Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

ЕВРОПА: КОММУНИСТТИК ДООРДУН КЫЛМЫШТАРЫ ЖАЗАСЫЗ КАЛБАШЫ КЕРЕК


Бул күндөрү Чехиянын борбору Прагадагы эл аралык конференцияда Чыгыш Европа өзүнүн коммунисттик өткөнүнө кандай мамиле жасаш керек деген маселе талкууланууда. Жыйындын катышуучулары коммунисттик доордун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/06/EC11C9D1-9F82-4389-8A11-9A7E78242AFB.ASP кылмыштары аны ишке ашыргандар жазаланбай калып жатышы менен тарыхтан жоголуп кетүүсүнө жол бербөө зарылдыгын белгилешти. Ага катар коммунисттик доордун кылмыштары макамы жагынан адамзатка каршы кылмыш менен теңештирилиши керек деген сунуштар айтылды.

Прагадагы конференция "Европанын абийири жана коммунизм" деген ат менен өтүүдө. Коммунисттик доордун кылмыштарына адамзатка каршы кылмыш деген макам ыйгарылышын конференциядагы сөзүндө Европа парламентинин чехиялык мүчөсү Янна Хубашкова көтөрдү. Мындай макам кылмыштын сотто каралуу мөөнөтү качан болсо да эскирбейт дегенди туюндурат.

Европарламент депутатынын пикиринде, коммунизм адамзатка каршы кылмыш деген аныктамага шайкеш келип олтурат. Себеби ал доордо да "жумушчуларды эзүү, депортация, саясий же диний жүйөөдөн улам" өлтүрүүлөр болгон.

Ал эми чехиялык сенатор, конференцияны уюштургандардын бири, 1980-жылдардын соңунда студенттик кыймылдын лидери болгон Мартин Мейстриктин айтымында, Европанын кырк жылга созулган коммунисттик доордон жаралангандары менен мындайды башынан өткөрбөгөн өлкөлөрү арасында психолигиялык айрымачылык бар:

-Батыш Европа бул маселе эмне үчүн маанилүү экенин түшүнмөйүнчө, коммунизм нацизм сыяктуу эле кылмыштуу иделогия экенинин аңдап-билүү маанисин түшүнмөйүнчө, Европа бириге албайт.

Конференциянын дагы бир катышуучусу, Тоталитаризмди изилдөө боюнча чех институтунун орунбасар директору Мирослав Лехинин пикиринде, саясий айыпкерлерди куугунтуктоо, батышты көздөй жер которууга аркеттенгендерди аткандык адамзатка каршы кылмыш ирээтинде бааланышы керек.

Расмий статистика боюнча Батыш тарапка өтүп кетүүгө аракеттенип жаткан учурунда мурдагы Чехословакиянын өзүндө эле 560 адам каза тапкан, дагы 10 миңдейи концлагерде мерт болгон, 250 миңдей киши саясий жүйөөдөн улам абакка кесилген.

Орусиялык журналист, мурдагы диссидент Александр Подрабинек "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде өткөндөгү адилетсиздикти жаап-жашыруу аракетинин социалдык коркунучтары бар экенин Орусиянын мисалында айтты:

-Бүгүнкү Орусияга өтө мүнөздүү көрүнүш – ишмердүүлүктүн бардык чөйрөсүндө эркиндиктин талаасын ичкертүү. Бул прессага да, саясий партияларга да тийиштүү. Мениче бул Орусия өзүнүн коммунисттик өткөнүн олуттуу деңгээлде аңдап-биле электигинде, коммунизмди айыптабаганында, коммунисттик баалуулуктар али жашап, адаттагы эле көрүнүш катары эсептелинип жатканында.

Европанын деңгээлинде тоталитардык эки идеологиянын: коммунизм менен нацизмдин "укмуштарын" эстен чыгарбоо менен алектенүүчү институт түзүүгө чакырган кайрылуу Прагадагы конференциянын жыйынтыктоочу документи болот.

Ал эми Чехиянын мурдагы президенти Васлав Гавел өз сөзүндө Евробиримдикти азыр да коммунисттик система астында жашаган адамдардын укугун коргоодо жигердүүрөөк болууга үндөдү. Гавелдин көз карашында, Европа коммунизм менен нацизм жана алардын кесепеттери үчүн өзгөчө жоопкер. Анткени аталган эки система тең биринчи кезекте Европада орногон.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG