак бала төрөлөт.

Адистер Ош аймагындагы ВИЧке чалдыккан миңден ашуун жарандардын катарын, соңку кезде көбүнесе энелер менен балдар толуктап жатканына тынчсызданышууда.

Башкы дарыгердин айтымында, аялдар илдетти жыныстык жол аркылуу жуктуруп жатышат.

Алардын күйөөлөрү баңги зат колдонгондор, же чет жерде мигрант болуп иштеп келгендер, дейт Нарматова.

- 70-80 пайызы баңги затты ийне менен колдонгондордон жугат. Алардын аялдарына жыныстык жол аркылуу өтөт. Бизде ички-тышкы миграция күчтүү болгон үчүн Орусияда иштегендер көп, аларды өлкөдөн чыгарда текшеребиз, кайра мекенине кайтканда текшерүүдөн өтпөй жатышат.

Ооруну жашырып, туңгуюкка кептелип...

Кыргызстандын Ош аймагы СПИД илдетине кабылгандар көрсөткүчү боюнча алдыңкы орунда саналып келүүдө. Бул аймак мындан эки жыл мурун ымыркайлар арасында ВИЧтин тарашы менен айырмаланган болчу.

Дарыгерлердин шалаакылыгынан улам Ноокаттагы жана Кара-Суудагы ооруканаларда ондогон ымыркайларга, андан соң аялдарга ВИЧ дарты жугуп, бир катар медицина кызматкерлери сот жообуна да тартылган. Дал ошол ооруканадан ВИЧ инфекциясын жуктурган аял, азырга чейин айылдаштары тарабынан ар кандай басмырлоолорго кабылып келатканын айтат:
Аялдар илдетти жыныстык жол аркылуу жуктуруп жатышат. Алардын күйөөлөрү баңги зат колдонгондор, же чет жерде мигрант болуп иштеп келгендер.


- Балким мага окшоп ВИЧке кабылгандар айылда ондоп саналаттыр. Бирок алар ачыкка чыгуудан, баласынын дартын элге жарыялоодон уялышат, коркушат. Менин балам деле ичи тынымсыз ооруп, алы кеткенинен ооруканага көрсөтүп, ушундай илдетке чалдыкканын уктум. Башкалар болсо, дарыгерге кайрылуудан да чочулашат.

Атын атоодон баш тарткан бул аял сыяктуу ВИЧке кабылган энелер, жергиликтүү жашоочулардын, ал эмес өз туугандарынын да басмырлоосуна, мазактоосуна чыдабай жер которуп кетүүгө, бир катары ажырашууга мажбур болушкан. Оштогу «Рейн боу» коомдук фондунун жетекчиси Султан Мамытов:

- Үй-бүлөнүн ичинде да басмырлоолор болот. Көбүнчө, кайнене-кайнаталар илдетке кабылган келинин ата-энесинин үйүнө алып барып беришет. Өз үйүнө барса ал жакта байкелери, инилери да каршылык көрсөткөн учурлар бар.

Бейөкмөт уюмдардын кооптонуусуна караганда быйылкы жылы ВИЧ жуктурган аялдар да Ноокаттагы энелердей эле катуу басмырлоолорго кабылышы толук ыктымал. Муну алдын-алуу үчүн мамлекет жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин күчөтүшү зарыл.

Расмий булактарда ВИЧ илдети менен катталгандардын саны Кыргызстанда 2671 адамга жеткен. Анын ичинен 1880и эркектер, 635и аялдар.

Тасмада: СПИД: Тооруган дарттын торунда

"Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы 1-Декабрь - СПИД менен күрөш күнүнө арналды. "Тооруган дарттын торунда" деп аталган берүүдөн үзүндү сунуш кылабыз. ZMa, SA, MiT.

СПИД: Тооруган дарттын торунда
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG