Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:49

ООГАНСТАН: КАНДАГАР ТҮРМӨСҮНҮН КАПШЫТЫ БОШ КАЛДЫ


Ооганстанда жергиликтүү күчтөр менен НАТОнун аскерлери Кандагар шаарындагы түрмөдөн качып кеткен жүздөгөн адамдарды, анын ичинде талиб согушкерлерин издөө операциясын башташты. Алардын качып кетишине кечээ түнкү чабуул учурунда шериктери түрмөнүн башкы дарбазасын жардыруу аркылуу жол ачышкан эле. Расмий маалыматка караганда, түрмө дарбазасында оболу жанкечти айдап келген жүк ташуучу автоунаа жарылган экен. Андан соң согушкерлер түрмө имаратын ракета менен аткылашкан. Талибдер бул операцияга эки ай бою даярданганын билдиришти.

Кандагардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы, ооган президенти Хамид Карзайдын бир тууганы Ахмед Вали Карзай "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун ооган редакциясындагы маегинде окуянын чоо -жайын баяндап, түрмөдөн качып кеткедердин саны 800- 900дүн тегерегинде экенин билдирди:

- Так санды эч ким билбейт, бирок маалыматтар боюнча түрмөдө 390 талиб жана 600дөн 700гө чейинки санда башка кылмышкерлер кармалып турган. Камактагылардын 200ү азыр деле түрмөдө, калгандары качып кете алды.

Ахмад Вали Карзай ошондой эле Кандагардагы түрмөдөн качып кеткендердин арасында Талибандын өкмөт адамдарына кол салууларды, жанкечтилердин чабуулдарын уюштурган айрым кол башчылары да бар экенин ырастады.

Ал эми талибдердин билдиргенине караганда, алар бул чабуулга эки ай боюу даярдык көргөн. Ооганстандын юстиция министринин орун басары Мохаммед Касим Хашимзайдын айтымында, түрмө дарбазасында оболу жүк ташуучу автоунаа жарылган, анын соңунан согушкерлер тобу түрмө имаратын ракета менен аткылашып, кирип барышкан. Аткылоонун натыйжасында, түрмөнүн бир имаратынын эң жогорку кабаты урап түшкөн. Жарылуу жана атышуу учурунда түрмө кайтаргандардын кеминде 15и каза тапты. Окуяга күбө болгон жергиликтүү дүкөнчү Абдул Саттар буларды айтат:

- Кечки саат тогуз чен болчу. Мен дүкөндө элем. Бирок убакта күрс эттирген катуу добушту уктум, дүкөндүн айнектери күбүлүп түштү. Жыйырма мүнөттөн кийин сыртка чыксам куралчан адамдар менен түрмөдөгүлөр кыштактарды, бактарды көздөй кетип жатышыптыр. Эртең менен келсем, түрмөдөгүлөр качып кеткен, биздин дүкөндөр талкаланган.

Жогорудагы окуядан кийин Кандагарда өзгөчө абал жарыяланды. Көчөлөрдү полиция менен аскерлер көзөмөлгө алып, автоунаалар текшерилүүдө. Шаар тургундарына үйлөрүнөн чыкпоо жөнүндө көрсөтмө берилди. Бул окуяга түрмө жетекчисинин тийиштиги бар же жок экендиги да иликтенип жатат. Кандагардын жергиликтүү кеңешинин башчысы Ахмат Вали Карзайдын көз карашында, түрмөдөн талибдер менен кылмышкерлердин жоон –тобунунун качып кетиши - коопсуздук күчтөр үчүн чоң сокку, ооган өкмөтү тынчыздана турган окуя:

- Баары адаттагыдай эле. Кандагардын эли буга окшогонду башынан өткөргөн. Бирок бул - коопсуздук күчтөрү үчүн сокку. Бул Талибан үчүн ири ийгилик болду.

Дегеле Кандагар талиб согушкерлери ооган президенти Хамид Карзайга, жергиликтүү жана чет элдик аскерлерге каршы активдүү аракеттенген провинциялардын бири.

Ооганстан тууралуу ушул аптада Европада да кызуу сөз болгон эле. Маселен Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш кечээ Парижде экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун баш кеңсесинде сүйлөгөн учурунда европалык өнөктөштөрдү Ооганстанда туруктуулук орнотуу үчүн аскер жана акча жагынан жардамын көбөйтүүгө чакырган:

- Ооганстанда биз "ал-Каида жана Талибанды жеңүүнү көздөгөн жаш демократия менен бирге болушубуз керек. НАТО Ооганстандагы тарыхый жүктү моюнуна алды. Мен Ооганстанга жардам көргөзүү боюнча кечээги эл аралык конференциянын конок ээси болгон жана жакында Ооганстанга кошумча күчтөрүн жөнөтүүчү Франциянын президенти Саркозинин жетекчилигин кубаттайм.

Парижде ушул бейшембиде өткөн эл аралык конференцияда АКШ баштаган донорлор Ооганстанда коррупция күч экенине, өлкө апийим өндүрүшүнүн башкы булагы бойдон калып жатканына кабатырлануу билдиришкени менен ага 21 миллиард доллар ажыратууну убада кылышкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG