Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

“РЕФОРМА ҮЧҮН” КЫЙМЫЛЫ: КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН БИЛДИРҮҮСҮ - КОРКУТУП, ҮРКҮТҮҮ


Бүгүн президент Курманбек Бакиев парламентке келип, өлкөдөгү түзүлгөн кырдаал боюнча билдирүү жасады. Президент өз билдирүүсүндө өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга парламент күнөөлүү экенин айтып, бүгүнкү Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жогорку Кеңештин тагдыры караларын билдирди. Бирок, түштөн кийин өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жогорку Кеңеш тууралуу чечим кабыл алынган жок. Эми жыйындын уландысы кийинки жылы болмокчу. Өлкө башчысынын мындай билдирүүсү “Реформа үчүн” кыймылына кирген депутаттардын нааразылыгын жаратып, муну бийлик тарабынан жасалып жаткан коркутуп-үркүтүү катары баалашты.

Бүгүн президент Курманбек Бакиев парламентке келип, өлкөдөгү түзүлгөн кырдаал боюнча билдирүү жасады. Президент өз билдирүүсүндө өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга парламент күнөөлүү экенин айтып, бүгүнкү Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жогорку Кеңештин тагдыры караларын билдирди.

Бирок, түштөн кийин өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жогорку Кеңеш тууралуу чечим кабыл алынган жок. Эми жыйындын уландысы кийинки жылы болмокчу. Өлкө башчысынын мындай билдирүүсү “Реформа үчүн” кыймылына кирген депутаттардын нааразылыгын жаратып, муну бийлик тарабынан жасалып жаткан коркутуп-үркүтүү катары баалашты.


Президент Курманбек Бакиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын конституциясынын жаңы редакциясы жакшылап ойлонулбай кабыл алынгандыктан, бир катар укуктук карама-каршылыктарды жаратканын айтты.

Өлкө башчысы депутаттарды жаңы мыйзамдык укуктарга ээ болгондугуна карабай, бүгүнкү күнгө чейин өлкөнү өргө сүйрөй турган саясий жана экономикалык мыйзамдарды кабыл алгандын ордуна, кызматтарды бөлүшүү менен алектенишкени үчүн айыптады. Ошондой эле ал жаңы жыл келип калганына карабай келерки жылдын бюджети дайынсыз экенине, салык жана бажы кодекстерине оңдоп-түзөтүүлөр кирбегенине, өкмөт жана саясий партиялар тууралуу мыйзамдардын кабыл алынбаганына депутаттардын түздөн-түз күнөөсү бар экендигин баса белгиледи. Ошол себептүү ал бүгүнкү Коопсуздук кеңешинин жыйынында парламенттин тагдыры карала турганын айтты:

- Мен жашырбайм. Биз бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жогорку кеңештин кийинки тагдыры тууралуу кандай чечим чыгаруу керектигин карашыбыз керек. Менимче, эгер шайлоо болсо бул жерде отурган депутаттардын көбү калыптанып калган саясатчысыздар. Эл сиздерди сыйлайт, жаңы парламентке келесиздер, - деди Курманбек Бакиев.


Бирок, Коопсуздук кеңеши бул жолку жыйынында Жогорку Кеңеш тууралуу эч кандай чечим кабыл алган жок. Коопсуздук кеңеши жыйындын уландысын кийинки жылдын январь айында улантмакчы болуп тарап кетти.

Жогорку кеңештин дептутаты Азимбек Бекназаров болсо президенттин бүгүнкү билдирүүсүнөн кийин өлкөдө эрте президенттик шайлоо өткөрүү сунушун киргизди:

- Президенттин бүгүнкү келгени коркутуп-үркүтүү. Корко турган эч нерсебиз жок. Өзү корксун, шайлоо өткөрө албайт. Шайлоо дайындап көрсүн. Ошондуктан мен токтом киргизгем, президенттин эрте шайлоосун биз дайындап коелу,- дейт Бекназаров.

Ал эми депутат Өмүрбек Текебаев, президент Жогорку кеңешти тарата албайт деген ойдо. Анткени, бүгүнкү Коопсуздук кеңеши конституцияга каршы болуп калды:

- Тарата албайт Жогорку Кеңешти. Өкмөтүн кошуп туруп тагдырын биз чечип коебуз мобул жерден. Коопсуздук кеңеши антиконституциялык. Анын мүчөсү өзү, өкмөт мүчөлөрү. А өкмөт мүчөлөрү жок, милдетин аткаруучу болуп жүрүшөт. Мыйзам дейт, айткандарынын бардыгы жалган.

Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл аланышы үчүн добушун берген депутат Акматбек Келдибеков, парламенттеги төрт саясатчыны угуп жүрүп экономика ушул абалга жеткенин айтты. Ал айрым депутаттардын президенттин сөзүнөн саясат жасап жатышкандарына нааразы болду:

- Саясат, саясат деп жүрүп эмне болдук. Азыр дагы саясатты баштап атасыңар. Мына төрт саясатчыны угуп жүрүп экономика бүгүнкү күнгө келди. Экономиканын өспөгөнү, бардыгы ушул саясаттын негизинен келип чыгып отурат деди Келдибеков.

“Реформа үчүн” кыймылынын координатору Өмүрбек Абдрахманов, президенттин бүгүнкү билдирүүсү тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Келип алып илгерки колхоздун башкармаларындай болуп коркутуп-үркүтүп, минтип ийем, антип ийем деп, жанагы кеңешке салып коем силерди дейт. Ал жөн эле советтик системадан калган оору, - дейт Өмүрбек Абдрахманов.

Президент Курманбек Бакиевдин кезектеги Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү чоң талаш-тартыштарды жаратты. Айрым адистер Коопсуздук кеңешинин келерки 2007-жылдын январында өтө турчу жыйынында, Жогорку Кеңешти таркатуу маселеси негизги планга чыгарын божомолдой башташты. Бул өз кезегинде өлкөдөгү абалды кайрадан курчутуп, жаз айларын утурлай саясий кризис болушу мүмкүн деген пикирлер айтылууда.

XS
SM
MD
LG