Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

П.СПРАТЛЕН: “ГАНСИ” БАЗАСЫНЫН ИШИ ӨТӨ МААНИЛҮҮ


Кыргызстан “Миң жылдыктын чакырыктары” программасына кирүү боюнча АКШ өкмөтү менен өткөн жумада келишимге кол койду. Бул окуянын алкагында Бишкекке АКШнын Мамдепартаментинин расмий өкүлү Памела Спратлен келген. Спратлен айым бүгүн жергиликтүү журналисттер менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.

АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү «Миң жылдыктын чакырыктары» программасына Кыргызстанды кошуу тууралуу алгачкы келишимге жетишиш үчүн келген. Ал маалымат жыйынында да ушул маселеге көбүрөөк токтолду. Азырынча кабыл алынган келишимди “босого программа” деп коюшат. Башкача айтканда, бул сынак иретинде иштей турган этап катары түшүндүрүлдү. Ал эки жылга созулат да, анын иши үчүн өлкөгө 16 миллион долларга жакын акча бөлүнөт. Мунун баары сот системасын жана тартип коргоо органдарын реформалоого, аларда коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө жумшалаары айтылды.

Жуналисттерди Кыргызстан менен АКШ ортосунда коопсуздук жаатындагы кызматташуу, атап айтканда, “Манас” авиа базасынын ишине байланыштуу суроолор көбүрөөк кызыктыргандай болду. Соңку күндөрдө базанын ишине нааразылык билдирген акциялар тууралуу суроо берип жатып, Спратлен айым бул өңдүү демонстрацияларды уюштурууга ар бир кыргызстандык жарандын конституциялык укугу бар экенин белгилеп өттү.

- Биздин азыркы максат – кыргыз коомчулугу “Ганси” базасынын ишинин канчалык маанилүү экенин түшүнүшү үчүн кыргыз өкмөтү менен тыгыз кызматташуу. Ошого карабай мезгил-мезгили менен нааразылык акциялары өтүп жатат. Биз үчүн маанилүү нерселердин бири – жарандардын нааразылык билдиргенге да конституциялык укугу сакталып калышы керек. Ошондуктан бир эле учурда биз адамдардын конституциялык укугунун да сактылышын камсыз кылганга жана аткарып жаткан иши өтө маанилүү “Ганси” базасынын да туруктуу иштешин камсыздаганга аракет кылып жатабыз, - деди Мамдепартаменттин өкүлү.

Ошол эле учурда азыр кыргыз өкмөтү да, АКШ элчилиги да “Ганси” авиабазасына карата коомдук пикирди өзгөртүүнүн үстүндө иштеши керек деген оюн айтты ал.

“Мына ушул демонстрацияларды уюштуруп жаткандарды ойлонткон башкы маселе – “Ганси” базасы канча убакытка чейин иштейт? Аларга АКШ өкмөтүнүн жоопбу кандай болот?” деген “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, Спратлен айым АКШнын расмий өкүлдөрүнүн буга чейинки жообу менен чектелди.

- 2005-жылы АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс Кыргызстанга келгенде, ал кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен стратегиялык келишимге кол коюшкан. Анда Кыргызстан өзүндө “Ганси” базасын иштетээрин жана бул анын глобалдык терроризмге каршы күрөштөгү салымы болоорун ырастаган. Мындагы башкы маселе Ооганстандагы терроризмге каршы күрөштө ийгиликке жетүү канча убакытты талап кылаарына байланыштуу. Декабрда болсо президент К.Бакиев мамлекеттик катчы менен келишилген макулдашуудагы милдеттенмелерине мындан ары да канча зарыл болсо, ошончо убакытка чейин карманаарын билдирди. Андыктан, биз азыр деле 2005-жылкы келишимдин негизинде иштеше беребиз. Анткени базанын иши өтө маанилүү. Эч ким бул жерде түбөлүккө калайын деген ниети жок. Эң негизгиси – Ооганстанда ийгиликке жетүү.

Айта кетүүчү дагы бир жагдай – АКШ азыр Кыргызстан менен “Миң жылдыктын чакырыктары” программасына кол коюп жатканда, Вашингтондо айрымдар “Декабрдагы парламенттик шайлоонун кандай өткөнүн эске алганда, азырынча Кыргызстанга мындай колдоо көрсөтүү эртелик кылат го” деген ойлорун билдиргенин айтты. Бирок Спратлен “АКШ өкмөтү дале Кыргызстандын демократиялык жолго карай багыты түз экендигине ишенээрин, ошондуктан Вашингтон расмий Бишкек менен кызматташтыгын мурдагыдай нукта уланта берээрин билдирди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG