Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ: БИЙЛИККЕ СЫН АЙТУУ-АТУУЛДУК ПОЗИЦИЯ


Кубанычбек Жолдошев, Ош “Азаттыктын” маектеши - Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев.

- Жантөрө мырза, өлкөнүн бир катар аймактарында бийликке карата нааразылык чаралары башталып жатат. Ош жергесиндеги жалпы коомдук-саясий кырдаалга токтолуп өтсөңүз?

- Бүгүнкү кырдаал кудайга шүгүр, Ош жергесинде акыбал жайында. Эл бүгүн жазгы талаачылык жумуштар менен эмгектенип атат. Эртеден бери бардык райондордун башчылары менен, айыл өкмөттөрдүн башчыларын жеке чакырып акыбал кандай деп сүйлөшүп чактык.

- Жергиликтүү бийликтин күчү менен бириккен фронттун Оштогу штабы жаптырылды дешет. Бул Акаев режиминин тажрыйбасын кайталоо эмеспи?

- Бириккен фронттун офистерине киргендер өздөрүнүн саясий көз караштары туура келбеген партиялардын кылган иштери. Аны эч качан облустук бийлик кылган жок.

- Көптөгөн бийликчил саясатчылар митинг-пикеттерди коркунучтуу көрүнүш катары сүрөттөшүүдө? Бул багыттагы сиздин саясий көз карашыңыз кандай?

- Мен кыргызстандыктардын толеранттуу экенин 8-9-ноябрь айында Бишкекте өткөн чоң митингден көрдүм. Биз эч кимсиз, коңшу-колоңдорго уят болбой, өзүбүздүн маселебизди өзүбүз чечкен адамдардын санына киребиз. Мен ойлойм бул жолу да ошондой эле иш болот деп. Борбордук Азия боюнча демократия жагынан бирден бир алдыга жылган өлкөбүз. Биздин бийликте туруп бийликти сындаган, же оппозицияда туруп оппозиция бирдиктүү болбогону бул демократиялык көрүнүш. Мындан эч качан коркпошубуз керек. Биздин коомубуз тазаланып бараткан белги деп ойлойм. Кетип калган кишиге эмес, бийликте турган кишиге сын айтуу бул атуулдук позиция.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG